ӨНДҮРҮШ ЭКОНОМИКАНЫН ЛОКОМОТИВИ

“КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ” ЭГЕМЕНДҮҮ ӨЛКӨ БОЛГОНУБУЗДАН БЕРИ БИРИНЧИ ЖОЛУ 126 000 ТОННА МУНАЙ ӨНДҮРДҮ

Кыргыз Республикасында мунай жана газга чалгындоо жумуштарынан тарта газды жана мунайды өндүрүү, газ жана мунай продукцияларын кардарларга сатууга чейин бардык баскычтарды камтыган жападан жалгыз ишкана болуп “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому саналат.

2018-жыл “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому үчүн ийгиликтүү жыл болду. Жылдын башында алдыга коюлган өндүрүштүк пландар ашыгы менен аткарылып, техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр мурунку жылдарга караганда кыйла жогорулаган. Мындай ийгиликтер чоң эмгектин арты менен келип отурат. Эки жарым миңге жакын жумушчусу бар “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому алдыга койгон максатты ишке ашырууда бир муштумдай түйүлүп, бир тилек, бир билек болуп, өндүрүштүн үстүндө гана иш алып барып жатканынын жыйынтыгы ийгиликтер менен коштолуп жатат. Ишкананын 85 пайызына мамлекет ээлик кылгандыктан, “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Рашит Бостонов “Мамлекеттик саясатты гана колдоп, өз ишибизди туура, так аткарып, бюджетке киреше алып келишибиз керек! Өндүрүш болгон жерде саясат четке сүрүлүп, эмгек биринчи орунда болушу зарыл!” деген багытты тандаган. Республикалык бюджетке ири киреше алып келген саналуу ишканалардын бири дал ушул “Кыргызнефтегаз” ишканасы. Бюджетке ири киреше алып келген ишканада биринчи орунга өндүрүш чыкканда ийгилик көп күттүрбөстөн келерин 2018-жылдын жыйынтыктары бышыктады. Жылдын соңундагы көрсөткүчтөр жетекчилик багыт тандоодо жаңылышпаганын далилдеди. Бүгүн “Кыргызнефтегаз” өткөн жылдагы жетишкен ийгиликтери, техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү менен сыймыктана алат.


ЫНТЫМАК БАР ЖЕРДЕ ИЙГИЛИК ЖАРАЛАТ

“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому 2018-жылы 100 миң тонна мунай өндүрөбүз деп пландаса, жылдын соңунда иш жүзүндө 126 миң тонна мунай өндүрүүгө жетишти. Бул планга салыштырмалуу 126 пайызга жумуш аткарылды дегенди билдирет. Бул жетишкендик геолого-техникалык иштерди, тактап айтканда, бургулоо иштерин, жаңы скважиналарды ишке киргизүү, скважиналарда капиталдык ремонтторду жүргүзүү, скважиналарда ГРП жасоо жана чет элдик инвесторлор менен тыгыз иш алып баруунун негизинде ишке ашкан. Акыркы 10 жылдыкта “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому жыл сайын
70 миң тоннанын тегерегинде мунай өндүрүп келген. Кээ бир жылдары план аткарылбай, артка кеткен учурлар да болгон. Рашит Бостонов бул ишканага жетекчи болуп келгенден бери мунай өндүрүү туура нукка түшкөнүн белгилеп өтүү зарыл. Бостонов жетекчи болуп келген 2017-жылы эле мунай өндүрүү 102,7 миң тоннага чыккан. 2018-жылы болсо бул көрсөткүч андан дагы жогорулады.

Ишкананын кирешесинин өсүшү биринчи кезекте жалпы жамааттын бирдиктүү жана тыгыз иш алып баруусунун жыйынтыгы десек туура болот. Бул ишканадагы саясий интригалар, эмгек жаматтын арасындагы тирешүүлөр экинчи революциядан кийин республикалык деңгээлге чейин көтөрүлгөн эмес беле. Бүгүн андай маселе ишкананын эмгек жамаатынын ортосунда жок. Ар бир жумушчу өз милдетин аткаруу менен алек. Кайсы жерде ынтымак болсо, ошол жерде өсүү болот дегендей, “Кыргызнефтегаз” эмгек жамаатынын бүгүнкүдөй ынтымагы ишкананын өсүүсүнүн биринчи фактору болууда. 2018-жыл үчүн планда товардык продукциянын көлөмү 1 миллиард 966 миллион 292 миң сом деп каралса, иш жүзүндө бул көрсөткүч 2 миллиард 806 миллион 750 миң сомду түзгөн. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырганда 144,6 пайыз өсүү темпи болду дегенди түшүндүрөт. Жалпысынан 2 миллиард 804 миллион 297 миң сомдук продукция сатылып, планда каралган 2 миллиард 11 миллион 582 миң сомдук көрсөткүч 139,4 пайызга аткарылган.

ӨСҮҮНҮ ДАЛИЛДЕГЕН САНДАР

Жылдын жыйынтыгы менен “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому 933 миллион 444 миң сом баланстык киреше тапканга жетишкен. “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коом болуп түзүлгөндөн бери баланстык киреше 933 миллион 444 миң сомго чыккан эмес. Бул көрсөткүч ишкананын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Бүгүнкү күндө ишканада бардык көрсөткүчтөр боюнча оң тенденция байкалып, казып алуу, өндүрүү, кайра иштетүү көрсөткүчтөрү өсүүдө. Мындан сырткары жетекчилик чыгымдарды оптимизациялоого жетишип, ал дагы ишкананын кирешесине оң таасирин тийгизип жатат. Кайсы гана ишкана болбосун таза киреше тапкысы келет. “Кыргызнефтегаз” ишканасы да ар жыл сайын кирешесин көбөйтүүнүн үстүндө.

Маселен, баланстык киреше:

•2016-жылы – 421,8 миллион сом;

•2017-жылы – 652,7 миллион сом;

•2018-жылы – 933 миллион 444 миң сомго жеткен.

Бул көрсөткүчтөр менен ишкананын баланстык кирешеси вектордук багыт менен жогорулап өсүп жатканын байкоого болот.

“Кыргызнефтегаз” акционердик коому жалпысынан бюджетке бир жыл ичинде 919 миллион сомдук төлөмдөрдү төлөгөн. Анын ичинен салыктарга 602 миллион сом төлөгөн. 2017-жылы ишкана салыктарга 492,4 миллион сом төлөгөн болсо, 2018-жылы 110 миллион сомго көп төлөм жүргүзгөн. Социалдык фондго болгон камсыздандыруу төлөмдөрү дагы өз убагында, кечиктирилбестен
192 миллион сом төлөнүп берилген. Бүгүнкү күнгө “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун карызы жок. Бул сөздү белгилеп жатканыбыздын себеби, мурунку жетекчилик учурунда 2017-жылдын башында ишкана Социалдык фондго 35 миллион сом карыз болуп, бул карыздын туумдары 6,6 миллионго өсүп кетип, бул окуя дагы республикалык деңгээлде кандайдыр бир чууну жараткан. Бүгүнкү “Кыргызнефтегаз” мурунку жылдарга салыштырганда алда канча кубаттуу. Акционердик коомдун 85 пайыз акциясына мамлекет ээлик кылгандыктан, мамлекеттик үлүшкө төлөнгөн дивиденддин суммасы да жыл сайын жогорулап баратат. 2018-жылдын көрсөткүчү менен мамлекетке дивиденд катары 125,1 миллион сом төлөндү.

ЖУМУШЧУЛАРГА ТҮЗҮЛГӨН ШАРТТАР, ЖАҢЫЛАНГАН ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАР

Мунайды өндүрүүдө, аны кайра иштетип чыгарууда техникалык база дагы күчтүү болуусу шарт. Техникаларды да тынымсыз жаңылап туруу керек. Бул багытта дагы “Кыргызнефтегаз” акционердик коому бир жыл ичинде алгылыктуу иштерди аткарууга жетише алды. Кочкор-Атада жайгашкан мунайды даярдап жөнөтүү участогунда буу казандар буга чейин көйгөй жаратып келген. Учурунда эки жарым тонналык буу казан иштеп келген болсо, 2018-жылы ага кошумча алты тонналык буу казан курулуп ишке берилген. Баткен облусундагы “Кайрагач” мунай даярдап жөнөтүүчү участогунда бир тонналык буу казан иштеп келсе, 2018-жылы кошумча эки жарым тонналык буу казан орнотулуп иштей баштаган. Буу казандар белгилүү бир өлчөмдө жылуулук берип, мунайды ар кандай суюктуктардан тазалап ажыратып алуу милдетин аткарат.

Автопаркты жаңылоо иштери дагы 2018-жылы унутта калган эмес. Экономикалык көрсөткүчтөр жогору болгондуктан, 2019-жылга жалпы баасы 79 миллион 203 миң 620 сомго жаңы 28 даана техника сатып алуу каралып, 2018-жылы декабрь айында 13 техниканы сатып алуу үчүн тендер өткөн. Өткөн жумада ошол 13 техниканы тапшыруу аземи болуп өттү. Жаңы сатылып алынган техникалардын баасы 16 миллион 505 миң сомду түзөт. Техникалардын жаңыланышы өндүрүштү өркүндөтүүгө, жумушчулардын жумушун жеңилдетип, аларга жакшы шарттарды түзүп берүүгө өбөлгө болот. “Кыргызнефтегаздын” бүгүнкү жетишкендиктери ал жерде күндүн ысык-суугуна карабай, күн-түн дебей иштеп келаткан жумушчулардын эмгеги. Ушул эмгекти татыктуу баалоо жетекчинин негизги милдеттеринин бири эмеспи. “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Рашит Бостонов алгачкы күндөн баштап эмгек жамааттын кызыкчылыгын жогору коюп, аларга жакшы шарт түзүү үчүн болгон аракетин көрүп жатканын унутпай айтып кеткенибиз оң болор. 2019-жылдын 1-январынан баштап жумушчулардын айлык маянасы 15 пайызга көтөрүлдү. Муну жөнөкөйлөтүп айтканда, 31 миң сом айлык алган жумушчулардын маянасына жыл башынан баштап 5 миң сом акча кошулуптур. 2017-жылдын жыйынтыгы менен эмгекчилерге 2018-жылы 60 миллион сом сыйлык (он үчүнчү айлык) төлөнүп берилген. Жумушчулардын өз жумушуна болгон кызыгуусун арттыруу, эмгектин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында башкармалыктын чечиминин негизинде “квартальное питание” үчүн
31,6 миллион сом төлөнгөн. Мындан сырткары да кошумча эмгек акы, сыйлыктар да берилип турат. Биринчи орунга эмгек жамааттын кызыкчылыгы коюлуп, аларга жакшы шарттар түзүлүп жаткан соң “Кыргызнефтегаздагы” ынтымак ар дайым бекем болот деп ишенимдүү айтканга болот.


КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ, ЭЛЕТКЕ БУРУЛГАН КӨҢҮЛ

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков приоритеттүү багыт катары аймактарды өнүктүрүү экенин белгилеп, өзүнүн президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин элет жерине өзгөчө көңүл бура турганын билдирген. Президент алгачкы ирет Коопсуздук кеңешинин жыйналышын өткөргөндө тамырын кенен жайган коррупция, уурулук менен аёосуз күрөш жүрө турганы анык болгон. Ошондон бери элдин ырыскысына, мамлекеттин бюджетине суук колун салгандар өз жазасын ала баштады. Быйылкы жылды да президентибиз Сооронбай Жээнбеков өз жарлыгы менен Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялаган.

“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому да президенттин демилгесин колдоп, аймактарды өнүктүрүү, коррупция менен күрөш жүргүзүүдө бир топ алгылыктуу иштерди жасап жатат. Кочкор-Ата шаарына жакын жайгашкан айылдарды жаратылыш газы менен камсыз кылуу үчүн атайын 6 долбоор иштелип чыгып, максаттагыдай ишке ашырылган. Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу Бостон, Көп-Там, Коммунизм участкаларында 550 абонент толук жаратылыш газы менен камсыз болсо, Кочкор-Ата шаарынын айланасындагы Семетей, Келечек, Сере Раззаков, Сумсар, Бабур көчөлөрүндө 157 абонентке газ түтүкчөлөрү тартылып, көгүлтүр от киргизилген. Жалпысынан 707 үй-бүлөгө жаратылыш газы жеткирилген.

“Кыргызнефтегаз” коррупция менен күрөшүү ишин комплекстүү алып барууда. Ишканада экономика менен тартип бирдей каралып жаткан мезгил. Ишкананын бюджетин сарамжалдуу пайдаланбаган жетекчилер алгач эскертүү алышып, андан натыйжа чыгарбаса кийинкисинде татаал чаралар көрүлүп жатат. Өндүргөн продукцияны уурдагандар менен дагы аёосуз күрөш жүрүүдө. Мурун “Кыргызнефтегазда” мунай уурдоо кылмыш иштеринин бети ачылмак турсун, мындай иштер элге белгисиз бойдон кала бергенин көпчүлүк билет. “Кыргызнефтегаздын” Кочкор-Атадагы мунайды чогулткан кампасынан Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү заводго мунай жеткизген түтүктөрдү тешип, кара майды уурдап, авто унаага куюп жаткан жеринен чоң кылмыштуу топту ишкананын коопсуздук кызматы күн-түн дебей иштеп кармоого аракет кылганда, уурулар автоунаасын таштап качып кетишкен. Милиция ишкананын аракетин колдоп, мамлекетке зыян алып келип жаткан ууруларды ыкчам кармабастан, качан гана “Кыргызнефтегаздын” жетекчилиги, коопсуздук кызматы коомчулукка, президентке кат аркылуу кайрылганда гана уурулар таштай качкан автоунаанын айдоочусун кармашкан. Бул иш боюнча иликтөө иши жүрүп, райондук сот процессинде кармалган адам өз күнөөсүн моюнуна алып, 6 жылга эркинен ажыратылган.

Бүгүн “Кыргызнефтегаздагы” коррупция, уурулук менен күрөшүү жаңы этапка чыгып отурат. Ишканага таандык мекемелерге, мунай өндүрүүчү участоктордо, адырдагы скважиналарга, жолдорго, өткөрмө пункттарда, мунайды сактоочу кампаларга онлайн түрүндө көзөмөлгө алып турчу видеокамералар орнотулуп иштей баштады. Бул уурулукка жол бербей, мунай өндүрө турган, сактала турган жерлерге адам факторун аралаштырбай, техниканын жардамы менен тыкыр көзөмөлгө алуу аракети болуп саналат. Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү заводго чейинки түтүктөр дагы күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынган. 2018-жылдагы ишкананын кирешесинин көбөйүшү жетекчилик тараптан тартип катуу коюлуп, мамлекеттин, элдин байлыгын алкымы жамандарга жедирбей, өлкө казынасы үчүн иштеп жатканынын далили.

Ибрагим Жусуев

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 853, 7-13-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан