Таалайкан Абазова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ЖОЛДОШУМ МИНИСТРЛИК КЫЗМАТТАН КЕТКЕНДЕ АСКЕРДЕН КЕЛГЕНДЕЙ ЖЕҢИЛДЕДИК»

Биздин заманда эл көзүндө жүргөн адамдын жөнөкөй болушу сейрек кездешет эмеспи. Маектешим менен жүздөшкөндө анын табигый сулуулугуна баа берип, жөнөкөйлүгүнө суктандым. Өзү таанымал актриса, мурдагы маданият министри, режиссёр Алтынбек Максүтовдун жубайы, үч баланын апасы. Туура таптыңыз, кеп актриса Таалайкан Абазова тууралуу болуп жатат.

– Таалайкан айым, байкашымча, терең образдарды жаратасыз. Роль тандайсызбы?

– Биринчиден, адамга кылып жаткан иши жагышы керек. Мен тартылган тасмаларды таланттуу режиссёрлор тартты. “Кентавр”, “Сүтак”, “Свет аке”, “Асман алдында”, “Таранчы”, булардын баары жакшы деген баа алып жаткан тасмалар. Аларды тарткан режиссёрлорду начар тасма тартпайт деп ойлойсуң. Экинчиден, сценарийине көңүл бурам, “менден талап кылып жаткан нерсени жеткире ойной аламбы?” дейм. Менимче, бул тандоо эмес, анализ жасоо. Бул жаш режиссёрлор тарткан тасмага такыр тартылбайт дегендик эмес. Кээде дипломдук иштерге акча албай деле тартылам.

– Устат-шакирт сыяктуу сизди бул жаатка багыттаган бирөө болгонбу?

– Кыргыздын залкар актрисалары Таттыбүбү Турсунбаева, Бакен Кыдыкеева, Жаркын Балыкбаеваларды теледен көрүп, алардын сүрөттөрүн чогултуп таасирленгем. Кино дүйнөсүнө биринчи алып келген Молдосейит Мамбетакуновдун “Өзөктөгү өрт” тасмасы болду. Анда жашоодогу ачуу чындык тартылган эле, агасы карындашын баңгизаты үчүн сатып жиберет. Кыз качып көп кабаттуу үйдөн боюн таштайт. Режиссёр мага "жүткүнүп эле кой, алдынан тартабыз" деген. Кийин тасманы көрсөм, чачтарым жайылып, укмуш болуп учуп келе жатам.

Устат катары мени менен тыгыз иштешкен деле эч ким болгон жок. Бирок мен таасирленген актрисалардын бири Бакен Кыдыкеева болду. Биринчи жолу айылдан жаңы келип, актрисалык жолго багыт алганымда Бакен эже мага монолог айттырды. Тизелеп отуруп алып “Ажардын” монологун айтып жатканымда далымдан сүйөп, “Мандайың жарык экен, бактың кинодон ачылат” деген эле. Азыр ойлосом, мага бата берген экен. Москвадан окууну бүтүп келгенде Искендер Рыскулов мени Кыргыз драма театрына алып калды. “Ромео жана Жульетта” драмасында Жульеттанын ролун аткарып калдым. Гримдөөчү бөлмөдө отурсам Бакен эже кирип келип, “Жульеттаны аткарып жаткан сенсиңби?” деди. “Ооба” десем, “убагында бул ролду мен аткаргам, билесиңби, кыргызча угулсун үчүн Ромео эмес “оо, Ромео” деп сүйлөчүмүн” деп монологду толугу менен айтып берди. Эже ал учурда бир аз кыйналып жүргөн экен. Абалына аябай жүрөгүм ооруган эле.

– 1990-жылдарда кинодо жана театрда тыныгуу өкүм сүрбөдүбү, ошол учур сиздерге кандай таасир берди?

– Эрнест Абдыжапаровдун "Таранчы" тасмасына тартылып калдым. Кинолор тартылбай токтоп калганда кыска метраждуу тасмаларга тартылдым, балким, ошондуктан мага кыйынчылык билинбей калды окшойт. Багыбызга жараша, жакшы мугалимге туш келдик. Окууну бүткөндөн бир жылдан кийин Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрга келдик. Арсен агай өзү актёр, күчтүү мугалим, мыкты уюштуруучу болчу. “Курсагың ачып турса, кайдагы чыгармачылык?” деп алгач акысыз жатакана менен камсыз кылды. Кийин анын жардамы менен бир бөлмөлүү үйлүү болдук.

– Демек, чыгармачылыкта да, жеке жашооңузда да жолуңуз ачык болгон экен...

– Ооба, ал жагынан жолдуу болдум, жолдошум экөөбүздүн кесибибиз бир. Жолдошум Алтынбек Максүтов актёр, режиссёр. Түшүнүгү бийик адам. Элдин баары эле биздин жашообузга кызыгышат. Бирок кызыга турган деле эч нерсе жоктой, жашообуз үй-бүлөнүн ынтымагы үчүн көп аракет кылган жубайлардай эле. Менин эмгектерим жолдошумдун сынынан өтсө, анда баары жакшы деп жеңил дем алып калам. Ал дагы мага “келип көрүп кетчи” деп калат, мен да оюмду айтам. Бири-бирибизге күзгүбүз.

– Кино учурунда ыңгайсыз эпизоддордон кантип өтөсүз?

– “Свет аке” тасмасында Актан Арым Кубатты дагарага салып жуунтуп жаткан жерди айтып жатат окшойсуң. Бул биздин таап жаткан наныбыз, ролдогу каарман ошентүүгө тийиш болсо, кыласың. Оператордун сыртка чыгып туруусун, бөлмөдө эч ким калбашын өтүнгөнүм эсимде.

– Жолдошуңуз сизди “менден сулуу жана таланттуу” деп айтыптыр интервьюсунда, бул сизге жагымдуу болсо керек?

– Ошондой дептирби (таң калып)? Мени ошентип көтөрмөлөй берет. Мен ойлойм, тескерисинче, анын жүзү кызыктуу. Өзү да “сенин жүзүңдө токтой турган нерсе жок, меники быдыр-быдыр болуп көңүл бурулат” деп тамашалап айтып калат. Кеп сулуулукта эмес, чынында, кылган ишинде, мүнөзүндө, сөзүндө сулуулук бар. Казган сайын казгың келе берген адам. Эмне тууралуу сүйлөсө кызыктуу айтып берет.

– Сынга кандай карайсыз?

– Сындын бир жагы коркунучтуу, экинчи жагы кызыктуу. Ролумду кандай кабыл алат дегендей кооптонуу, бирок ошол эле учурда жараткан образым жактыбы деген кызыгуу болот. Эгерде сын айтпаса өзүңдүн кемчилигиңди билбейсиң. Туура сын керек. Мурунку муун кабыл алат деп ойлойм, кийинки муундун сын-пикирди кабыл алуусу оор. Аларда “мен баарынан кыйынмын” деген нерсе көбүрөөк байкалат.

– Ырчы Нуриза Абазова бир тууган сиңдиңиз эмеспи, анын ырдап калганына сиз таасир берсеңиз керек?

– Атам менен апам дарыгерлер. Чоң атам жамакчы болгон экен, өнөр ошо жактан өткөн болуш керек. Мен индия бийин бийлеп, мектепте бир нерсе аткара коюп жүрчүмүн. Нуриза таасирленгенби, ал дагы бир карасам эле ырчы болуп кетиптир (күлүп). Болбосо орус тили мугалими болом деп жүрчү. Кийин иним да биздин жол менен кетти (ред.: актёр Чыңгыз Абазов). Негизи апам аябай шайыр адам, тойлорго тамада болуп кетмейи бар. Апамдын шатыра шатман мүнөзү Нуризада бар, мен атамды тартып калган окшойм, тартынчаакмын. Тасмаларда ырдаган эпизоддор бар, үнүмдү жаздырсам деп коём, бирок жалкоо окшойм. Негизи ишке аша элек нерсени көп айткым келбейт.

– Балдарыңыз тууралуу айтып кетсеңиз...

– Улуу кызым Айжан студент, режиссёрлукка кызыгуусу бар.Уулум болсо 6-класста, мектептеги ийримдерге активдүү катышып калат, кичүү кызым деле ошондой. Азырынча артист болобуз деп эч кимиси айта элек.

– Кандай келинсиз?

– Эрке келинмин (күлүп). Кайненем “келин жаман эмес, келген жери жаман, биз жакшы болушубуз керек” деп көп айтчу. Алар жакшы кабыл алгандыктан тез эле көнүп кеттим. Артист деп апам мага көп бонус кылат. “Менин келиним эле кыла береби? Сен мунуңду эле кыла бер” деп айылга барганыбызда мага жеңил иштерди тапшыра калып жүрүп үйрөттү. Тез эле сиңишип кеттик.

– Жолдошуңуз министр болгондо, кийин кызматтан кеткенде кандай кабыл алдыңыз?

– Алтынбек актёр болуп жүрүп маданият министри болуп калды. Келин жаңы үй-бүлөгө келгенде кыйналгандай эле, ал дагы башка чөйрөгө аргасыз көндү. Аял кишинин колунан келгени сырткы келбетин кароо экен. Аны менен кошо министрликке барып иштебегенден кийин башка жардам деле бере албайт экенсиң. Эл галстугу кыйшайып калса деле айтышат тура, ошол жагынан жардам берип жаттым. Галстук тагынып, костюм кийгенге кийин көндү. Өзүңдүн адамың теледен чыгып сүйлөп жатса толкунданып, сыймыктанат экенсиң. Министрликтен кеткенден кийин ага да, мага да жеңил болуп “өх” дедик. Аскерден келгендей эле жеңилдедик (күлүп). Алтынбек өзү да “ал жактан канча жумуш кылса деле көрүнбөйт экен, чыгармачылыкта бир иш кылсаң элге дароо көрүнөт” деп калчу. Бул биздин жашообуздагы кызыктуу, түйшүктүү тилке болду окшойт.

– Маегиңизге рахмат, эми тасмада, театрда ийгилик тилкеси болушун каалайбыз.

"Кентавр" тасмасынан.
Актрисанын жаш кези.
"Алтынбек казган сайын казгың келе берген кызыктуу адам".

Нуржамал Жийдебаева
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
katerina.li
2019-03-11 09:06:03
Куйоосунун министр болгонун айтып тугото албайт. Ар бир маекте кыпчып отот. Актрисалык жагын айтсам ,ото таланттуу деп айталбайм,так на любителя.
-21
jemile
2019-03-11 11:45:48
katerina.li,Журналист сурап атса айтатда, мактанып айтканын көргөн жокмун, таланттуу эле актриса, бар болуңуз!!!
+25
Nurgazy80
2019-03-11 12:57:27
katerina.li,сенин Ырыс Жоомартова эжеңе караганда 100 эсе күчтүү актриса
+29
katerina.li
2019-03-11 19:50:32
Nurgazy80,ырыс жоомартова озуно эле буюрсун
+6
Ulantay
2019-03-12 15:36:28
katerina.li,Сиз биринчи ушул эжече роль жаратып анан сындасаңыз!!! Мышык майга жетпей уфф сасык болбой
+7
mela
2019-03-11 16:28:52
Кызы аябай татынакай!!!Гульнур Сатылганлванын клибинде тартылган,суйкумдуу кыз!!!
+11
Zaina
2019-03-15 23:52:01
mela,ахахаха, ошол кызбы? Эстедим, ал да министрдин кызы экенимди эч ким билбейт деп элге жайып интервью берген:-)
-1
Aiymkunumjyldyzym
2019-03-11 22:50:39
Apasy menen choguu bolnisaga jatkanbyz,Kelip turchu,oto jonokoi eje.Apasy kyzyktuu okuialaryn kop aityp berchu,ugup ele oturgun kelet.Kainenesi da oto sonun adam.Biri birine top keliwken ui bulo,eki duinodo ten baktyluu boluwsun,
+9
Nurdinur
2019-03-11 22:54:51
Максутовго куйоо бала болсомбу. Кызыл канчанчы жылкы
+1
Nurdinur
2019-03-11 22:57:26
Куйоо бала кылат бекен а мени
+1
Skarlett-Skarlett
2019-03-12 16:58:13
Жакшы уй було экен,мага жагат.
0
Umkamiss1111
2019-03-13 01:39:12
Супер
0
Arzu.kg
2019-03-13 21:11:32
Таланттуу, жонокой сонун актриса!!! Жогоруда айткандай Ы.Жоомартовага караганда 1000эсе ойдо, ал деле журбойбу эч таланты жок...
+4
№ 853, 7-13-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан