ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ КЫМБАТ УНАА ӨЗ ЭЭСИН ТАПТЫ
"Бугатти" француз унаа компаниясы Bugatti La Voiture Noire дүйнөдөгү эң кымбат унааны 5-март күнү Швейцариянын Женева шаарында эл алдына тартуулады. Бул унаа 11 миллион еврого бааланган. Максималдуу ылдамдыгы – саатына 420 чакырым. Учурда ал унааны сатып алган адамдын аты атала элек.