АСЫЛ ТУКУМ БУКАЛАРДЫН ПОРОДАЛАРЫ

Убакыт өткөн сайын эл малдын санына эмес, сапатына көңүл буруп, асыл тукум породалуу уй, букаларды багууга өтүшүүдө. Чынында эле эт, сүттү аз берүүчү 2-3 уйга караганда этти же сүттү көп берүүчү 1 малды багуу экономикалык жактан пайда, түйшүгү да аз. Учурда киреше булагына айланган букалардын породалары кайсылар?


«БУКАЛАРДЫН СҮТ, СҮТ-ЭТ,
ЭТ БАГЫТЫНДАГЫ ПОРОДАЛАРЫ БАР»

Шаршен Чотонов, Жайыт, мал жана балык чарба, жайыт илим-изилдөө департаментинин башкы адиси:

– 2013-жылы жергиликтүү малдардын асылдуулугун жакшыртуу максатында Америкадан сүт багытындагы швиц, эт-сүт багытындагы симментал, эт багытындагы абердин-ангус породасындагы өндүргүч букалар жана абердин-ангус породасындагы кунаажындар алынып келинген. Ага чейин Кыргызстандын илимпоздору уйлардын сүт багытындагы ала-тоо, олуя ата, эт багытындагы абердин-ангустун кыргыз породасын чыгарышкан.

Өлкөдө сүт-эт багытында төмөндөгүдөй породадагы өндүргүч букалардын уруктары пайдаланылууда:

Сүт багытындагылар:

Швиц, ала-тоо, голштин, олуя ата.

Ала-Тоо породасы эт-сүт багыты айкалышкан порода жана өлкөнүн бардык аймагында багылат. Бул породадагы буканын уругунан чыгарылган уй 1 жылда 4000-5000 килограмм сүт берет. Эркек торпоктор чоңоюп, бука болуп жетилгенде салмагы 850-1000 килограммга жетет. Торпогу туулганда салмагы 37-40 килограммда туулуп, 12 айында 240-250 килограммга, 18 айында 350-370 килограммга жетет.

Швиц породасы 3 түргө бөлүнөт: Сүт, эт-сүт жана эт багытында болуп. Бул породадагы буканын уругунан чыгарылган уй 1 жылда 3500-4800 килограмм сүт берет. Торпок 40 килограммдын тегерегинде туулуп, 12 айында 250, 18 айында 350-370 килограммды түзүп калат. Уйларынын салмагы 500-800 килограмм, букаларыныкы 1100 килограммга жетет. Бордогондо суткасына 800-1000 грамм салмак кошот.

Голштин породасындагы музоо 30-35 килограмм болуп туулуп, салмагы 12 айда 230-260, 18 айында 370-380 килограммды түзөт. Букаларынын салмагы 800 килограммдын айланасында болот. Уйлар 1 жылда 4500 килограммдын тегерегинде сүт берет.

Олуя ата породасы боюнча так маалыматтар аз.

Эт-сүт багытындагы породалар

Симментал породасындагылар эт-сүт багытында өстүрүлөт. Көп кыймылдап, көп тоют жеп, көп оорубайт. Уйларынын салмагы 550-620 килограммга, букалары 850-1300 килограммга жетет. Музоосу 34-40 килограммда туулуп, 18 айында салмагы 345 килограммды түзүп калат. Сүт багытындагы уйлардан 1 жылда 3000-3500 килограмм сүт алынат.

Эт багытындагы породалар

Абердин-ангус породасындагы букалардын тирүү салмагы 850-1000 килограммга жетет. Уйларынын салмагы 550-600 килограммды түзүп, сүттү аз берет. Музоосу 27 килограммдын тегерегинде туулат. Жайлоодо бош жүргөндө күзгө чейин 200-230 килограмм салмакка жетип калат.

Климаттык шарттарына жараша облустарга сунушталчу породалар

Чүй, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Талас облусунун шаарларга жакын жана калк жыш жайгашкан райондоруна сүт багытындагы породалар сунушталат. Анткени сүт жана андан жасалган азыктар көп өтөт, аларды иштетүүчү ишканалар бар.

Нарын облусуна жана өлкөнүн тоолуу райондоруна (Алай, Чаткал, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана башка) эт багытындагылар сунушталат.

Өлкөнүн бардык айылдарында жасалма уруктандыруучу пункттар бар, жалпы саны 452. Учурда уруктар Кыргызстандагы биолабораторияларда өндүргүч букалардан алынып даярдалат жана жасалма жол менен уруктандыруучу пункттарга жеткирилип берилип турат. 1 дозасы – 100 сомдон.


«НАРЫНДЫН КЛИМАТЫНА ЛИМУЗИН, СИММЕНТАЛ ПОРОДАЛАРЫ ЫЛАЙЫК»

Таалайбек Боталиев, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылындагы жеке ветеринардык врач:

– Учурда айылдагы элде баары биригип 400 баш голштин, 30 баш симментал, 30 баш лимузин породасындагы уй, бука бар. Лимузин породасындагылар жүндүү, туяктары бекем, суукка чыдамдуу болуп, оңой менен эттен түшпөйт. 1 күндө 10-15 килограмм сүт берет. Музоолору 20-25 килограмм болуп туулуп, бат ирденет. Жакшы бакса 2 жашында 500 килограммга, 3-4 жашында 1 тоннага жетип калат.

Муну эт багытында багып жатышат. Эти мрамор эт деп бааланып, базарда жакшы өтөт.

Голштин породасындагылардын туягы да, териси да жука, жылуу сарайларда багуу талапка ылайык. Уйлары 1 күндө 25 килограмм сүт берет. Мынча көлөмдөгү сүт Нарында жакшы көрсөткүч болуп саналат. 3 жылдык букалардын салмагы 800-1000 килограммга жетип калат.

Симментал породасындагылар эт-сүт багытында болуп, жайы-кышы семиз жүрөт. 1 күндө 10-15 килограмм сүт берет. 1 жылдык торпок 200-220 килограмм таза эт бере алат. 2 жаштагы бука 500, 3 жаштагы бука 800-900 килограммга жетет.

1 жылга жем-чөпкө 20 000 сом кетсе, 1 жылдык торпоктун баасы 60 000-70 000 сом болууда. 1 букадан таза киреше 40 000 сомдун тегерегин түзөт.

Букалар багылган сарайдын температурасы кышында 10-14 градустан төмөн болбошу керек. Болбосо жем-чөптөн алган энергиялары өздөрүн жылытканга кетип, анча ирденбей калат.


«БИР ТОННАЛЫК БУКАЛАР 150 МИҢ СОМГО ЧЕЙИН САТЫЛАТ»

Мамарасул Ботобеков, Баткен облусунун Кадамжай районунун Өрүкзар айылындагы «Миң-Чынар» фермердик чарбасынын ветеринардык врачы:

– Учурда чарбада асыл тукумдуу 40 чоң уй, 30 кунаажын, 20 бука бар. Букалардын жарымы швиц, жарымы ала-тоо породасында. Булар биздин климатта бакканга ыңгайлуу экен. Уйларды табигый, жасалма жол менен да уруктандырабыз. Жасалма уруктун 1 дозасы бизде кызмат акысы менен 1200 сомго чейин чыгат. Ургаачы торпокторду 14-16 айында, 320-350 килогрмм салмакка жеткенде уруктандыруу керек.

Эркек музоолорду багып чоңойтуп, четинен этке сатсак, ургаачыларын алып калабыз. 1 жылда 15 чакты бука сатабыз. Учурда салмактары 1 тонна чыга турган 5 бука бар. Аларды 145 000-150 000 сомго чейин сатабыз деп турабыз. Ал эми 8-9 айлык торпоктордун баасы базарда 40 000-45 000 сомго бааланат. Пайда жакшы эле түшөт. Күн жылыганда 5 ай жайытка жаябыз. Андыктан жем-чөпкө үнөм.

6 ай сайын эхинококкоз, альвеококкоз, шарп, кара сан ооруларына каршы дарылайбыз. Эми чет өлкөдөн буйволдун уругун алдырып, уйларды уруктандырып, төл алып көрсөкпү деп турабыз.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aidinaernur
2019-03-18 14:48:04
козу жеткен адамга соонун бизнес.
+1
Taalai94
2019-03-19 15:08:13
Торпокторун каяктан алса болот?
0
Snejana
2019-03-20 21:24:51
Чопту дагы ошончо коп жейт болуш керек. Кененирээк айтса болмок. Канча жем-чоп жейт экен?
+2
№ 854, 14-20-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан