КУМУРСКАДАН РАККА КАРШЫ АНТИБИОТИК ОЙЛОП ТАБЫШТЫ

М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин жана Сколков илим жана технологиялар институтунун биологдору древоточцев кара кумурскасынын ичегисинен актинобактериянын жаңы штаммын табышты. Бул табылга тууралуу Biochimie эл аралык илимий журналына басылып чыкты.

Микробиологдордун айтымында, Camponotus vagus кумурскалары Орусиядагы эң чоң (15 миллиметр) кумурскалардын катарына кирет жана бири-бири менен тыгыз байланышта жашашат. Алардан алынган бактерия нибомицинди иштеп чыгып, организмдеги ар кандай микробдорду жана рак клеткаларын өлтүрө алат.


КУРТТУН ЭКИНЧИ БАШЫН ӨСТҮРҮШТҮ

АКШнын Тафтса университетинин окумуштуулары планарий түркүмүндөгү Dugesia japonica куртунун куйрук тарабына баш өстүрүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, окумуштуулар бул үчүн электрдик импульсту, тактап айтканда, регенерациялоодо (дененин жоюлган бөлүктөрүн, мүчөлөрүн, ткандарын жана клеткаларын калыпка келтирүү) алдоо механизмин пайдаланышкан. Биологдор электрдик сигнал өзгөчө код экенин жана анын жардамы менен организмдеги кайсы бир дене мүчөсүн калыптандырууга боло турганын айтышат. Учурда биологдор бул ыкманын адамдарга да пайда алып келүү жолдорун изилдеп жатышат.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 854, 14-20-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан