Жумушу барларга кошумча акча булагы, ал эми үйдө отургандарга акча табууга боло турган бизнес бар. Ал калифорния сөөлжандарын багып, аны балык уулоочуларга, үй канаттуусун баккандарга, балык жана тоок фермаларына сатуу. Сөөлжандардын иштеп чыгаргандарын – биогумусту сатып да кирешени көбөйтүүгө болот. Муну баштоого көп акча кетпейт.
Аалы Кожомжаров, 60 жашта, Бишкектеги кирпич заводунун аймагындагы Красный строитель конушунун жашоочусу:
– Өзүм кесибим боюнча филологмун. Бутумдан майып болуп калгандан бери үйдө отурчумун. Өткөн жазда балам калифорния кызыл сөөлжандарын багып, аны балык уулоочуларга сатып акча табуу идеясын сунуштады. Ойлонуп, макул болдум. Балам апрель айында 3-4 килограмм сөөлжан алып келип берди. Аны кантип багып, көбөйтүү керек деп интернеттен маалымат издеп, көп нерсени билдим.
Жыгач ящик жасап, түбүнө 10-15 сантиметрдей таза топурак таштап, сөөлжандарды коё бердим. Ящиктин тешиктеринен аба кирип тургандай болушу шарт. Топурактын үстүнө аралаш кыкты (уйдун, жылкынын) 15 сантиметр калыңдыкта тегиз кылып салдым. Анын үстүнө сөөлжандарга жем салдым. Картошка, сабиз, алма, жашылча-жемиштердин чириндилерин, кабыктарын, тамак-аштын кургак калдыктарын салдым. Үстүнө кайрадан кык, анын үстүнө кайра жем таштадым. Ушундай кылып дагы бир сыйра коюп чыктым. Нымдуулук 80 пайыз болушу керек. Ошондуктан суу чачып нымдадым. Кургап кетпеши үчүн ящиктин үстүнкү бетин клеёнка менен жаап, эски одеялону, коробкаларды койдум. Ошентип, аларды бага баштадым. Тамагын 15 күндө, жаңы кыкты 1 айда бир эң үстүнө таштап турам.
Кык менен тамактары аралашып чирий берет, аны сөөлжандар тынымсыз жеп, кайра тынымсыз чыгарып турушат. Жеп чыгаргандары биогумус болот. Ал гүлбү, жашылчабы, айтор, өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн мыкты жер семирткич. 2 грамм салмактагы сөөлжан суткасына 10 граммдан ашык биогумус даярдай алат экен. Мен азырынча биогумус ала элекмин. Буюрса, сөөлжандар көбөйгөндө алам деп турам. Бирок сөөлжандарды балык уулоочуларга четинен сатып акча таап, күнүмдүк керектөөмө жаратып жатам. 100 граммын 100 сомго сатам. Чакан желим идиштерди сатып келип койгом, ошолорго салып берем. Балам жарнамасын интернетке киргизип койгон экен, ошол боюнча кардарлар келип алып кетет. Балык уулоо сезонунда бир күндө 500-1000 сомдой акча түшүп калат.
Сөөлжандардын узундугу 1-9 сантиметр, салмагы 1-2 грамм болот, орточо 10-15 жыл жашайт экен.
Өтө нымдуу болсо сөөлжандардын өңү бозоруп, былжырап, өлүп калышат экен. Эгер ным өтө азая баштаса, сөөлжандар ящиктин тешиктеринен чыгып, ным издеп кетет экен. Мындай окуя менде 2 жолу болду. Кокус кургап кетсе, анда сөөлжандар кургап өлүп, катып калат.
Сөөлжандар жакшылап караса бат эле көбөйөт. Азыр бир нече ящиктерге бөлүп жатам.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg