“FM” ТОБУ

Бир караганда чын эле “Виа Гра” тобунун кыздарын элестеткен Казакстандан чыккан “FM” тобу учурда көптөрдүн көңүлүн өзүнө бурдурууда. Ырларынын көпчүлүгү котормо болсо да, музыка дүйнөсүндө өз ордун табууга жетишкен “FM” тобунун келбеттүү солисткаларына суктанган жигиттер да аз эмес. Эмесе, жаштардын сүйүктүү тобу тууралуу кыскача маалымат.

КЫЗДАРДАН ТҮЗҮЛГӨН ТОП
“Казак “Виа Грасы” атка конгон “FM” тобу учурда чыгармачылыктагы бийиктиктерди багынтууда. Көпчүлүк эркектердин көзүн кызыткан, келишимдүү кыздардан турган “FM” тобун Казакстандагы “Respect” аттуу реклама жана продюсердик компаниясынын өкүлдөрү түзгөн. Аталган компаниянын өкүлдөрү кыздардан турган топ түзүүнү көздөшүп, вокал жана хореография боюнча түшүнүгү бар, келбеттүү кыздарды кастинг аркылуу кабыл алууну чечишип, топко жогоруда айтылган талаптарга ээ кыздарды кабыл алуу үчүн кастинг жарыялашат. Акыры топко үн десең үн, жүз десең жүз, айтор, бардык жагынан келишкен кыздар кабыл алынат. “FM” деп топтун атын компаниянын өкүлдөрү, башкача айтканда, топтун продюсерлери коюшкан. «Эки тамгадан турган “FM” деген сөз ар түрдүү чечмеленет. Мисалы, “famous-modern” (“атактуу жана заманбап”), “For me” (“Мен үчүн”), “Fantastic music” (“Фантастикалуу музыка”) деген сөздөрдөн алынып, ар кандай түшүнүктөрдү камтыйт. Ал эми топтун аты кайсы вариантына такалаары белгисиз. Ар ким фантазиясына жараша каалагандай кылып чечмелеп алсын» дешет топтун продюсерлери. “FM” деген сөз эл арасында көп колдонулат, өзгөчө радио угармандарга абдан белгилүү. Бул сөздү уккан сайын бизди эстеп турушат” дешет топтун солисткалары. Алгач топ үч кыздан түзүлгөн. Ал эми төр­түнчүсү кийин гана кошулган. “FM” казак тобу болгону менен андагы кыздар жалаң казак улутундагылар эмес. Бирок, бардыгы тең казак атуулдары болгондуктан, “казак кыздарыбыз” деп келишет.

КОТОРМО ЫРЛАР МЕНЕН ПОПУЛЯРДУУЛУККА ЖЕТИШҮҮ
Башка элдин ырларын өз тилине которуп ырдап, популярдуу болуу учурда көнүмүш адатка айланды. “FM” тобу да популярдуулукка ушундай жол менен, тагыраак айтканда, чет өлкө ырчыларынын ырларын которуп ырдап чыгып жетишкендери эч кимге жашыруун эмес. Ошондой болсо да топтун кыздары ырлары котормо экенин жашырышпайт. Кайра “жакшы деңгээлде иштеп чыкканбыз” деп сыймыктануу менен айтып келишет. Ал эми “бул плагиатпы же чет жылдыздарынын макулдугу менен болгон ишпи?” деген күй­өрмандардын суроолоруна топтогулар так жооп бербей келишет. Ошентип, котормо ырлар менен көпчүлүккө таанылган “FM” тобу белгилүү араб ырчысы Амр Диабдын “Арабика” деген ырын орусча “Любила ли я” деп которуп ырдап чыгышып, көптөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапканга жетишишет. Эмнегедир Амр Диаб мындай кооз чыгармасын өзүнүн жакшы ырлар жыйнагына камтыган эмес экен. Араб ырчысынын ырына кыздар өздөрүнүн фантазиясын, гитаранын мукамдуу үнүн кошуп, айтор, өзүнчө оригиналдуу кылып алып чыгууга чоң аракеттерди жумшашкан. Ырдын аранжировкасын Андрей Бобрышев деген таланттуу жигит жасаган. Топтун “Sorry, I am Lady” аттуу ыры 1980-жылдары популярдуу дуэттердин катарына кирген ыр. Аталган ырды топ “Алматы – моя первая любовь-2005” аттуу фестивалда ырдап чыгышып, ыр эл тарабынан жакшы кабыл алынган. Ал эми топтун дагы бир популярдуу “Я не одна” аттуу ырынын оригиналы Тина Арена аттуу ырчыга таандык экени да белгилүү. Баарынан таңкалыштуусу, котормо ырлар менен аты чыккан топтун биринчи альбому 2005-жылы декабрь айында жарыкка чыгаары менен эл тарабынан жакшы кабыл алынып, топко ийгилик алып келген. Альбомдун чыкканына эки жылдын жүзү болсо да, андагы ырлар өз популярдуулугун жоготпой келет.
Ал эми топтун жакында чыга турган экинчи альбомунда котормо ырлардан да топтун өзүнүн ырлары басымдуулук кылаары маалым болду. Чырайлуу кыздардан түзүлгөн топ менен иштешүүнү каалаган казак композиторлору өздөрүнүн чыгармаларын сунушташууда. Ошондой эле альбомго белгилүү DJ Пилигрим атайын топ үчүн жазып берген “Зима”, “Балалайка” деген ырлар да кирет. Мындан башка, жаңы альбомдо “Любила ли я” аттуу ырдын ремикс түрү камтылат.

ЮЛИЯ ЗАЙЦЕВА
Топтун эң сексуалдуу солисткаларынын бири Юлиянын улуту орус. Топко Юлия кокусунан эле кабыл алынып калган. Алгач ырчы компаниянын рекламалык ролигине тартылганы келген. Шыңга бойлуу, чырайлуу кызга компаниянын өкүлдөрү көңүл бурушуп, топко кабыл алууну чечишкен. “FM” тобунан улам Юлия көптөрдүн көзүнө илинип, ага ар тараптуу сунуштар түшө баштайт. Келечекте киноактриса болууну көздөгөн ырчы “Playboy” журналына жылаңач сүрөткө түшүүдөн да баш тарткан эмес.

ЭЛЬВИРА КУСПАНОВА
Эльвира болсо казак кызы. Топко кабыл алынганга чейин Эльвира теле тармагында иштеп келген. Топту түзгөн продюсерлер Эляны студияда фотосессия жасап жаткан жеринен жактырып калышып, кастингге катышуусун сунушташкан. Жан­дүй­нөсү музыкага жакын Эльвира кастингден ийгиликтүү өтүп кеткенине анын кичинекей кезинен берки тилеги себепкер болгон. Ал тургай музыкалык окуу жайды бүтүргөнгө да жетишкен. Учурда жүрөгүнө жакын ырчылык кесип менен алектенип жатканына өтө кубанычта. Элянын чыгармачылыгын колдогон жакын адамы бар.

ЮЛИЯ БИТ-КОЧАР
Топтун дагы бир көрү­нүктүү солисткасы Юлия ассириялык. Юлияны продюсерлер топ түзүлө электе жаңы жылдык банкетте “Достар” аттуу клубдан көрүп жактырып калышкан. Бирок, турмуш-шартка байланыштуу Юлия топтун курамына кийин гана кошулган. Музыкадан тышкары, жагымдуу жүздүү ырчы айым поэзияга да кызыгат. Юлиянын жүрөгүн ээлеп алган жигит бар.

РЕГИНА ГАЗИЕВА
Регина уйгур улутунан. Регинанын тууган агасы казактардын белгилүү “Дервиши” тобунда ырдайт. “FM” тобунун продюсерлерине Регина дал ошол агасы аркылуу сунушталып, кастингден ийгиликтүү өтүп, топко кабыл алынган. Ырдан тышкары, Регина эң сонун бийлейт. Учурда ырчы айымдын өзүнүн 15 кишиден турган шоу-балети, балдар үчүн бий мектеби бар.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 230, 30-март-5-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан