КЫТАЙДА ӨЛБӨСТҮКТҮН ЭЛИКСИРИ ТАБЫЛДЫ

КЫТАЙДА ӨЛБӨСТҮН ЭЛИКСИРИ ТАБЫЛДЫ

Археологдор Кытайдын Хэнань провинциясынын Лоян шаарындагы Батыш Хань династиясынын (биздин доорго чейинки 202-жылдан биздин доордун 8-жылдары) күмбөзүнөн коло идиш таап чыгышканын чет элдик басылмалар билдирет. Идиштен жыт чыккандыктан, археологдор алгач ичимдик болсо керек деп ойлошкон. Бирок лабораториялык изилдөөдө идиштеги суюктуктун курамы негизинен калий нитраты менен алуниттен турганы аныкталган. Маалыматтарга караганда, ушул химиялык курам байыркы даос рецепттеринде өлбөстүктүн элексири катары эскерилет. Бул жөө жомокко айланган өлбөстүктүн дарысы Кытайда биринчи ирет табылып жатат.

Идиштеги суюктук байыркы кытайлардын өлбөстүккө жасаган аракеттерин чагылдырат. Суюктукка дагы изилдөөлөр жүргүзүлмөкчү.

ООЗДОГУ БАКТЕРИЯ РАКТЫН ӨСҮШҮН ТЕЗДЕТЕБИ?

Колумбия университетинин (АКШ) алдындагы стоматологиялык колледждин адистери тиштердин ташын жана өңөрүн байырлаган бактерия түрү (Fusobacterium nucleatum) жоон ичегинин рагынын өсүшүн тездетет деген ачылыш жасашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт. Бактериялар организмде аннексин A1 белогунун көп иштелип чыгышын шарттайт. Адистер эгер бактериялардын санын азайтса, жоон ичегинин рагынын өсүүсү жайлап каларын аныкташкан. Бул ачылыш эми жоон ичегинин рагы менен ооругандарды айыктыруу үчүн колдонулары жазылат маалыматта.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Paprikafm
2019-03-18 10:59:10
Ошого кытайлар өлбөй эле көбөйөт экен да
+4
Alia-bekzat
2019-03-21 21:07:30
Шумдугун кургур кыргыздар да ичип кобойуш керек екен

0
№ 854, 14-20-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан