Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин бир тууган эжеси Нурайым Иманалиева биздин мейман төрдө. Нурайым эже ырдай албаганы менен, кызыктуу маектеш экен. Иниси Элмирбек мырза тууралуу кененирээк билгиңиз келсе, төмөндөгү макалага көз чаптырыңыз.
Аптакан Иманалиева – 1961-жылы туулган, жеке ишкер
Урумкан Иманалиева – 1963-жылы туулган, китепканачы
Нурайым Иманалиева – 1970-жылы туулган, жеке ишкер
Айдарбек Иманалиев – 1973-жылы туулган, жеке ишкер
Элмирбек Иманалиев – 1978-жылы туулган, төкмө акын, обончу
«ЭЛМИР УЗУН ЧАЧЫН ИЗДЕП БООРДУ ЭЗГЕН»
– Элмирдин төрөлгөн күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ал биздин үй-бүлөнү гана эмес, тууган-урукту да күттүргөн бала болчу. Удаасынан 3 кызбыз, андан кийин инибиз, кичүүбүз Элмир. Апам кичүүсүн жашы өтүп калганда, 46 жашында төрөп, аябай кыйналып калды. Анын үстүнө буту менен төрөлгөн. Апамдын кыйналганын Элмир актады деп ойлойм. Апам Элмирдин өзгөчө бала болорун боюнда бар кезинде эле билгенин айтып калчу. Түшүнө бир аксакал кирип «балаң шер бала болот» деген экен. Төрөлгөндө төбөсүндө узун чачы бар эле. Ошол чачына тийбей узун кылып өстүрдүк. Кийин 3кө чыкканда мазарга барып, кан чыгарып, кой союп чачын алдырганбыз. Үйгө келип чачын издеп боорду эзген. Ал издеген сайын биз күлүп калчубуз.
«БАЛАДАЙ БОЛУП ОЙНОП, МОМПОСУЙ ЖЕГЕН ЖОК»
– Элмир кичинекейинен эле өзү менен өзү болду. Болпоюп отуруп алып кагаздан, жыгачтан бир нерселерди жасай берчү. Баладай болуп машина ойноп, момпосуй жеген жок. Биздин колубузга тыйын тиери менен дүкөнгө таттуу жегени чуркачубуз. Элмир болсо өзүнө керектүү буюм, бычак, өгөө сатып алчу. Бычагы менен жыгач жонуп, өгөөлөп, оюна эмне келсе, ошону жасап отурчу. Сүрөттү да жакшы тартчу. Айылдын балдары футболкаларына сүрөт тарттырабыз деп ээрчип алышчу. Тоонун, жайлоонун, аттын, жомоктун каармандарын, кыскасы, көңүлүнө жакканын тартып берчү.
Инимдин өзгөчө бала болорун биринчи байкаган атам болгон. Атам дайыма карандаш, альбом, фломастер, түстүү боёк сатып келип берчү. 4 жашында тамга таанып, окуп, жазып калган. Альбомдорго оюнан чыгарып жомок жазар эле. Биз деле балабыз да, жомокторуна ишенип, «эми эмне болот?» деп сарсанаа болчубуз. Анын жомокчу болушуна апамдын таасири чоң. Апабыз элдик эпосторду жатка билчү. Бизди отургузуп алып, жомокторду, табышмактарды кызыктуу кылып айтып берчү. Кудайдан берилген таланты апамдын жардамы менен ойгонду го деп калам.
«1-КЛАССТА 1 АЙ СҮЙЛӨБӨЙ КОЮПТУР»
– Азыр ойлосом, Элмирдин ыйлаганы да башкача экен. Бир ыйласа басылчу эмес. Апам «бул жума күнү ыйлайт» деп калчу. Башында сооротобуз деп баарыбыз күл-ала болгонбуз. Апам айтмакчы, чын эле байкасак, жума күнү эртең менен бир нерсени шылтоо кылып ыйлап, өзү токтомоюн басылбайт экен. Кийин «ии, тиги баштады» деп койчубуз.
1-класска мен алып баргам. Мектепке барганга чейин атам Элмирди окута турган мугалимге жолугуп, «менин баламдан кыйналбайсың деле, тамга тааныйт, окуйт, жазат» деген экен. Элмир сентябрь айы такыр сүйлөбөй коюптур. Мугалими «атасы тескеринен айткан турбайбы» деп ойлоптур. Мугалим атама келип «балаңыз такыр окубайт, китепти берсем унчукпайт» дептир. «Эмнеге антип жатасың?» деп сурасак, «мен окуганды билем да, алар менден тамга сурап жатышат» деп жинденип жатпайбы. Анткени мектепке баргыча эле «Манас» эпосунун 2 томдугун окуп чыккан эле. Атам баш болуп, баарыбыз отуруп алып, 1-класста ошентип окутарын, башка балдар тамга билишпесин айтып, түшүндүрдүк.
Атам бул баласын ушунчалык жакшы көрчү. Азыркыга чейин атамдын Элмирге жасаган мамилеси көз алдымда. Атамчалык баласын жакшы көргөн атаны көрө элекмин.
«БАЛА КЕЗДЕГИ УЯҢДЫГЫ ДАГЫ ДЕЛЕ БАР»
– Бир жолу кошунаныкында той болуп жатса, балдардын арасында Элмир жок экен. Атам чуркап келип үйдөн караса, колу менен боорун тырмап комуз чертип отуруптур. Дароо кичинекей комуз сатып келип берген. Ошентип, комузда ойногонду өзү эле үйрөнүп алган. Төкмөлүгү болсо мектептен, Нооруз майрамында башталган. Жаттаган ыры бүткөндө өзү оюнан чыгарып ырдаптыр.
1991-жылы Бишкекке окууга Тууганбай Абдиев алып кетти. Адамда талант болгону менен, ага багыт берген, талантынын чыгышына таасирин тийгизген бирөө болуш керек да. Биздин үй-бүлө Тууганбай Абдиевге өтө ыраазыбыз. Бир жылдан кийин эле айтыштан баш байгени жеңип алды. Биз жетине албай, атайын Бишкекке барып устаттарына майлап бердик. Анда Эстебес Турсуналиев, Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиев баарынын көзү тирүү эле. Ашыралы Айталиев «Азыр эле акылы баарына жетет, чоң эле кишини кичирейтип койгондой» деп Элмирден көптү үмүттөнүшкөн. Бала кезде кандай болсо, иним бой жеткени, элге аты чыкканы деле өзгөргөн жок. Бир калыпта күлүп-жайнап жүрөт, бала кездеги уяңдыгы дагы деле бар.
«АЗЫР ДЕЛЕ БААРЫБЫЗДЫН ЭРКЕБИЗ»
– Бир туугандар баарыбыз эркелетип чонойттук. Башы ооруп калса деле, ичи ооруп калса деле, баарыбыз «Элмирдин башы ооруп калыптыр, сасык тумоо болуп жатыптыр» деп жүрөгүбүз ооруп телефон чалып баштайбыз. Баарыбыздын сүйүктүү, сыймыктуу бир тууганыбыз. Тааныштар мени «Элмирбек Иманалиевдин эжеси» деп чакырышат. Тамашалап, «Эмне, менин өзүмдүн атым жокпу?» деп күлүп калам. «Сен деле жакшы ырдасаң керек?» деп калышат, эмнегедир беш бир туугандын арасынан мен эле ырдай албайм. «Мен талантымды Элмирге бергем» деген жообум бар. Баарыбыз чогулганда эң кичүүбүз экенине карабай Элмирди төргө өткөрүп жиберебиз. Ага өзү деле көнүп калган. Элмир бар жерде бир туугандар ырдабайбыз.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg