ЖЕМИШ ДАРАКТАРЫН КЫЙЫШТЫРУУ ЖАНА УЛОО

Мөмө-жемиш дарактарын кыйыштыруу жана улоо менен өзүбүз каалаган сортту өстүрүп алсак болот. Мисалы, алманын даамы кычкыл сортун таттуу сортуна айландырып. Бул айрыкча бак үчүн жери тар жана жемишин сатып акча тапкан багбандар үчүн керек.


ЖАЗЫНДА КЫЙЫШТЫРУУ, ЖАЙ ЭТЕГИНДЕ УЛОО ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Сагынбек Аалиев, Кыргыз улуттук агрардык университетинин токойчулук жана мөмө-жемиш өстүрүүчүлүк кафедрасынын окутуучусу:

– Кыйыштыруу (прививка) жана бүчүр улоо (копулировка) эмне үчүн керек? Бул жемиш дарактардын маданий сортторун өстүрүү, дарактарды жашартуу, бир дарактан 2-4 түрдөгү сорттун мөмөсүн алуу үчүн керек. Мисалы, жемиши кеч бышкан сортун кыйып, ага эрте бышкан, жемиши базарда көп өтпөгөн сортту кесип, жемиши суроо-талапка ээ сортту кыйыштырып, өзүңүз самаган сортко ээ болосуз. Мындан даракты өстүрүүгө кеткен убакытты да үнөмдөйсүз.

Ошондой эле жериңиз тар болуп, алманын башка сортторун өстүрүүгө орун жок болуп жатса, анда карлик түрүн өстүрүп, ага 2 сортун кыйыштырып, түрдүү мөмө ала бересиз.


Эмнени эмнеге кыйыштырууга болот?

Алма, алмурут, бий алма (айва) семичке уруктуулар деп аталат. Андыктан алманы алмага, бий алмага алмурутту кыйыштырууга, улоого болот.

Өрүк, шабдалы, алча, кокон гилас, кара өрүк данектүү дарактар деп аталат. Өрүктү өрүккө, шабдалыны шабдалыга, же бадамга шабдалыны кыйыштырып жана улоого болот. Сасык кайыңга (вишня магалебская) кокон гиласты кыйыштырып, улоо да сунушталат.

Жазында алма, алмурут, кокон гилас, алча, кара өрүк (кайналы) жана өрүктөрдү кыйыштыруу, бүчүрүнөн улоо июль, август айларында жүргүзүлөт.

Кыйыштыруунун көптөгөн ыкмасы бар. Алардын ичинен төрт түрү көп колдонулат.


Жөнөкөй кыйыштыруу

Кыйыштыруу үчүн узундугу 15 сантиметр келген калемчени өзүңүзгө жаккан сорттон кесип аласыз. Калемченин учу кыйгачынан учтуу кесилет. Өсүп турган дарактын кайсы бутагына кыйыштыргыңыз келсе, анын да учун кыйгачынан учтуу кесесиз. Бутак менен калемчесинин диаметри (жоондугу) бирдей болсо жакшы. Бул кабык алдындагы чел кабыктардын (камбий) дал келип, жакшы биригишин, тез өсүшүн шарттайт. Бутак менен калемчени бириктирип байлайсыз. Эгер калемче бутактан ичкерээк болсо, анда бир капталга жылдырасыз.

Кандай гана кыйыштыруу ыкмасы колдонулбасын таңгандан кийин ал жерге аба же бактерия кирип кетпеши үчүн бак чайырын (садовый вар) сүртүү сунушталат.


Жакшыртылган кыйыштыруу

Бири-бири менен абдан тыгыз турушу үчүн кыйгач кесимдин ортосуна тилче жасалат. Тилченин калыңдыгы 1 сантиметр болушу керек. Эгер жука болсо калемчени кармай албайт.


Капталынан жалгоо

Өсүп турган дарактын керектүү бутагы капталынан кыйгач кесилет. Кесилген жерге кыйгач кесилген калемче салынып, байланат.


Жара кесип кыйыштыруу

Бул ыкма үчүн дарактын же бутактын диаметри 10 сантиметрден жоон болуусу керек.


Улоо ишин жүргүзүү

Бул үчүн карандаштын жоондугунан (6 миллиметр) кем болбогон уругунан же данегинен тигилген 1-2 жылдык көчөт зарыл. Көчөт улоо жүргүзүлгөнгө чейин 5-7 күн сугарылып, топурагы жумшартылат. Сөңгөгүн алгач нымдалган пахта кездеме менен сүртүп тазалоо керек. Сиз көчөткө кайсы сорттогу жемиштин бүчүрүн улагыңыз келсе, аны кабыгы менен кесип алыңыз. Бүчүрдүн узундугу 25-30 миллиметр, туурасы 4-6 миллиметр болушу шарт. Улоо көчөттүн жерден 15-20 сантиметр бийиктигинде жүргүзүлөт.


Улоонун 2 түрү бар

«Т» түрүндө улоо. Көчөттүн кабыгы түз, 1,5-2 сантиметрдей тилинет. Анан туурасынан кессе «т» формасы келип чыгат. Ошол жерге бүчүр жабыштырылып, плёнка менен байланат.

Кынап улоо. Көчөттүн кабыгы капталынан кесилип, ал жерге бүчүр салынып, байланат.

2 ыкмада тең 15-20 күндөн кийин бүчүрдүн өөрчүшүн текшерүү керек.


«ЖАПАЙЫ ЖЕМИШ ДАРАГЫНА МАДАНИЙ СОРТУН КЫЙЫШТЫРСА ТҮШҮМ МОЛ БОЛОТ»

Эмилбек Оморбеков, Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылынын жашоочусу, багбан:

– Мөмө-жемиш дарактарын мен көлдүн климатына карап, кыйыштырууну апрелде, улоону августта жүргүзөм.

1 жылда 1000дей көчөттү кыйыштырууга, улоого жетишем. Алманы алмага кыйыштырганда жакшы өсүп, түшүм бере берет. Алманы алмурутка кыйыштырганда алмурут бат өсүп, шагы жооноюп кетет. Алма болсо жай өскөндүктөн шагы ичке болуп, көп шактай албай калат. Алмуруттун даамы да супсак болуп, 5-6 жылдан кийин куурап жок болот.

Жапайы сары өрүк менен кара өрүккө маданий сортторун кыйыштырса түшүмү мол болуп, ооруларга жана суукка жакшы туруштук берет. Шабдалыны шабдалыга эле кыйыштыруу керек.


«Калемчелерди алгач муздаткычта сактайбыз»

Кыйыштыруу көл аймагында март-апрель ичи жүргүзүлөт. Түшүм берип келе жаткан жемиш дарагынын 1 жылдык бутагын узундугун 1 карыштай кылып кесип алып, желим баштыкка салып, аны муздаткычта сактайбыз. Муздаткычтан май же июнь айында алып чыгып, 2-3 бүчүрүн гана калтырып кесип алып, аны алдын ала тандалган даракка кыйыштырабыз.

Аба кирип кетип куурап калбашы үчүн сыртынан изолента менен чаптайбыз. Кесилген жерине бак чайырын сүйкөөгө же пластилин менен чаптоого болот. Сентябрь-октябрда кыйыштырылган жер биротоло бүтөт. Изолентаны чечип салабыз. Кийинки жылы ал жерден 5-6 мөмө алууга болсо, 4-5 жылдан кийин көп мөмөлөп калат.


«Августта улоо ишин жүргүзөм»

Күздө бышкан алма, гилас же башка болобу, айтор, каалаган дарактын мөмөсүн чогултуп, кургатып алабыз. Октябрь айында жерди тээп, ал жерге кык чачып, жөөк салып, данектерди сууга 1 сутка кармап жибитип туруп тигебиз. Тереңдиги 5, аралыгы 10 сантиметр болуусу зарыл. Үстүнө алгач топурак, андан кийин жыгачтын таарындысын таштап, суу куябыз. Ошонтип данек кыштан чыгып, жазында өсө баштайт. Август айында буга эмненин бүчүрүн улагыңыз келсе, ошонун бүчүрүн кабыгы менен кесип алып, улай бересиз.

Күздө улоо 1 эле вариантта жүргүзүлөт. Алма алмага, гилас гиласка, алмурут алмурутка дегендей.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 855, 21-27-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан