ИНТЕРНЕТ УУРУЛАРДАН ТАЗАЛАНАБЫ?

Флорида штатындагы университеттин изилдөөчүлөрү жасалма интеллектти ойлоп чыгарышты. Жасалма интеллект полиграфтын ролун аткарып, колдонуучулардын ар бир сөзүн, ал сөздү кандай ылдамдыкта жазганына чейин көрсөтүп бере алат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, изилдөөчүлөр жасалма интеллекти атайын тесттен өткөрүшүп, ал калп менен чындыкты 85 пайыз туура аныктай ала турганын аныкташты. Ал үчүн ойлоп табуучулар 40 адамды атайын “күнөөсү жоктор” жана “күнөөлүүлөр” деп эки топко бөлүп, суроолорду беришкен. Жыйынтыгында оюнчулардын сөздү тандоосунда да, аны терүүдө да айырмачылыктар байкалган. Алсак, “күнөөлүүлөр” “дайыма” жана “эч качан” деген сөздү көп пайдаланышса, “күнөөсү жоктор” “мүмкүн” деген сөздү көп пайдаланышканы жана сөздү жай ылдамдыкта теришкени билинген.

ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ КЫМБАТ КӨГҮЧКӨН САТЫЛДЫ

Көгүчкөн жарышынын тарыхында эң мыкты деп саналган 5 жаштагы Армандо дүйнөдөгү эң кымбат баада сатылган көгүчкөн болуп калды. Армандо каймана атын алып жүргөн почточу көгүчкөн Бельгиянын Чыгыш Фландрия провинциясында интернет аркылуу аукционго коюлуп, анда ал рекорддук баада 1,25 миллион еврого сатылды. Бул жөнүндө чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мелдештерде көптөгөн сыйлык-байгелердин ээси болгон бул канаттууну кытайлык жаран сатып алган.

 

 
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 855, 21-27-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан