ИЙКЕМДҮҮ ГРАФИК, ОПЕНСПЕЙС ЖАНА КОУЧИНГ: КЫРГЫЗСТАНДА ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР ЭМНЕГЕ ЖУМУШ ШАРТТАРЫН ӨЗГӨРТҮП ЖАТЫШАТ?

Кыргызстандагы HR-адистеринин коому баса белгилегендей, рыноктогу HR багыты эчак эле өзгөргөн. Ири компаниядагы аталган адис кызматкерлерди тандоо жана документ иштери менен гана алек болбостон, жумушта ыңгайлуу шарттарды түзүп, ар бир кызматкердин иш жөндөмдүүлүгүн арттырууга жардам берет.

Beeline Кыргызстан компаниясынын HR-директору Айнура Кошоеванын демилгеси менен түзүлгөн коом 2016-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бул коомдун мүчөлөрү: коммерциялык банктар, алтын казып алуучу, ошондой эле телекоммуникациялык компаниялар, мейманкана, ресторан бизнестери жана башка ар түрдүү тармактардын адистери. Персонал башкаруу тармагындагы эксперттер байма-бай жолугушуп, бири-бири менен идея алмашып, практикадагы максатына жеткен иштерди айтып, компаниянын кайсы бир кеңсесинде болуп жаткан маселелерди талкуулап, андан чыгуунун жолун издешет. Андан сырткары бул жолугушууларга HR-индустриясындагы жаңычылдыктар тууралуу ой бөлүшкөн атайын адистер чакырылат.

Акыркы жолу HR-Meetup жаңы жана ыңгайлуу SkyX мейкиндигинде өттү. Ал жайда Beeline’дын кызматкерлери кыргызстандыктар үчүн жаңы кызматтарды жана кызыктуу продукттарды ойлоп табышат. Кызматкерлердин ою боюнча, заманбап кеңселер ири компаниялардын кызматкерлери менен тыгыз иштешүүдөгү жаңыча ыкмаларды колдогондугун далилдейт.

Иштеп жаткан жерибизди кеңсе деп айткыбыз келбейт, анткени бул жер кеңсе деген түшүнүк менен гана чектелип калбайт. Биз үчүн чыгармачылыкка дем берүүчү жай – кабинеттерге бөлүнбөгөн, бардыгы ачык, горизонталдык башкаруу системасынан (бардык адамдар тең укуктуу) жана кызматкерлердин жогорку деңгээлдеги уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүнөн кабар берет. Бул жакка жашоосуна өзгөрүү киргизүүнү каалаган, жаңы нерсе кургусу келген, инновациялар менен тең тайлаша жүргөн жана, албетте, бардык кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртууга салым кошууну каалагандар келишет. Жумуш ордубуз, бул жактагы атмосфера түздөн-түз ар бирибизге мотивация, эргүү берет, бул өз кезегинде командалык иштин натыйжалуу болушуна алып келет,- дейт Beeline компаниясынын HR-директору Айнура Кошоева.

Быйылкы HR-Meetup’ка Эл аралык кадрдык Wind HR Solutions компаниясынын башкы директору Ильгиз Эдиль уулу чакырылган. Компания Кыргызстандын рыногунда татыктуу атаандаштыкты түзүүгө умтулат. Ильгиз билдиргендей, бул кадам өз кезегинде адам ресурстарын сапаттуу башкаруудагы маанилүү элементтердин бири – уюштуруу иштерин өнүктүрүү, жамаат ичиндеги карым-катышты чыңдоо үчүн ар дайым жаңы идеялар жаралып турат. Бул учурда сөзсүз түрдө персоналдын эффективдүүлүгү артат.

Жолугушуудагы сыйлуу коноктордун тизмесин Казакстанда коучинг жаатында маалымат берүүчү программаларды өткөзүп келе жаткан Erickson International компаниясынын өкүлдөрү толукташты.

“2019-жылдагы компаниялардагы маанилүү HR-тренддердин бири – жамаат ичиндеги маданиятты өнүктүрүү, карым-катышты чыңдоо, ошондой эле муундар ортосундагы айырманы эске алуу менен ишенимге негизделген кызматкерлердин ортосунда байланыш болуп эсептелет. Тренд катары дагы бир нерсени эске алсак болот – кызматкерлердин демилгелерин жана жоопкерчилигин колдоо. Компаниялар кызматкерлеринин индивидуалдуулугу сакталышын жана ал сапаттарын иш процессинде колдоно алышын сактоого мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө умтулушат”,- дейт Erickson өнүктүрүү боюнча бизнес-өнөктөш Тэо Джаиани.

Тэонун айтымында, HR коучингди сиңирүү багытында баратат. Азыркы учурда менеджер кызматкердин дараметин, талантын ачып, анын жаңы бийиктиктерди багынтуусуна дем берүүчү жөндөмгө ээ болуусу шарт.

Beeline’да аталган практика акырындап колдонулуп келе жатат. Айнура Кошоеванын айтымында, компания персоналды башкарууда улам жаңы ыкмаларды изилдеп, аны колдонгонго аракет кылат. Ал эми коучинг сыяктуу экологиялык ыкмалар, эки тараптуу тыгыз байланыш заманбап лидерге керектүү маанилүү чеберчилик болуп саналат.

Жыл сайын кызматкерлердин арасында жумушка канааттануу боюнча сурамжылоо жүргүзүлөт. Акыркы сурамжылоонун натыйжасына ылайык, Beeline’ды 3 себеп менен мыкты жумуш берүүчү катары сыпатташкан: жумуш шарттары (заманбап кеңселик аймак, талапка ылайык айлык акы, ийкемдүү график), жамаат ичиндеги маданият, карым-катнаш, окуп-үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктүн болушу жана практика жүзүндө өнүгүүгө түзүлгөн шарттар, компания ичинде жаңы адистиктерге үйрөнүү.

Азыр тренддер employee engagement’тен employee experience’ке бара жатат. Бул эмнени түшүндүрөт? Биз ар бир кызматкердин басып өткөн жолун изилдеп чыгабыз, андан сырткары анын компаниядагы тажрыйбасына, керектөөлөрүнө жана көйгөйлөрүнө да көңүл бурабыз. Алдыбызга дайыма “Анын жумуштагы биринчи күнү канчалык жакшы өттү?”, “Ага система канчалык ыңгайлуу болду?” деген суроолорду коюп жана ушул процесстерди жакшыртуунун үстүнөн иш алып барабыз. Мисалы, биз максималдуу түрдө кардардын да жашоосун жеңилдеткенге аракет кылабыз: ал диванда эс алып жатып Balance аркылуу төлөм жүргүзүп өзүнө пицца буюртма кыла алат. Кызматкерлер компания ичинде да аталган система киришин каалап жатышат. Албетте, кардар сыяктуу эле кызматкерибизге да жеке кабинетинен бир баскычты басуу менен каалаган нерсесин табууга мүмкүнчүлүк түзүп беребиз деп аракет кылып жатабыз,- дейт Айнура Кошоева.

“Адал Азык” ("Тойбосс" СМ) ЖЧКсынын HR-бөлүмүнүн жетекчиси Эльнура Орунбаеванын баамында, Кыргызстандагы көптөгөн жумуш берүүчүлөр кызматкерлеринин жумуш шарттарын өзгөртүшүүдө, катаал башкаруудан жеңил, жумшак формага өтүп жатышат:

Иш жүзүндө далилденгендей, кызматкерге болгон мамиле иштин жыйынтыгын өзгөртөт. Биздин компанияда кызматкерлердин жумушка канчада келгени же кеткени катуу көзөмөлгө алынбайт. Кеч келсе да, биз үчүн негизгиси – жыйынтык. Мен дайыма Beeline’дын ишмердүүлүгүнө баам салып келем, азырынча алар рыноктогу биринчи кадам таштоочулар.

Мен үчүн Beeline’дын практикалары жаңылык: кантип эле жумушчу орундары болбосун, эс алуу аймагы бар деген эмне? Кайсы бир элементтерди өзүмдүн иш практикамда колдонсом дейм. Мага HR багыты кайсы тарапка жылып баратканы, кызматкерлердин тажрыйбасын арттыруу үчүн андагы өзгөрүүлөрдү банк сферасында кантип колдонуу керектиги кызыгуу жаратат. Анткени HR – бул көптөн бери эле иш кагаздарды жүргүзүү эмес, рекрутинг да эмес. Ал ишкананы алдыга жылдырууга, өнүгүүсүнө жардам бериши керек. Ишкана канчалык чоң болсо, ошончолук аны башкаруу оорчулук жаратат,- деген оюн РСК банкынын персонал менен иштөө башкармалыгынын башчысы Толгонай Абдыкеримова билдирди.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 855, 21-27-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан