BeelineOpenDigithon-2019. МАРАФОНДУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

24-мартта Beeline компаниясынын кеңсесинде өзгөчө майрам болуп өттү. Тактап айтканда, BeelineOpenDigithon 3-санариптик марафонунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Марафондун жүрүшү жана жеңүүчүлөр тууралуу төмөнкү макаладан таанышыңыз.


МАРАФОН ТУУРАЛУУ

BeelineOpenDigithon санариптик марафонун өткөрүү, ага ар тармактагы жеке ишкерлерди, идея ойлоп табуучуларды, дизайнерлерди, түрдүү тармактардагы маркетологдорду чакыруу идеясы Beeline компаниясына таандык. Аталган демилге дүйнөлүк технологиянын күн санап өсүп жаткандыгы жана инновациялар рыногунда ага карата суроо-талаптын арткандыгы менен байланыштуу. Бул өңдүү иш-чараны Beeline компаниясы биринчи жолу өткөрүп жаткан жок. Эске салсак, 2017-жылы Digithon'дун катышуучулары мейманкана жана ресторан бизнестерин өнүктүрүү боюнча идеяларын иштеп чыгышкан. 2018-жылы катышуучулар рыноктун талаптарын изилдеп, андагы көйгөйлөрдү 24 сааттын ичинде чечүү идеяларын сунушташкан. Мында гипермаркеттерде керектөөчүлөр кассирдин кызматын пайдаланбай эле balance.kg аркылуу өз алдынча төлөм жүргүзүү функциясын ишке киргизүү айтылган. Бүгүнкү күндө balance.kg колдонуучуларга алгылыктуу кызмат көрсөтүп келе жаткандыгы талашсыз.


«АРТЫҢДА ИЗ КАЛТЫР!»

Буга чейин өткөрүлгөн марафондордо катышуучулар бизнес-долбоорлордун алкагында иш алып барган болсо, BeelineOpenDigithon-2019 долбоорунда социалдык маанилүү маселелерди оңой жана ылдам чечүү, аны менен катар киреше табуу талабы да кошулган. Марафон жалпысынан 4 этаптан туруп, 1-этапта командалар тандалып алынса, 2-этапта эксперттер командаларга бир күндүн ичинде коммерциялык ийгилик үчүн идеяны кантип иштеп чыгуу керектигин көрсөтүп беришкен. Ал эми 3-этапта командалар кыргызстандык менторлор менен иштешип, 2 жума ичинде идеяларды аягына чейин иштеп чыгышып, 4-этапта өз долбоорлорунун бет ачарын көргөзүшмөк.

Бүгүн, 24-мартта марафондун 4-этабы орун алып, анда 19 команда күч сынашты. Кубандырганы, алардын бири мектеп окуучуларынан куралган, калгандары ар кайсы окуу жайлардын студенттеринен түзүлгөн командалар болду. Баса, булардын ичинен эки команда ат арытып Ош шаарынан келишти.

Марафонду Beeline'дын укуктар маселеси боюнча директору Галина Кучерявая ачып берди. Ал өз сөзүндө: «Beeline компаниясы «Make your Mark'тын» глобалдуу ураанынын астында OpenDigithon марафонун өткөрүп жатат. Бүгүнкү марафон жаштардын билимин жогорулатууга жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга арналган. Анын негизинде жаштар экономиканын өсүүсүнө өздөрүнүн барандуу салымын кошо алышат, өздөрүнүн жаркын келечегин кура алышат деп терең ишенем. Бүгүн силер көрсөтө турган идеялардын баары ишке ашат деп ойлойм. «Make your Mark» – бул «Артыңда из калтыр!» деп которулат. Андыктан ар бир командага ийгилик жана жеңиш»,- деп бардык командаларга ийгилик каалап өттү.

Андан соң командалардын капитандары чүчү кулак кармашып, анын негизинде кезеги менен ар бир команда 5 мүнөт өз долбоорлору менен тааныштырып, андан соң 3 мүнөт калыстар тобунун суроолоруна жооп беришти. Калыстар тобунун курамында бизнес өкүлдөрү, технология жана инновация тармактарындагы дасыккан адистер отурушту.

Марафондун жүрүшүндө командалар айыл чарба, медицина, туризм тармагы боюнча, жол коопсуздугу, жаш балдардын коопсуздугу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо боюнча жаңы тиркемелерди сунушташты. Калыстар тобу командалардын эмгектерине дыкат көз салып, ар бирине өз бааларын берип жатышты. Жыйынтыгында, таштандылар үчүн атайын контейнерлерди коюп, аларды иреттеп, чогултуп сатуу (Кыргызстан эл аралык университетинин командасыныкы) жана өлкөбүзгө келген туристтерге кызмат көрсөтүү (БААУнун командасыныкы) боюнча иштелип чыккан эки долбоор кызыктыруучу сыйлыкка татыды. Бул эки командага Enactus Kyrgyzstan директорлор кеңешинин төрагасы Арсланбек Кененбаев өзүнүн жана үй-бүлөлүк «Экодеми» фондунун атынан 500 доллардан акчалай сыйлык тапшырды.

«Биринчиден, мындай иш-чараларды өткөрүп жаткан Beeline компаниясына ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Мындай иш-чаралар Кыргызстандагы санариптик экочөйрөнүн түзүлүшүнө чоң негиз боло алат. Ал эми командалар, силердин коомдогу актуалдуу идеяларды көтөрүп чыкканыңар мени абдан кубандырды. Идеяларыңарды таштап койбой, андан ары өнүктүрүп кетишиңерди каалайм»,- деп катышуучулардын баарына ийгилик каалап өттү.

Албетте, жарышта жеңүүчү бирөө гана болот. Ал ким деп турасызбы? Ал Кыргыз-Орус Славян университетинин командасы! Команда фермерлерге карата түзгөн GrowUP тиркемеси менен баш байгени жеңип, Beeline компаниясынын 70 000 сом акчалай байгесин илип кетишти. Аталган тиркеме бул жылы эмне өстүрүү пайдалуу, канча өлчөмдө өстүрүү керек жана башка фермерлерге керектүү кеңештер камтылганы жана жакшы иштелип чыкканы менен бааланды. Жеңүүчү аталган командага сыйлыкты Галина Кучерявая тапшырып, команданын ментору, Beeline компаниясынын кызматкери Екатерина Бородкинага ыраазычылыгын билдирди.

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
dinamo7
2019-04-01 20:13:10
жакшы
0
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан