Кош, жансыз клеткалар. БЕТ ТАЗАЛООНУН ЖОЛДОРУ

Адамдын бет териси абдан назик жана сезимтал. Ал айланадагы терс таасирлерден жана туура эмес тамактануудан улам көп жабыркайт. Андыктан ал маал-маалы менен тереңдетилип тазалоого муктаж. Бетти тазалоо – бул жөн гана суу менен жууп коюу эмес, ага атайын косметикалык процедураларды жасоо. Бүгүнкү күндө бет терисин тазалоонун кандай ыкмалары бар? Алар бири-биринен эмнеси менен өзгөчөлөнөт? Бул тууралуу дермато-косметолог Жанара Байсеитова айтып бермекчи.


БЕТТИ ТАЗАЛООНУН КАНДАЙ ЗАРЫЛЧЫЛЫГЫ БАР?

Безетки, косметологдун тили менен айтканда, комедондор Жер шарындагы адамдардын 80 пайызына чыгат. Буга, албетте, жашоо образы себепкер. Май бездери күн сайын теринин кургап кетишинин алдын алуу жана сырткы таасирлерден коргоо максатында май бөлүп чыгарып турат. Ички жана сырткы факторлордун таасирлеринен улам (стресс, гормоналдык өзгөрүүлөр, толук кандуу эмес уйку, туура эмес тамактануу, ички органдардын оорулары) кээде май көп бөлүнүп чыгат. Бул учурда клеткалардын жаңылануусу кечеңдейт, теридеги зат алмашуу процесси бузулуп, безеткилер, кара бүдүрлөр чыгып, теринин сапаты да бузулат. Безеткилердин түбү көбүнчө тери астында болушат. Андыктан аларды крем, скраб, маскалардын жардамы менен толук алып чыгууга мүмкүн эмес. Териге чыныгы жылмакайлыкты, серпилгичтикти терини тереңдетип тазалоо жолдору гана бере алат.

Бетти тазалоону өспүрүм курактан баштоо керек. Анткени бул курактан тарта май бездери өз функциясын аткарып баштайт. Эгер май бездеринин иштөө цикли нормалдуу болсо, клеткалар өзүнөн-өзү жаңылана берет, тазалоонун зарылчылдыгы жок.


БЕТ ТАЗАЛООНУН ЫКМАЛАРЫ


Ультра
үндүү аппарат менен тазалоо

Бул азыркы учурда кеңири жайылган процедура. Тазалоого чейин бетке атайын дезинфекциялоочу лосьон же курамында мөмө кычкылдары бар гель сүйкөлөт. Булар терини жана безеткилерди жумшартып, көптүрөт. Андан соң ультра үндүү аппараттын жардамы менен (акустикалык толкундар) теринин ички катмарындагы эски клеткалар алынат.

Терини жансыз клеткалардан жакшы тазалайт, кандын айланышын, эпидермистин тонусун жакшыртат. Клеткаларга кычкылтектин жетишин, зат алмашуу процессин шарттайт.

Териге берилген акустикалык толкундар безеткилерди толук алып чыга алышпайт, калып калышы мүмкүн. Ультра үндүү тазалоону жумшак пилинг катары санасак болот.

Процедура баасы – 1000 сомдон жогору


Вакуумдук тазалоо

Бул ыкмада учунда айнек идиши бар атайын аппарат колдонулат. Алгач бетке дезинфекциялоочу жана жумшартуучу лосьон же гель сүйкөлөт. Андан соң аба менен сордуруу аркылуу бет тазаланат.

Кан айланууну жакшыртат, капиллярдык торчолорду кетирет, теринин одуракай тешиктерин жок кылат. Клеткалардын метаболизмин жакшыртат.

Тазалоо тери үстүнөн гана жүргүзүлгөндүктөн безетки гана эмес, жансыз терилер да толук тазаланбай калышы мүмкүн.

Процедура баасы – 500 сомдон жогору


Механикалык тазалоо

Бул процедурада безеткилер атайын кашыктын, унонун жардамы менен чыгарылат. Алгач косметолог эки жолу пилинг жасайт: ферментативдик жана химиялык. Булар терини жумшартып, көбүртөт. Өлгөн терилерди алып чыгат. Андан кийин бетке камфора менен изопропиловый спирттин аралашмасынан турган термомаска жабылат. Бул маска өтө терең жайгашкан безеткилерди да жумшартат, сезгенүүгө каршы турат, антисептикалык таасири бар. Андан соң косметолог бетке жарык берип, чоң көрсөтүүчү күзгүнүн жардамы менен безеткилерди, кара бүдүрлөрдү унонун жардамы менен сыгып тазалайт. Эгер безетки бышып жетиле элек болсо, анда анын учун ачып, шприцтин ийнесинин жардамы менен алып салат. Эгер безеткилер өтө кичине болсо, 3-4 процедурага барууга туура келет. Тазалоодон кийин бет лосьон менен тазаланат. Бет терисинин тешикчелерин тарытуу жана терини тынчтандыруу максатында 15 мүнөт маска жабылат.

Тери безеткилерден, жансыз клеткалардан жакшы тазаланат.

Процедура көп убакытка созулат. Бир аз оорутуу сезилиши мүмкүн. Бет кызарып, 1-2 күндөн кийин таркашы мүмкүн.

Процедура баасы – 1000 сомдон жогору


ҮЙ ШАРТЫНДА ТАЗАЛОО

Эскертүү!!! Үй шартында бет тазалоо кооптуу. Ар дайым дезинфекция жөнүндө унутпоо керек. Эрежелерди сактабай коюу беттеги тактардын, май бездердин көбөйүшүнө алып келип, купероз, жараларды, бүдүрлөрдү жаратышы мүмкүн. Алдын ала косметологдон кеңеш алып коюуну унутпаңыз. Эгер өзүңүзгө ишенип тазалайм деп кадам таштасаңыз, анда төмөнкүлөрдү сөзсүз эске алыңыз.

  1. Душка түшүп же бетти атайын гелдер менен жууп, бууга кармап алыңыз.
  2. Колду таза жууп, андан соң спирт менен сүртүп дезинфекциялап алыңыз же атайын стерилденген кол кап пайдаланыңыз. Таза эмес кол менен тазалоо учурунда инфекция кирип кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт.
  3. Андан соң курамында мөмө-жемиш кычкылдары бар гель, лосьондорду, скрабдарды бетке сүйкөңүз. Алар бет терисин жумшартып, безеткилерди, кара бүдүрлөрдүн оңой чыгышын шарттайт.
  4. Бетти тазалап бүткөн соң атайын азыктандыруучу маска жабыңыз.


КАЙСЫ УЧУРЛАРДА СУНУШТАЛБАЙТ?

Бет тазалоо экземасы барларга, учук, жара чыккан учурларда жана кош бойлууларга сунушталбайт.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
sagunur2016
2019-04-01 14:05:17
Саламатсынарбы админ?Жанара Байсеитовага кантип байланышка чыксак болот?Алдын ала Рахмат!
0
admin_portal
2019-04-01 15:23:58
sagunur2016, саламатсызбы! Сизге купуя кат аркылуу жооп бердик.
0
ales
2019-04-03 09:52:55
Бизге да купуя кат аркылуу жөнөтүп коюңуздарчы...
0
admin_portal
2019-04-03 11:57:20
ales, саламатсызбы! Сизге да купуя кат аркылуу жооп бердик.
0
Arman7
2019-04-04 19:43:23
Мага да жонотуп койгулачы сураныч
+1
nurhan2702
2019-04-06 16:31:18
Менин терим ото кургак ,безетки омуру чыккан эмес.Кургак бетти кантип тазалоо керек
+2
ibadat2005
2019-06-11 13:35:31
Мындай тазалоолорду Каракол шаарында дагы жургузушобу
0
ibadat2005
2019-09-15 21:10:38
Жанара Байсеитова менен байланышууну мага да жонотуп коюнуздарчы!
0
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан