Атай Өмүрбеков, актёр: «МАРАЛ ЭКӨӨБҮЗДҮН СҮЙҮҮБҮЗ БҮТТҮ, АНЫ АНАЛИЗДЕГИМ КЕЛБЕЙТ»

Атай Өмүрбеков жаш актёр катары жаңы баскычтарга көтөрүлүп келе жатат. Театрдагы ролдору менен да жакшы тааныштыгым бар, бирок аны калың эл “Ээнсиреген үй” тасмасындагы “туздуу” эпизоддору менен жакшы таанышат. Ошол тасмадагы өнөктөшү актриса Марал Койчукараева менен үйлөнүп, уулдуу болушуп, кийин ажырашып кетишкендери маалым болгон. Ал эми жакында дагы бир жаш актриса ага сүйүүсүн жеке баракчасы аркылуу билдирди. Мына ушундай кызыктары, театрдагы жашоосу, баланы тарбиялоо тууралуу каарманым кызыктуу сүйлөп берди.


– Атай, бүгүнкү күндүн каарманы сен үчүн ким? Ал актёрбу, саясатчыбы же сен жөн гана таасирленген адамбы?

– Идеал туткан адамым жок. Жашоодогу адамдарга караганда чыгармадагы каармандарга көбүрөөк таасирленем. Мисалы, Гамлет, “Сынган кылыч” чыгармасындагы Бекназар, ушу сыяктуулар. Албетте, кайсы бир адамдык сапаттар жагат. Чынчылдыкты баалайм. Бир орунга тура албай энергиясы ашып-ташып турган адамдар жагат. Жаңычылдык алып келген адамдарга суктанам.


– Биринчи жолу актёрлук кесипке таасирленген учуруң эсиңдеби?

– Биринчи жолу театрга келип “Король Лир” спектаклин көргөм. Анда раматылык Мукамбет Токтобаев ойночу. Ошондо катуу таасирленгем, анткени ал адамдай Кыргызстанда, Орто Азияда “Король Лирди” эч бир актёр ойной албайт. Мага таасир берген ушу жагдай болду окшойт.


– Актёр болуу үчүн сөзсүз келишимдүү келбет же жүз керекпи? Баамдаганыма караганда, театрда сулуу жүз маанилүү. Балким, туура эмес баамдаган чыгармын?..

– Мени көрүп турасыз да, эч кандай “герой любовник” эмесмин. Мындайча айтканда, сулуу жүз, келбет жок. Мисалы, менин сулуу жүзүм болуп, бирок сүйүүнү түшүнбөй турсам, ал сүйүүнү кантип ойнойм? Кантип сахнада элди ынандыра алам? Ынандыруу үчүн күйүп-бышып, өлүп-тирилип ошол роль менен жашаш керек. Меникиндей кебете менен эле Ромеону ойно, бирок сен ишендире аласыңбы? Кеп ошондо. Сулуу жүзүң болуп туруп сахнада эмне кыларыңды билбей турсаң өлдүң да. Бул кесипте кеп сулуу жүз же келбетте эмес, 99 пайыз талант жана эмгекте. Ал эми келбети, жүзү, таланты дал келишкен адамдар чанда кезигет. Мисалы, Сүймөнкул Чокморов эки тарабы тең дал келген – гений феномен.


– Учурда театрды ээлеп турган феномендер ким?

– Мындай адам мен үчүн Марат Козукеев болчу. Ал кишинин көзү өтүп кетти. Ошол адам айтып калчу “Азыр Рыскулбековдор, Чокморовдор жок деп айтышат. Кантип эле болбосун, бар. Силерден мен ошол адамдарды көрүп турам” дечү. Анын сыңарындай, азыр деле өтө таланттуу адамдар бар. Азиз Мурадиллаев, Назым Мендебаиров, азыркы өсүп келе жаткандардын ичинде да бар.


– Үй-бүлөңдө чыгармачыл адамдар барбы?

– Эч ким жок. Билбейм, мен кайдан актёр болуп калдым? Негизи Туризм академиясына тапшыргам, география сабагынан мыкты болчумун, олимпиадаларга катышып жүрчүмүн. Анан Жаныш Кулмамбетовдун аялы Махабат эже “сен искусство институтуна тапшырып көр, өтсөң өттүңдеп калды. Эки жакка тең өтүп кеттим. Бирок актёрлук жакка табитим тартып, тиги окуумду таштап койдум. Үчүнчү курста эле Кыргыз драма театрына чакырып калышты. Билесиз, бул жакка оңой менен чакырык ала албайсың. Орто жолдон “окуумду да, ишимди да таштайм, Москвага барып иштеп келем” деп чыктым. Калича Сейдалиева менин эжейим болот, ошол адамдын актёр болушума салымы бар. “Атай, бир жериңди кыс. Актёр болосуң, сенин ордуң театрда” деп алып калган. Тасма жаатындагы дебютум “Ээнсиреген үй” болду. Чындыгында тасмада тажрыйбам жок болчу, биринчи эле ушундай чоң, “массовый, кассовый” тасмага тартылып калдым. Тандоодо толтура адамдын аягында бир модель жигит экөөбүз калганбыз, экөөбүздү кайра-кайра карап жатышып мени тандашыптыр. Ийгилик жылмайдыбы же гениалдуу ойноп койдумбу, билбейм үлүп).


– Учурда ажырашуу көп болгондуктан эркек балага энелер тарбия берип жатышпайбы. Чыныгы мырза болушу үчүн эркек баланы кантип тарбиялаш керек?

– Эне эркек баланы сонун эле тарбиялайт. Качан эле кыргызды ата тарбиялачу эле, башынан эле аталар үй-бүлөдөн сырткары болуп, баланы тарбиялоо эненин моюнунда болгон. Өзүм атасыз өскөм, бул нерсени жон терим менен билем. Бардыгы адамдын өзүнөн, чөйрөсүнөн көз каранды. Эне болгону уулунун чөйрөсүн аябай жакшы байкашы керек. Мен тайларымдын колунда өстүм, Кудай жалгап, апам тарс-тарс сүйлөгөн, чечкиндүү адам. Маселе чыкканда “Апа, эркекче сүйлөшөлүбү же мындай эле сүйлөшөлүбү?” дейм түз эле. Апам “эркекче” дейт. Тарс-тарс эле сүйлөшүп чечишип алабыз. Эркекти чыныгы мырза кылуу үчүн жашоосун жеңил кылбаш керек. Үстүнө үйрүлүп түшпөш керек. Бала кезинен баштап эркектин ар бир күнү күрөшүү, кыйынчылыкты жеңүү менен коштолсо анык эркектик сапат пайда болот.


– Демек, энелер катуу болуусу керек, бирок эненин табиятында жок да ал нерсе?

– Биздин чоң энелердей, апалардай аялдарды эми кезиктирбей калдык го. Алар 10-12ден төрөп, аларга жетишип, күйөөсүнө, ишине жетишип, анан сонун тарбия бергенге да үлгүрчү. Азыркы аялдар эч качан андай боло алышпайт. Экини төрөгөндөн кийин жүдөйт, чимкириги агып калат.


– Аял темасына кирип калдык, сенин мисалыңда, сүйүү кайсы учурда бүтүшү мүмкүн?

– Сүйүү – эмоция. Демек, анын башталышы жана бүтүшү бар. Сүйүп жатканыңда адреналин, эндорфин гормондору бөлүнүп чыгат. Иштебей жаткан мээнин булчуңдары иштеп кетиши мүмкүн, корккон нерсеңден коркпой калышың мүмкүн. Менин сүйүүмө келсек, эң жакшы учуру башталганы болду. Эмнеден бүтүп калды? Анализдегим келген жок. Бул теманы ойлонуп кирип алсаң токой экен. Бул бурулушта сен күнөөлүүсүң, кийинкиде тиги күнөөлүү, анан кайра сен. Күнөөлүү жана күнөөсүз тарап болбогондой эле, аягы жок. Анализдесем өзүмө эле оор болчудай, ошол үчүн ал эшикти жаап туруп, өз жолумду улантуу керек деп ойлодум.


– Марал менен ажырашып кеттиңер, бул абалды экөөң тең эле ачыктадыңар да, туурабы?

– Жок, ал да, мен да “ажыраштык” деп айткан жокпуз. Эки жолдобуз деп айттык, Марал өзүнүн кесиби менен иштеп жүрөт, мен өзүмдүн кесибим менен иштеп жатам. Уулум бирде ал жакта, бирде мага келип турат.


– Ошондо ажырашкан жоксуңарбы?

– Жок, азырынча расмий түрдө ажыраша элекпиз.


– Ажырашкандар кийин достукту сактап калууга мүмкүнбү?

– "Сүйүүнү достук деген сөз менен булгаба" деген сөз бар. Бет карашпай калуу планыбызда жок, бирок достук мамилени сактап калдык деген нерсени айтуудан да алысмын. Бири-бирибизди сыйлап, адамгерчилик менен мамилебизди улантабыз деп ойлойм.


– Жакында актриса Таазим Үметалиева өзүнүн жеке баракчасына сенин сүрөтүңдү коюп, сүйүү сөздөрүн жазды, жаңы сүйүү башталдыбы?

– Ооба, мен окудумүлүп). Ал мага жазылган, мага арналган деп кабыл алган жокмун. Экөөбүз кесиптеш катары гана жакшы мамиледебиз.


– Маегиңе рахмат!


Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Атай Өмүрбеков: “Марал экөөбүздүн сүйүүбүз бүттү, аны анализдегим келбейт“
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Jagym94
2019-04-01 19:26:22
Илгеркидей энелерди күтсөңөр,илгерки аталардай болгула...
+49
istina
2019-04-01 20:58:10
Мыкты ,таланттуу актер!!! Махабат киносундагы аткарганычы! Коз карашы менен эле образды жеткире аткарат, бар болсун, коп жашасын! Айткандары чындык, молодес да молодес!
-7
Aiymkunumjyldyzym
2019-04-01 22:05:25
Suiuunu emosia dep,al buto turganyn bilgenden kyiyn emne balaluu bolosun,suiuun butkucho jawap,ajyrawyp kete turgandai ui bulo kuruu oiunchukpu?Chimkirikterdi agyzyp koidun go,joopkerchilikten kachyp,tawtap ketken erkekterdin aialdary jon ele bagyp jurot baldaryn,
+11
Birimdik5555
2019-04-02 02:19:54
Маралды суйот окшойт дагы эле,кой ажырашпагыла бактылуу болгула. Азаматсын таланттуу актер баалайм сени
+3
moskyrsat
2019-04-02 02:56:03
Ата болбосо бала кыйналат. Озунун деле башынан отуптурго атасыз кундор. Кечиримдуу болгулачы айланайындар
+9
Akylai_aktan
2019-04-02 07:21:51
ушул чыгармачыл адамдар эгоист келесиңер ээ?Өзүңөрдүн жеке кызыкчылыгыңар үчүн эле жашайсыңар бар жокту таштап,даже үй бүлөнү.Элге окшоп кой үйлүү жайлуу болоюн,эртеңими ойлоюн деш жок.Эл көрбөгөн мамлекеттерге барып саякаттап,өзүңөр билгендей жашап,анан эртең каарыганда мамлекетке док урунасыңар мага үй бербеди,менин айлыгым аз болгон деп.
+14
Siren.ms
2019-04-05 20:15:13
Akylai_aktan,чыгармачыл эле адамдар эмес тируу жандын баарыле озун ойлойтда
0
Shahrizaada
2019-04-02 14:18:05
Ошондо баландын тарбиясына сенин эч кандай тиешен да,жоопкечилигинда жок болуп калабы?Бала оюнчукпу силерге, ырас аталык тарбияны бере албасан сырткале тушуруп салсан болмок ошондо. Наристенин жан дуйносуно булук салып кыйнабай.
+13
barakcha
2019-04-02 15:03:53
Shahrizaada,ошону айтсан...Начар киши экен бул!
+7
clever777
2019-04-03 13:22:03
Таазим менен ээрчишип жургонун коп коргом.
0
Arinsa
2019-04-03 13:55:46
Кыйын экенсиң,эркек экенсиң бир баланы алчы тарбияңа.
Өзүң айткандай чимкиригиң агып калбастыр.
Негизи ажырашкандан кийин эркек баланы багууга милдеттүү болот ислам дининде да.Аа сен буларды түшүнө бекенсиң.
Кайдан эртең эле жаш селкиге азгырылып балаңды унутаарсың.Сендейлердин табияты ушундай.Өзүңөрдү алдап балаңдан кабар алымыш болуп койгонуңар болбосо.
+4
nazgul20
2019-04-03 14:45:08
Бир ХХХХХ деди дейби Калича Сейдалиева ....
0
Sajakat14
2019-04-03 19:00:28
Маралды дагы деле сүйөт окшойт.
0
Sajakat14
2019-04-03 19:01:24
Маралды дагы деле сүйөт окшойт. Жармашып эле алышса мүмкүн.
0
Meken28
2019-04-03 22:53:43
Syrtky kelbetindi kuzgudon karap,ozundu adamdyk sapatyna baa berip jashabaisynby,ajyrashtym dep gazetaga chykkandan koro chykpaile koiboisunarby erkekter,(erkektektik namys barby)Uulundu eki jakka kuchuk kylbai choguu jashabaisynby.Tukurdum silerge okshogon erkekterge,ushintip kyrgyz kyzdardy kor kylasynar
+4
pero5184
2019-04-04 23:55:24
Жакшы жигит балаңды жетим кылба
+1
Gema
2019-04-05 11:43:45
Озун тем более атасыз оссон кантип энеси менен эле сонун жашайт деп атасын... озун албаган аталык мээримди оз балана берсен болмок... озун деле билеерсин атасыз кандай кыйын.!
+2
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан