ЖАЙКЫ МОДА – 2010 САРКЕЧТЕР ҮЧҮН

Мода дүйнөсүндө

Урматтуу окурман, сиз модалуу, саркеч, жарашыктуу кийинүүнү жактыргандардын катарын толуктайсызбы? Анда сөзсүз төмөндөгүлөргө көз чаптырышыңыз керек. Эң романтикалуу, анан да аптаптуу жайга дүйнөлүк мода эмнени тартуулайт?

ЭМНЕЛЕР МОДАДА?
Быйылкы жайкы сезондун кийимдери деп, матростор кийүүчү ала көйнөк, жынсы көй­нөктөр, кыска топик жана чоң жазуусу бар майкалар, чогултулган жеңдүү жана жука, дене көрүнгөн кофталар, башкача айтканда, “жарганат сымал” кийимдер, түстүү лосиналар, түрүлгөн шымдар жана чолок шымдар (шорта), жылтылдаган көйнөктөр саналат.

КАНДАЙ ТҮСТӨР МОДАДА?
Дүйнөлүк мыкты дизайнерлер “бул жылы кандайдыр бир түс модада деп баса көрсөтүү кыйын” дешет. Бир туруп ыңгайлуу, кир көтөрүмдүү күңүрт түс модада болсо, бир туруп өтө ачык өңдөр мода боло калат.
Күрөң жашыл. Бул түс жолборс жылында модада. Андыктан ушул жайда спорттук, классикалык же башка стилдеги кийимдерди алууда ушул түстү тандай берсеңиз болот.
Ак түс. Жай мезгилинде ак түс мода болорун сезип, алдын ала гардеробуңузду толуктап алган болсоңуз, жеңиш сиз тарапта. Мыкты дизайнерлердин айтымында, ак эч качан модадан калбайт. Назиктикти, аруулукту чагылдырган бул өң айымдардын жүзүнө дайым жарашып келет. Ак түстөгү көйнөк же шым, кофта кийе турган болсоңуз, кошумча аксессуар болгон сумка, бут кийим да ошол түстө болуусу зарыл.
Ачык түстөр. Көзгө жарк этип көрүнгөн түстөгү кийим бул жылдын модасы десек болчудай. Эгер гардеробуңузда ачык кызыл, сыя, көк, жашыл, күлгүн, сары жана күрөң түстөгү кийим болсо, өзүңүздү саркечтердин катарына кошо бериңиз. Бир гана нерсе – кийимге ылайыктуу жана туура аксессуар тандаңыз.

ТУУРА АКСЕССУАР ТАНДОО
Буга чейин сумка менен бут кийимди бирдей түстө тандап кийип келсеңиз, жай мезгилинде бул тууралуу унутуңуз. Сумка менен бут кийим бири-бирине эмес, кийимге түспөлдөш болушу шарт. Болбосо, сумка белге таккан курга же асем буюмдарга өң жагынан окшош болгону туура.
Алтын менен күмүштү аралаштырып тагынуу такыр туура эмес. Ал эми асем буюмду зер буюм менен аралаштырып тагынуу модада.

КҮНДӨН КОРГОНУУЧУ КӨЗ АЙНЕКТЕР
Быйыл 80-жылдардагы күндөн коргоочу көз айнектер кайрадан модада. Төрт бурчтуу, беттин жарымын жапкан көз айнектин түрүн дизайнерлер жылдын модасы катары белгилешкен. Ал эми кандай түс болсун десеңиз, көз айнектин өңү чектелбейт. Жүзүңүзгө, теринин өңүнө жараша тандай бериңиз.
Эгер төрт бурчтуу, чоң, күндөн коргоочу көз айнек жүзүңүздүн формасына жарашпаса, анда кичинесине токтолууга болот. Бирок анда негизги көңүлдү формасына жана түстөрдүн гаммасына буруңуз. Ошондой эле көпөлөк формасындагыларды тагынып көрүңүз. Бул да жайдын саркеч аксессуарларынын бири.

САРКЕЧ КУПАЛЬНИКТЕР
Бул жайдын купальниктери ачык, жумшак, ассиметриялуу жана спорттук стилде экенин дизайнерлер айтып чыгышты. Эскерте кетсек, спорттук стилдеги купальниктер баарына эле жараша бербейт. Айрымдарды толук көрсөтүп коюшу ыктымал. Ага да көз салып коюу ашык болбос. Ассиметриялык купальниктер өткөн жылы да модада болгон. Бул жылдын өзгөчөлүгү – анын түсүндө болмокчу.
Ал эми мырзалар сууга түшөрдө кийүүчү ич кийимдер бул жылы да мурунку эле моданы ээрчийт. Алар үч бурчтуу, стринг, чолок шым сымал ич кийим, ичке белдүү боксчуларга арналган сууга түшүүчү ич кийим болуп бөлүнөт. Дизайнерлер мырзаларга быйыл чолок шым сымал сууга түшүүчү ич кийимди сунушташат. Ал сууда сүзүүгө да, сыртта сейилдеп жүрүүгө да абдан ыңгайлуу.

МЫРЗАЛАР МОДАСЫ
Эгер классикалык стилде кийинген мырзалардын катарында болсоңуз, бул жылы да классика модада. Болгондо да, ачык боз түс. Ал эми кызыл түстөгү галстук жылдын супер-модасы. АКШнын ажосу Барак Обама бул жылы кызыл галстугун чечпей жүргөнүн байкасаңыз керек. Бул анын саркечтигин айтып турат. Ошондой эле кызыл байпак кийип алуу да сунушталат. Ачык түстөгү футболкалар, көп чөнтөктүү шым жана чолок шымдар, темир аксессуарлар бардык курактагы мырзаларга жарашат. Замша же лакталган бут кийим модада.

ЖАЙКЫ ЧОЛОК ШЫМ
Мырзалардын гардеробунда сөзсүз кезигүүчү жайкы чолок шым бул жылы кандай болуусун сурасаңыз, анда дизайнерлер төмөндөгүчө жооп берет. Эң башкысы, чолок шым тизеден ылдый болбошу керек. Узун сызыгы менен, сызыгы жок, этеги түрүлгөн жана түрүлбөгөн болот. Материалы пахтадан согулган кездеме же лён болушу керек. Дизайнерлер чолок шымды пиджак менен кийүүнү сунушташат.

Араңыздарда күлгүн түстү жактыргандар болсо, бул жайкы сезон сиз үчүн. Анткени бул түс мырзанын терисин, көздөрүн өзгөчө көрсөтөт экен.
Ошондой эле жаныбарлардын терисинен жасалган жамынма да жайкы моданын катарында экенин унутпаңыз.

БУТ КИЙИМ
Айымдар үчүн бул жайда тор сыяктуу токулган өтүктөр модада. Мындай өтүк бутту узун кылып, бир топ арык көрсөтөт.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kktl
2010-07-25 03:25:30
Moda ushunchalyk jagymsyz nerse, oshonduktan ar alty aida almashtyryp turushat. (OSCAR WILDE)
0
№ 402, 16-22-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан