ДҮЙНӨНҮН ЭҢ МЫКТЫ МУГАЛИМИ АФРИКАНЫН КЫШТАГЫНДА ЖАШАЙТ

Кениянын Пвани кыштагынын мектебинде физика жана математика мугалими болуп иштеген Питер Табичи Global Teacher Prize эл аралык сынагынын жеңүүчүсү деп табылды. Жеңүүчүнү сыйлоо аземи 23-мартта Дубай шаарында болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, аталган эл аралык сынакка 179 өлкөдөн 10 миңге жакын мугалим катышкан. Жыйынтыгында 36 жаштагы Питер Табичи баарынан алдыга озуп чыгып, бир миллион АКШ доллар акчалай сыйлыкка ээ болгон.

Питер Табичи өз сөзүндө “Бул жеңиш окуучуларыма таандык. Чынында биздин мектепте мугалимдер, окуу куралдары жетишсиз. 58 окуучуга 1 мугалим туура келет, окутуу үчүн бир эле компьютер бар. Мындан улам менин айлыгымдын 80 пайызын окуучулардын окуу куралдарына жана мектеп формаларына жумшайм. Кыйынчылыктарга карабай окуучуларым талыкпаган аракеттеринин натыйжасында эл аралык сынактарда жеңиштерге жетишип жатышат. Бул мен үчүн сыймык” деп баса белгилеп айткан.

КЛОНДОЛГОН КҮЧҮК ПОЛИЦИЯДА КЫЗМАТ ӨТӨЙТ

Алгачкы жолу клондолгон күчүк Кытай полиция кызматына үйрөтүлө баштады. Аталган күчүк Кытайдын Коомдун коопсуздугун коргоо министрлигинин убакытты жана акчаны үнөмдөө максатында полиция кызматындагы иттерди клондоо боюнча программасынын негизинде клондолгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, эки айлык күчүктүн аты Куньсюнь. Ал буга чейин полиция кызматында иштеп бир нече кылмыштардын бетин ачууда өз салымын кошкон, овчарка породасындагы Хуахуанманын клону. Хуахуанма өлгөндөн кийин анын терисинен ДНК алынып, эмбриону жасалып, башка иттин жатынына салынган. Операция жолу менен жарыкка келген күчүк учурда 33 жылдан бери полиция кызматындагы иттерди үйрөтүп келген машыктыруучунун колунда тарбияланууда.

koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан