ИМПОТЕНТ ЭРКЕКТЕРДИ КАНТИП АЙЫКТЫРСА БОЛОТ?

– Эркектерди импотенттиктен айыктыруучу элдик медициналык ыкмалар барбы? Минтип сураганымдын себеби, айыл жеринде жашагандыктан, ооруканага жатып дарыланууга шартым жок. Мындай ооруга мен гана эмес, досум да кабылып, өз алдынча дарылануунун жолун билбей отурабыз. Токо, Кочкор.

– Элдик медицинада эркектер бел кубатын калыпка келтире ала турган төмөн­күдөй дарылануу ыкмалары бар:

  • Үч же бир жылдык алоэнин 500 граммын эт тарткычтан өткөзүп алып, ага 500 грамм таза бал, 500 грамм кызыл вино (16-17 градустуу) кошуп, аябай аралаштыруу керек. Анан алынган эритме куюлган идиштин оозу бекем жабылып, 5 күн муздак жерге кармалат. 5 күндөн кийин даяр эритмеден бир чай кашыктан 3 маал тамактан 1 саат мурун иче баштоо кажет. Бул 7 күн кайталанат. 7 күндөн соң эритмени аш кашык менен ичүүгө өтүү талап кылынат. Өлчөмү жогоркудай болуп эле 3 маал тамактан 1 саат мурун ичилет. Ушинтип 45 күн ичүү талапка ылайык.
  • 30 же 50 грамм кадимки эле тоголок пиязды майдалап кесип туруп жанчып, буга тооктун эки жумурткасынын сарысын кошуу керек. Аралаштырып туруп, ачкарын 3 маал тамактан бир саат мурун ичүү сунушталат.
  • Жаңгактын данегин майдалап алуу кажет. Анан майдаланган данек канча стакан чыкса, ага ошончо стакан бал кошуу керек. Башкача айтканда, бал менен жаңгак теңме-тең болуусу зарыл. Мындан 3 маал тамак ичкенден 30 мүнөт өткөндөн кийин 1 аш кашыктан жеш керек. Эгер мүмкүн болсо, жеп жатканда бир стакан эчкинин сүтүн (болбосо уйдун сүтүн) ичүү талапка ылайык. Дарылануу курсу бир ай.
  • Кадимки эле мумиёнун 0,2-0,3 граммына сабиздин маңызын кошуп, 2 маал: эртең менен жана кечинде уктаар алдында ачкарын эки аш кашыктан ичүү керек. Эритменин бир бөлүгү мумиё болсо, 20 бөлүгү сабиздин маңызынан турганы талапка ылайык. Дарылануу убактысы 1 ай.

Эскертүү: Сабиздин ширесинин ордуна мумиёну 1 жумуртканын сарысы менен кошуп,1 апта ичсе да болот. Бул өзгөчө балалуу болбой жаткан эркектерге сунушталат жана пайдасы зор.

  • Чоңдугу тооктун жумурткасындай болгон кадимки эле пиязды кечинде жеп койсо, эркек жыныстык жагынан күчөп чыга келет. Же 2-3 баш майдаланган пиязга 400 грамм жылуу сууну куюп, күнүнө 3 маал 100 граммдан тамактан кийин ичүү керек.


БОЙГО БҮТҮРБӨӨЧҮ ТАБЛЕТКАЛАРДАН МУРУТ ӨСҮП, ЧАЧ ТҮШҮП КАЛАБЫ?

– “Бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды колдонууда чачтар түшүп, мурут өсүп, аял толуп кетет” деп угабыз. Мындан тышкары, жаш кыздарга аны колдонуу зыян экен. Ушулар чынбы? Дегеле, бойго бүтүрбөөчү таблеткалардын организмге кандай таасири бар? Диля, Сания, Маку, Жалалабат.

– Бойго бүтүрбөөчү таблеткалардын ар түрдүүлөрү бар. Мисалы, «Марвелон», «Ригевидон», «Нон-Овлон», «Тризистон», «Триквилар» жана башка.
Гормоналдык таблеткалар тууралуу чындыгында эле эл ичинде ар кандай имиштер айтылып келет. Эмесе, андай имиштердин канчалык деңгээлде чындыгы бар экендиги жөнүндө сөз кылалы.
1-имиш. Таблеткалардан чач түшүп, мурут өсө баштайт.
Чындыгында, таблеткалар чачка эч кандай таасирин тийгизбейт. Тескерисинче, мисалы, Германиядан чыгарыла турган “Диане-35” каражаты беттеги ашыкча түктөрдөн арылтып, чачтын коюу болуп өсүүсүнө көмөгүн көрсөтөт.
2-имиш. Жаш кыздарга пайдаланууга болбойт.
Чындыгында, кыздардын этек кири келе баштаган болсо жана ал жыныстык жашоодо жашаса, таблеткаларды колдонууга уруксат гана эмес, колдонуусу зарыл. Учурда курамында гормондору аз болгон каражаттар чыгарылууда. Врачтар аларды көбүнчө өспүрүмдөргө сунушташат.
3-имиш. Гормондордон аял толуп кетет.
Чындыгында эле кээ бир гормоналдык каражаттардан аялдын төшүндө жана жамбашында көп эмес өлчөмдө май катмары пайда болот. Бирок, организм каражатка көнгөндөн кийин ал майлар кетип калат. Заманбап каражаттардын көпчүлүгү толуп кетүүгө жеткирбейт.
4-имиш. Таблеткалардан кийин көпкө чейин аялдын боюнда болбойт.
Чындыгында, эгер аялдын денсоолугу калыпта болсо, анда аял таблеткаларды ичүүнү токтоткондон кийин бир айдан соң кош бойлуу боло алат.
5-имиш. Таблеткалар сексуалдуулукту төмөндөтөт.
Чындыгында, таблеткалар төшөккө оң таасирин тийгизет. Анткени, таблетканы пайдаланууда аял “боюмда болуп калат” деп коркпой, төшөктө өзүн эркин, активдүү сезет. Ошентип, кандайча сексуалдуу болуп кеткенин да билбей калат.
6-имиш. Тамеки тарткандарга болбойт.
Чындыгында эле тамекинин курамындагы никотин менен гормон бири-бирине коошпой турган нерселер. Антсе да гормоналдык таблеткадан баш тарткан туура эмес. Болгону, врачка тамеки тарта турганыңызды айтсаңыз, ал курамында гормону аз таблетканы жазып берет.
7-имиш. Таблеткадан теринин өңү өз­гө­рүлөт.
Кээ бир таблеткалар териге оң да, терс да таасир тийгизбейт. Ал эми “Диане-35” каражаты безеткиден кутулууга жардам берет. Ошондуктан, бул каражатты врачтар кө­бүнчө өспү­рүм кыздарга сунушташат.

ЭСКЕРТИП КЕТҮҮЧҮ НЕРСЕ:
Гормоналдык таб­леткаларды дарыгердин кеңешисиз кабыл алууга болбойт. Өзгөчө бөй­рөгү, ашказан алдындагы бези ооругандар жана организминде гормоналдык өзгөрүүлөр барлар (мисалы, этек кири баш аламан келгендер же этек кири убактылуу келбей калгандар, богок оорусуна чалдыккандар ж.б.) таблеткаларды өз алдынча колдонбоолору керек. Дарыгер-гинекологго көрүнүп, анын кеңешинен кийин гана пайдаланышса болот.

Даярдаган Айганым Байдөөлөт кызы

Материалды даярдоого салымын кошкондугу
үчүн дарыгер-сексопатологАскаров Күлчорого,
гинеколог Мира Табылдиевага ыраазычылык билдиребиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 230, 30-март-5-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан