"КЫРГЫЗ ТЕМИР ЖОЛУ" ОРУСИЯГА БЕРИЛЕБИ?

28-март күнү Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз өлкөсүнө келет. Кыргыздын стратегиялык өнөктөшү болгон державанын ажосу менен Сооронбай Жээнбековдун Бишкекте жолугушуусунда өлкөнүн эгемендүүлүк маселесин күн тартибине чыгара турган чечимдерге кол коюлушу мүмкүн деген талкуу жүрүүдө.

МИЛЛИОНДУК КАРЫЗДАР КЕЧИЛГЕН

Владимир Путиндин Бишкекте Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусунда бир катар маанилүү маселелер боюнча сүйлөшүү, макулдашуу болору күтүлүүдө. Көпчүлүккө түшүнүктүү болгондой ири державанын ажосу жөнү жок келе бербейт. Акыркы жолу Путин Кыргыз өлкөсүнө Алмазбек Атамбаевдин тушунда 2017-жылы февраль айында келген. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын Орусияга болгон 240 миллион АКШ долларлык карызы кечилип, дагы 200 миллион доллар ЕАЭБге киргендиги үчүн жардам катары берилген эле. Ал эми Атамбаев Путинге ак боз ат белекке тартуу кылган.

Андан бери 2 жылдай убакыт өтүп, өлкөдө президент алмашып, саясий абал да өзгөрдү. Буга чейин өлкөдө жаңы тышкы иштер министри дайындалганда чет өлкөгө алгачкы сапарын Чыңгыз Айдарбеков Москвага жасаган. Ал эми февраль айында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкекке келип жолугушуу өткөргөн. Ошондой эле ушул жылдын 9-февралында Жээнбековдун Сочиде Путин менен күтүүсүз жолугуп келгендиги мартта боло турган сапарга даярдыктай кабыл алынган. Мындан тышкары Путин келер алдында бир катар окуялар орун алды: Баткендеги Тажикстан менен чек ара маселеси, Якутиядагы чырдын чыгышы жана орус телеканалдарынын бириндеги чуу жараткан кыргыз мигранттарды каралаган көрсөтүү... Жаздын келиши менен Атамбаев баштаган КСДПнын расмий түрдө оппозицияга өткөндүгүн жарыялашы да болду. Сапардын бул сыяктуу окуялар менен коштолгону да бир катар ой толгоолорду күчөттү.

ПУТИН КЕЛЕ ЭЛЕК ЖАТЫП ТААСИР БЕРДИ

Путиндин иш сапары боло элек жатып кыргыздарга таасирин тийгизди. Азырынча жагымдуу жагынан. Аталган иш сапардын алкагында Орусиядагы кыргыз мигранттары үчүн бир ай мунапыс жарыяланды. Анда Орусиянын аймагында миграциялык мыйзамды бузуп жүргөн кыргыз жарандары 22-апрелге чейин эч кандай тоскоолдуксуз чыгууга жана кайра каалаган учурда административдик жоопко тартылбастан кирүүгө болору тууралуу кабарланды.

Расмий билдирүүлөргө таянсак, Путиндин Бишкекте Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн экономика министрликтери жана эки өлкөнүн бизнес-коомчулугу катышкан иш-чарага катышат. Путин бул жолу чиновниктер менен эмес, ири орус бизнесмендери менен келери бышыкталды.

“Бул жолку жолугушуунун башкы максаты – Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле, ЕАЭБ жана башка эл аралык маселелер боюнча сүйлөшүүлөр орун алат” деп билдирди Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Ал эми өлкөбүздүн президенттик аппараты соода-экономикалык, энергетика жаатында, аскерий кызматташуу жана айыл чарба жаатындагы долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүрөрүн, эки өлкөнүн ортосунда 30га жакын документтерге кол коюлуусу мүмкүн экендигин билдирди.

АСКЕР БАЗАСЫН КУРУУ ТАЛКУУЛАНБАЙТ

Акыркы жылдары Кыргызстандын түштүгүнө экинчи орус аскер базасы ачылышы мүмкүн деген пикирлер күчөгөн. Кезинде Орусия Ош шаарына ыктаган болсо, кыргыз тарап чек арадагы чырлардан улам Баткенде болуусун көздөгөн. Бирок эки президенттин жолугушуусунда аскер базасы тууралуу талкуу болбой тургандыгы кабарланды.

“Орусия ири каражат коротуп, түштүктө аскер базасын куруудан баш тарткан. База куруп бер деп жабышкандан көрө, аймагында башка өлкөнүн аскер базасы жок мамлекет жакшыраак. Аскерий кызматташуу жаатындагы сүйлөшүү дегени “Ленин”, “Дастан” жана башка заводдорубузду иштетип, курал-жарак, торпедо снарядына керектүү нерселерди чыгаруу боюнча жүрүшү ыктымал” деп белгилейт саясат талдоочу Орозбек Молдалиев.

Экинчи базаны ачуу эмес, Кант шаарындагы аскер базасынын статусун өзгөртүү боюнча сүйлөшүү жүрөт. Аталган авиабаза кеңейтилеби же багыты өзгөрөбү, азырынча айтылган жок. Белгилей кетсек, учурда Орусиянын объектилери Кантта, Ысык-Көлдө деңиз-аскер базасы, Майлуу-Суу шаарында сейсмологиялык пункт жана Чалдоварда байланыш түйүнү жайгашкан.

Бул жолугушууда өлкөбүздөгү энергетика тармагына экинчи дем берилеби деген үмүт бар. “РусГидродон” майнап чыккан эмес, бирок өлкөнүн энергетикалык потенциалы бар экендиги талашсыз. “ГЭСтерди салуу үчүн ири каражат керектелет. Азыркы тапта Орусия көп каражат короткусу жок. Жаңы долбоор боюнча сүйлөшүүлөр ишке ашуусу мүмкүн, бирок кол коюлгандан кийин деле канча долбоор иш жүзүнө ашпай жылдап эле ордунда турат. Негизгиси сүйлөшүлгөн иштерди ишке ашырууну көзөмөлдөө керек” деп кошумчалайт Орозбек Молдалиев.

“КЫРГЫЗГАЗДЫН” СЦЕНАРИЙИ УЛАНАБЫ?...

Орусия президентинин сапарында эң негизги маселе катары Кытай – Кыргызстан – Өзбекстанды аралап өткөн темир жолду куруу маселеси талкууланары айтылууда. Ушул жылдын март айынын башында өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бул боюнча иш бекитилип, документке кол коюу гана калганын ачыктаган. Ага чейин эле 2018-жылы ноябрь айында Бишкекте Жээнбеков Орусиянын башкы темир жол ишканасы “РЖДнын” жетекчиси Олег Белозеров менен жолукканы белгилүү.

Ал эми “РЖД” өткөн жылы октябрь айында эки долбоорго багыт коюлуп жаткандыгын айткан. Алардын бири Кыргызстандагы темир жолдорун модернизациялоо жана куруу деп билдиришкен эле. Бул үчүн техникалык-экономикалык негиздеме даярдалып жаткандыгы кабарланган.

Бул ири долбоорду ишке ашырууга “Кыргыз темир жолунун” алы жетпейт, ал эмес, бул ишкананын ичиндеги коррупциялык иштерди жоё албай жаткандагы чуулар бир канча убакыттан бери токтобой келе жатат. Темир жол эмес, жөнөкөй жолду араң куруп жаткан мамлекет ири долбоорду ишке ашыруусу күмөн жаратат. Демек, “Кыргызгаздын” сценарийин улай “Кыргыз темир жолу” “РЖДнын” курамына кирип кетүүсү мүмкүн...

Кезинде 2013-жылы “Кыргызгаз” ишканасы карыздары менен кошо 1 долларга “Газпромго” сатылган. Бул макулдашуу менен Кыргыз өлкөсүнүн аймагына Орусиядан жаратылыш газы жеткирилип, баасы арзан болору күтүлгөн. Бирок учурда газдын баасы байкаларлык арзандап кетпегенине күбө болуп жатабыз.

ГЕОСАЯСАТТЫ КАМТЫГАН ТЕМИР ЖОЛ

20 жылдан бери Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп келген. Бирок сөздөн ишке өтө элек. Бул темир жол үч өлкөдөн өтүп, транзиттик мааниге ээ болот. Өлкөдөгү темир жол ар бир аймакты камтыбагандыгы, жаңы жолдордун жоктугу экспорт кылуу үчүн товарларды ташууда кыйынчылык жаратып келет. Темир жол менен адам, жүк ташуу автоунаа менен ташуудан алда канча арзан. Өлкөдө 90 пайыздан ашык жүк ташуулар автоунаа менен ишке ашат. Коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстандагы темир жолдорунда СССР тарагандан бери көрүнүктүү жылыш болгон эмес.

Бул темир жол салынып калса бир канча өлкөнүн соода-экономикалык катышы кескин өсөт. Кытай, Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Түркия жана андан ары Европага өтүп кетет. Экономикалык жактан караганда, бул жол Кытай менен Өзбекстан үчүн көбүрөөк пайдалуу, бирок геосаясатты камтыган жолдо Орусия да катышкысы келет. Кыргызстан үчүн бул темир жол өлкөнүн түндүк жана түштүгүн кошуп, Бишкек-Ошту байланыштырса гана көбүрөөк пайдасын алып келет.

Албетте, бул темир жолду салууда миллиарддаган каражат керектелет. Мындай сумма Кыргызстанда жок. Ал эми Орусия болсо Кыргыздын бул абалын алаканга салгандай көрүп турат.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
oshondoiraak
2019-04-02 00:16:10
Кана эми темир жол курулуп Европага каттап калсак
0
Djumaev0mur
2019-04-05 15:30:33
Сощ жок биздин бийлике, каяктагы Кытай мн Озбекстанга жол куруп аларды Кыргызстанга киргизбей, Орусия мн мамилесин жакшы кылса болот эле
0
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан