КЫРГЫЗ ФУТБОЛЧУСУ ФУТБОЛ ДҮЙНӨСҮН ТАҢ КАЛТЫРДЫ
Бул аптада футбол дүйнөсү кыргыз футболчусунун “кылыгын” талкуулап жаткан учур. 13 жаштагы кыргыз футболчусу Бекназ Алмазбеков Түркиянын "Галатасарай" клубунда ойноп келет. Ал "Галатасарай" – "Истанбулспор" беттешинин чабуулдарынын биринде айып аянтчага кулап, калыс 11 метрлик айып сокку дайындаган. Бул жерде эч кандай эреже бузуу болбогонун көргөзгөн Бекназ пенальтиден топту атайылап дарбазага тепкен эмес. Мындай адилеттүүлүктү футболдо чанда гана көрүүгө болот. Неймар эмес, Клозенин чынчыл аракетин баалаганы көрүнүп турат. Беттеш уланып, 2:0 эсебинде “Галатасарай” жеңишке жетишкен. Алмазбеков оюндан баары бир өз голун киргизе алган.
Бекназ Алмазбеков "Галатасарай" клубунун 14 жашка чейинки командасынын капитаны. Ал Бишкектин “Алга” клубунун тарбиялануучусу.
Учурда Бекназдын бул чечимин чет элдик басылмалардан тарта белгилүү футболчуларга чейин талкуулап жатышат.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg