ТОПИНАМБУР – КАНТТЫН ЖАНА ИНСУЛИНДИН ОРДУН АЛМАШТЫРАТ, СЕМИРТПЕЙТ

Учурда дүйнөдө семирүү, кант диабети, рак оорусу башкы көйгөйгө айланып турган кези. Аталган оорулардын алдын алууга, ооруп калсак дарыланып айыгууга жардам берчү бизге сырттан келген бир жашылча бар.

Топинамбур – көп жылдык өсүмдүк. “Жер алмуруту” деп да аталат. “Топинамбур” аталышынын келип чыгышы бразилиялык тупинамба аттуу индейлердин уруусуна байланыштуу деп айтылат. Ошол индейлер өстүргөн өсүмдүк (жашылча) 16-кылымда Францияга, кийинчерээк Англияга алынып келинип өстүрүлүп, кийин башка өлкөлөргө таркаган. Башкача айтканда, мекени – Америка.

Боюнун бийиктиги – 40 сантиметрден 4 метрге чейин. Күн карамага окшош өсүмдүк. Тамырында картошкага окшош жашылча (өңү ак, сары, сыя-көк, кызыл) түйүлөт. Даамы шалгамга окшоп кетет. Жер тандабай өсө берет. Учурда дээрлик бардык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда өстүрүлүп жатат.

Топинамбур жашылчасынын курамында белок, минералдык туздар, инулин, фруктоза, микроэлементтер, B жана C витамини, каротин бар.

Андан чипсы, котлет жасашат, кууруп жешет, салатка кошушат. Куурулганы жана отко көмүп бышырылганы таттуу картошканын даамын берет. Кургатып, майдалап ун алышат. Топинамбурдун сабагы менен жалбырагынан мал үчүн тоюттарды даярдашат. Өнүккөн өлкөлөрдө спирт жана целлюлоза алынат.

ДИЕТАЛЫК АЗЫК ДАЯРДАЛАТ

Дүйнөдө кант барган сайын көп колдонулуп жатат. Бул болсо жүрөк-кан тамыр, кант диабети жана башка ооруларга алып келип, семирүүгө да жеткизүүдө. Дени соо адамдын 1 суткада кантты колдонуу өлчөмү – 50 грамм. Бирок көпчүлүк эл момпосуй, токоч, кыям жана башка таттууларды жакшы көрөт. Аларга таттуудан баш тартуу кыйын, андыктан канттын (сахароза) ордун фруктоза менен алмаштыруу сунушталат. Фруктоза организмге бат сиңет, кандагы канттын өлчөмүн жогорулатпайт, холестеринди азайтат. Рактын жана бөйрөктөгү таштын пайда болуусунун алдын алат, боордун жана ичеги-карындын иштешин жакшыртат. Арзан фруктозанын булагы – бул топинамбур. Анын 100 грамм азыгында 61 килокалорий бар. Демек, семиртпейт. Андыктан азыр дүйнөдө диабетиктер жана туура тамактанууну колдогондор үчүн топинамбурдан атайын азыктар чыгарылат. Диабетиктер мындай азыктарды жеп-ичүү менен инсулинди алууну азайтышат. Бул илимде далилденген. Мисалы, уну кант ордуна момпосуйларга, токочторго кошулат. Тромбофлебит оорусу менен жабыркагандар жесе алардын каны суюлат, тазаланат. Топинамбурду короого өстүрүп, андан тамак-аш жасап жеш ар кимдин колунан келет. Аны картошкадай эле тигип, сугарып, түбүн жумшартып чоңойтот.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Akylai_aktan
2019-04-01 23:28:33
ушул өсүмдүк жөнүндө дагы кененирээк маалымат күтөм.Картошканын ордуна эгип өстүрсөк болчудай экен.
0
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан