Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн 23 жашка чейинки жаштар курамасы Азия чемпиондугунун тандоо турундагы оюндарында ийгилик жарата алган жок. Тайпалык оюндарда Кыргыз курма командасы Сирия, Иордания жана Кувейт менен беттешти. Бардык оюндар Кувейтте өттү.
Владимир Сало жетектеген команда Сириядан 0:2, Иорданиядан 0:3 жана үй ээлеринен 2:3 эсебинде утулуп калышты. Муну менен 2020-жылы өтүүчү Азия чемпиондугуна катышуу укугунан ажырашты. Ошондой эле өлкөнүн курамасы 2020-жылдын август айында Япониянын Токио шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүн да жоготту. Белгилей кетсек, 23 жашка чейинки футболчулар арасындагы Азия чемпиондугу Олимпиада оюндарына да тандоо туру болуп саналат.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg