Эрмек Исмаилов, хирург: «ЗАРНА, ЫСЫК ЧАЙ, ШОКОЛАД КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧТҮН РАГЫНА ЖЕТКИРЕТ»

«Байыркы Рим врачтарынын «дары жардам бере албаган учурда бычак жардам берет» деген макалы бар. Анын сыңары айрым ооруларды операция аркылуу айыктырууга туура келет. Операциянын ийгилиги – бейтаптын тиешелүү врачка өз убагында кайрылуусу. Ал эми эң жакшысы, оорулардын алдын алуу»,- дейт Кыргыз Республикасынын иш башкармалыгынын алдындагы дарылоо-ден соолукту чыңдоо клиникалык ооруканасынын хирургу Эрмек Исмаилов. Эрмек мырза менен учурда көйгөйлүү маселеге айланып жаткан хирургиялык оорулардын түрлөрү боюнча маектештик.


– Учурда зарнадан жабыркагандар көп. Аны дарылатпай өтүштүрүп жиберсе кандай хирургиялык оорулар жаралат? Зарна китеп окуп же телевизор көрүп отуруп тамак жегенден да чыгат дешет.
– Түшүнүктүү болушу үчүн башынан айтып берейин. Сфинктер деген бар, ал кызыл өңгөч менен ашказандын ортосундагы бүктөмдөрдөн турган булчуң. Сфинктердин милдети – кызыл өңгөчтөн тамакты ашказанга өткөрүү үчүн ачылып жана кайра дароо жабылып туруу. Эгер анын иштөөсү бузулса, акырындап жүрүп отуруп жабылбай ачык бойдон калат да, рефлюкс-эзофагит оорусу жаралат (ашказандагы тамактын кайра кызыл өңгөчкө куюлушу). Сфинктердин бузулуусуна жеткирген себептердин бири – дайыма китеп окуп же телевизор көрүп отуруп тамак жемей. Себеби борбордук нерв системине бир эле убакта 2 башка кыймыл-аракетти башкаруу, көзөмөлдүк кылуу оордук кылып, акыры сфинктер бузулат.
Кызыл өңгөчтү дүүлүктүрүп, рефлюкс-эзофагит оорусуна зарна, өтө ысык чай менен ысык тамак, алкоголдук ичимдиктер, өтө ачуу татымалдар, шоколад, инфекциялар (кандида грибогу, учуктун вирусу, цитомегаловирус), химиялык күйүктөр (бензин, ацетон) жеткирет.
Зарна эмне үчүн рефлюкс-эзофагит оорусуна алып барат? Анткени сфинктер жабылбаган бойдон калганда ашказанга өтүп жана туз кычкылы менен аралашып баштаган тамак-аштын канча бир бөлүгү кайра артка куюлат. Тамактагы туз кычкылы кызыл өңгөчтүн былжырын дүүлүктүрүп, канча бир пайыз күйгүзөт. Зарна көбүнчө гастрит менен кошо жүрөт. Андыктан рефлюкс-эзофагит оорусуна жеткирген себептердин алдын алып, ооруп калса дарыланып, ооруну андан ары өтүштүрбөө керек. Болбосо операцияга, рак оорусуна чейин алып келет (баррет кызыл өңгөчү синдрому).

– Учурда өлкөдө жайылып бара жаткан жана хирургиялык операцияга, ал тургай боорду алмаштырууга аргасыз кылган дарт – бул боордун циррозу. Ушул дартты айыктырууда сиздерди жаңы ыкманы колдонуп жатат деп уктук.
Цирроздо боордо басым көтөрүлүп, боордогу венага күч келип, кеңейет. Бул ооругандардын 98 пайызында кездешет. Кызыл өңгөчтөгү вена менен боордогу вена туташып тургандыктан буга да күч келип, айрым жерлери кеңейет жана жукарат. Цирроздо адамга диета сунушталат. Адам диетаны бузганда, катуураак эт же момпосуйду жакшы чайнабай жутканда, алкоголдук ичимдиктерди ичкенде, тамеки тартканда венанын ошол жерлери жарылып, кан агуу башталат да, адам кан кусат (порталдык гипертензия синдрому).
Мурун мындайда кан агууну токтотуу үчүн пациенттер эндоскопиялык лигирлөө операциясын жасатуу үчүн чет өлкөгө жиберилчү. 2 жылдан бери биздин оорукананын хирургдары мындай операцияны өзүбүз жасап жатабыз. Венанын кеңейген жерлери атайын латекс шакекчелери (лигатура) менен байланат. Айрым учурларда 20га жакын лигатура колдонулат. Аталган операция көптөгөн бейтаптарды өлүмдөн алып калууда. Операциядан кийин венанын байланган жерлеринен кан өтпөй, башка жак менен өтүп баштайт. Лигатуралар 7-10 күн дегенде өз алдынча бошоп, организм тарабынан сыртка чыгарылат. Бирок мындай операция улам кайра жасалуусу да мүмкүн, анткени күч келген венанын башка жерлери да кеңейип кетүүсү ыктымал.
Эскерте кетсек, цирроз менен жабыркагандардын 90 пайызынын оорусу кан жана жыныстык жол менен жуга турган гепатиттин B, C, D түрүнүн өтүшүп кеткенинен жаралат (D гепатити көбүнчө B түрүн коштоп жүрөт). Дарыланбаса гепатиттин C түрү 20-25 жылда, B түрү 10-15 жылда, D түрү 1-7 жылда циррозго өтөт. Андыктан гепатиттин, цирроздун алдын алып, 3-6 ай сайын УЗИден өтүү, анализдерди тапшыруу сунушталат.

– Учурда тоолуу аймактарда альвеококкоз менен эхинококкоз дарты күч алып турган чагы. Экөө тең көбүнчө боорду жабыркатат. Кээде операция жасаганда деле боордун айрым жериндегилерди алып салууга болбойт экен. Эмне үчүн жана андай болгон учурда кантип дарылайсыздар?
Альвеококкоз, эхинококкоз боордун мите курт оорулары. Адамга итти сылап-сыйпоодон, булганган жерге оонаган малды кармалагандан, терисин сыйрыгандан жугат.
Альвеококкоз шишик, ал эми эхинококкоз ыйлаакча түрүндө өсөт. Операцияда алар кесилип салынат. Кан тамырлардын үстүндө же аларга жакын жайгашып калгандары алынбайт (өмүргө коркунучтуу). Аларга дары-дармек жазылып берилет. Дарыдан баягы шишик же ыйлаакча капсулага айланып катып калат. Алар кайра ачылып, оору козголбошу үчүн дарыларды этап менен ичүү жана 3 ай сайын УЗИден текшерилүү керек. Айрымдар дарысын ичип жүрүп, анан токтотуп коюшат. Канча бир убакыт өткөндө ооруп жатам деп кайра келишет, текшерсек оорусу күчөп кеткен болот. Мисалы, өткөн жылы операциядан кийин 5 жыл бою врачтарга текшерилбеген жашы кырктагы адам келди. Анын боорунун 80 пайызын кесип салууга туура келди. Дагы бир жолу мектепте ашпозчу болуп иштеген, эхинококкоз менен ооруган бейтап жатты. Кеп өзүнүн ооруганында эмес, кеп оорусун канча балага жуктурду болду экен, мына ушунда.
Аны жумушка алып жатканда мектеп жетекчилиги медициналык аныктамасын эмнеге талап кылышкан эмес? Андыктан мамлекеттик же жеке ишкана болобу, медициналык текшерүүдөн өткөн адамды гана жумушка алуу керек.

– Боор кандай учурда курсактын каптал этине жабышып калат?
Мушташтан же жол кырсыгынан боорунан жаракат алып калгандар кездешет. Катуу оорутса дарыгерге көрүнүп, дарыланышат да, анчалык оорутпаса барбай коюшат. Мындайда боор курсактын каптал этине жабышып кыймылдабай калат. Бир нерсе көтөргөндө оорутат. Адам кокус боорунан же өтүнөн операция болуп калса, каптал этке жабышкан боорду ажыратыш кыйын болот. Операция оор өтөт. Андыктан кандай болгон күндө да жаракаттан соң текшерилүү керек.

– Белин ичке көрсөтүү үчүн кыска кабыргаларын алдырган кыздар бар. Мындан организм канчалык жапа чегет?
Кабыргалар ички органдарды катуу соккулардан сактап турат. Оң жактагы кыска кабырга боорду, сол жактагы кыска кабырга көк боордун учтарын жаап турат. Эгер алар алынса алар жаап турган 4-5 сантиметрдей жерлер коргоосуз ачык калат. Кокус ошол тушка сокку болсо, мисалы, кырсыктан же катуу соккудан алар жарылып кетет.

– Азыр пневмония менен ооругандар көп кездешүүдө. Эмнеге?
Пневмония кыштан жазга өткөн аралыкта илгертен көп кездешет. Биринчи себеби – күн суук болгонуна карабай эл жаз келди деп жука кийинип башташат. Экинчи себеби – азыр ички, тышкы миграция да көп. Айрымдар арзанына карап ичи ным, сыз, көк дат басып кеткен батирлерде жашоого аргасыз. Мындай үйдө өпкө сезгенип, пневмония жаралуусу мүмкүн.
Пневмония өнөкөткө айланып, өтүшүп кетсе операция жасоого туура келет.


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Shaa-82
2019-04-08 09:38:15
Ии кудай сакта. Мен балама дайыма телефондон мультик коюп берип тамактандырат элем антпесе алаксып, качып кете беретда. Зыян экенго, эми башка жолун табышым керек экен (((.
+6
vikidiki
2019-04-08 10:08:50
Мен да телефон коруп же китеп окуп тамактанам кобунчосу. Бош болуп калганда ушинтип тамактансам кайф алам да. Эми токтотойун.
+3
Aidai05
2019-04-08 14:01:59
Мен кош бойлуумун.Чынын айтсам уже чыдабай калдым.Изжога мени олтуруп койбосо эле болду.Кандай кенеш бересиздер
0
xnurgul_gul
2019-04-08 16:04:41
Aidai05,чемичке же болбосо минеральные суу ич газ менен. Менин кош бойлуу кезимде ошондой кылат элем кагылып калат эле
0
vikidiki
2019-04-08 16:18:48
Aidai05,Ооба семичка жакшы. Анан сут ичип койсон бир стакандан. Жакшы жардамы тиет.
0
asyl81
2019-04-10 12:48:01
Aidai05, Herbalifeтын Алоэ деген суусундугу абдан жакшы жардам берет.
0
tursunbaev78
2019-04-10 13:45:10
Aidai05 Изжога көбүнчө окислениядан болот,мисалы майлуу,ачуу(калемпир,чеснок)
тамактан болот,чайга асел(бал)кошуп ичсе да жардам берет
0
tursunbaev78
2019-04-10 13:51:21
Aidai05,семичке,сүт,газ суу жардам берет дешиптир,тескерисинче алар күчөтүп жибериши да мүмкүн,себеби семичкеде,сүттө май бар,изжоганын да себептери көп,өзүң карап көрүп анан колдон,жакшысы врачка кайрылсаңда ашыкча болбойт
0
tatynaa
2019-04-10 19:05:00
Aidai05,кок алмадан бир кесим жеп койсон басылат
0
Kylym.85
2019-04-12 20:21:47
Aidai05,куурулган тамак жебе,молочный продукцияны (обезжиренный)кобураак же, тамактангандан кийин дароо жатып алба минимум 1 саат.
0
Nestana95
2019-04-08 20:01:05
Менин колдорум сары болуп журот 1 жылдан бери,врачка корунсом циррозго,УЗИге,бир канча анализдерди берген .баары таза чыкты...колунду билбейбиз..мумкун оттон деп....эмне кылышты билбейм
0
Zamira.ademir
2019-04-09 13:43:32
сутко бир чай кашык сода кошуп ичсе жардам берет
0
Pandora
2019-04-11 11:53:50
Nestana95,Боорду томмаграфия тушурдунорбу?
0
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан