ЭЛ АРАЛЫК КӨРГӨЗМӨЛӨРДҮ БАГЫНТКАН TAY.TAY BABY ЖАНА BALAKAY

Кыргызстанда балдар жалаяктарын чыгаруу – бул атайын биздин өлкө үчүн жаралган уникалдуу өндүрүш. Tay-Tay Baby жана Balakay такма жалаяктарын чыгаруу идеясы кайдан келген?
Жалаяктарды чыгаруу идеясы катары үй-бүлө концепциясы алынган. Орто Азия өзүнүн үй-бүлөлүк баалуулуктары менен белгилүү, бул аймакта көп балалуу болуу – бул баа жеткис байлык жана биздин аймактагы башкалардан айырмаланган негизги өзгөчөлүк. Биздин мезгилди бэби-бум деп атасак болот. Бул биз үчүн жаңы болуп эсептелген baby boom термини англис тилинен келип, «демографиялык жарылуу, балдардын көп төрөлүшү» дегенди түшүндүрүп калды.
Ишкананы түзүүнүн максаты ата мекендик жана чет өлкөлүк керектөөчүлөргө кыргызстандык өндүрүштөн чыккан, чет өлкөлүк өндүрүштүн баасына караганда арзан баа боюнча сапаттуу продуктуну сунуштоо болгон. Ошондой эле өндүрүш импортту алмаштыруу программасын ишке ашыруу алкагында пайда болгон.
Tay-Tay Baby жана Balakay такма жалаяктарынын өндүрүшү заманбап автоматташкан өндүрүш жабдуу менен негизделген. Өндүрүш жабдуусу толугу менен сапат стандартына жооп берет жана премиум класстагы продукцияны чыгарат. Тартыла турган кулакча-бүчүлөмөсү, кош сиңирүүчү катмары, түстүү индикатору бар такма жалаяктар. Жабдуунун кубаттуулугу жергиликтүү рыноктун суроо-талабын толук канааттандырып, коңшу өлкөлөргө экспортко чыгууга мүмкүндүк берет.
Өндүрүштө Япония, Түштүк Корея, АКШ жана Түркия өндүрүүчүлөрүнөн жогорку сапаттуу сырьё пайдаланылат. Өндүрүш процесси башынан эле тажрыйба технологиялары менен көзөмөлдөнөт жана ар бир партиянын сапатка ылайыктуулугу текшерилет.
Tay-Tay Baby жана Balakay такма жалаяктары АКШнын Бостон шаарында 2016-жылы Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө коюлганы жалаяктардын сапаттык жактан өсүшүнүн көрсөткүчү болуп эсептелет. Бул көргөзмө дүйнөлүк атакка ээ жана Tay-Tay Baby жана Balakay – Борбордук Азиядан барган жалгыз такма жалаяктар. Бул такма жалаяктар гигиеналык продуктуларга коюлган дүйнөлүк талаптардын баарына жооп берет дегенди түшүндүрөт.
Ошондой эле жалаяктар Швейцариянын Женева шаарындагы INDEX 2017 (INDEX™17, the World's Leading Nonwovens Exhibition) көргөзмөсүндө коюлган. Бул көргөзмө сырьё материалдарын жана өндүрүүчүлөрдүн гигиеналык такма жалаяктарын жеткирүүчүлөрдүн аянты. Көргөзмө 4 күн бою, 2017-жылдын 4-7-апрелинде өттү. Көргөзмө ар бир үч жылда өткөрүлөт. Бул көргөзмөдө максаттуу аудитория болуп Tay-Tay Baby жана Balakay көрсөтүлгөн. Экспресс тесттерди өткөргөндөн кийин, биздин такма жалаяктар жакшы баага татып, дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн жакшы пикирлерин алган. Сырьёну дүйнөлүк өндүрүүчүлөр менен катар биздин такма жалаяктарды сапаттын үлгүсү катары көргөзмө такталарына коюшту.
Биздин өндүрүштө жетишкендик катары Майамиде 25-28-мартта өткөн көргөзмөгө катышуу эсептелет. Бул көргөзмөгө чакыруу алуу такма жалаяктардын сапаты жөнүндө кабар берип турат десек болот. Атайын буюртма боюнча жана Tay-Tay Baby жалаяктары үчүн гана арналган «silk» (жибек катмар) уникалдуу катмарга ылайык, Teksis эл аралык компаниясы Майамидеги стендге жалаяктарды койгон.
Компаниянын башкы технологу Буржу Осакли өзүнүн интервьюсунда: «Tay-Tay Baby жана Balakay такма жалаяктары мыкты сапаттагы продукттун жаркын үлгүсү болуп эсептелет. Такма жалаяктар ультражумшак материалдан, экологиялык жактан таза сырьёдон даярдалып гипоаллергендүү болуп эсептелет. Ошондой эле эл аралык сапат стандартынын бардык талаптарына жооп бергени менен сыймыктанабыз. Tay-Tay Baby жана Balakay жалаяктарынын бүткүл дүйнөлүк масштабдагы көргөзмөлөргө катышуусу өндүрүүдө инновациялык жетишкендиктерди пайдаланып, курамдардын сапатына көңүл буруусу – урмат-сыйга татыйт. «Тексис» компаниясынын атынан Tay-Tay Baby жана Balakay такма жалаяктары дүйнөлүк деңгээлдеги продукт болуп эсептелет деп ишенимдүү айта алам. Жалаяктардын ар бир курамы бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон сырьё жабдуучуларынан алынат»,- деп белгиледи.
Такма жалаяктардын сапаты боюнча ошондой эле компаниянын сырьё өндүрүү боюнча башкы директору Сэм Шувейтс: «Жалаяктардын анатомиялык формасы, сырьёнун кылдаттык менен тандалган курамдары, Tay-Tay Baby жана Balakay такма жалаяктары өз деңгээлинде чыгарыларын айтып турат»,- деген пикирин билдирди.
Такма жалаяктардын патриоттук аталышы өзгөчө урмат-сыйга татыйт. Жалаяктарды чыгаруу оор жана жоопкерчиликтүү иштин түрүнө кирет. Кардарлардын жылуу пикирлери биздин өндүрүүчү өзүнүн милдетин жакшы аткарып жатканын айтып турат.
Tay-Tay Baby жана Balakay такма жалаяктарын чыгаруу өлкөнүн экономикасына гана жагымдуу таасир тийгизбестен, өлкөнүн имиджине оң таасир берет. «Made in Kyrgyzstan» маркасы дүйнөлүк коомчулук алдында кызыкчылыкты туудуруп, урмат-сыйга ээ болот.


Продукция менен www.taytay.kg сайтынан жана @taytaykg
Инстаграм баракчасынан таанышсаңыздар болот.
Сурап-билүү номери: 0755 434 300, 0770 000 140, 0312 65 74 69

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
FC-Abdish-ata
2019-04-11 00:31:39
Ооба мыкты сапатта экен балама алып кордум эле
0
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан