6 ЖЫЛДАН БЕРИ ДОСУН МЕКТЕПКЕ КӨТӨРҮП БАРАТ

Кытайдын Мэйшань шаарында жашаган 12 жаштагы Сюй Бинъян деген окуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген досун 6 жылдан бери жонуна көтөрүп мектепке алып барып, кайра алып келет. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Сюй досу Чжан менен 1-класста таанышкан. Чжан 4 жашынан бери миастения, тактап айтканда, нерв-булчуң оорусу менен жабыркап келет. Анын булчуңдары алсыз болгондуктан өз алдынча баса албайт. Мындан улам Чжанды мектепке ташууну эки классташы моюнуна алышкан. Бирок 3 жылдан соң экинчи бала досун ташууга убактысы жок экенин айтып баш тарткан. Өз сөзүндө Сюй “досума жардам берүү мага эч кандай кыйынчылык туудурбайт. Менин салмагым 40 килограмм, Чжандыкы 25 килограмм. Көтөрүү жеңил эле” дейт. Ал эми Чжан "Сюй менин эң жакын досум. Ал күн сайын мени менен сүйлөшөт, ойнойт, мага кам көрөт. Мен ага ыраазымын" деп ыраазычылыгын билдирген.

БИР АЙДА ЭКИ ЖОЛУ ТӨРӨГӨН АЯЛ

Бангладештин тургуну, 20 жаштагы Арифа Султана 1 айда эки жолу төрөгөн. Чет элдик маалымат каражаттарында айтылгандай, Арифа февралдын аягында тун наристесин жарыкка алып келген. 26 күндөн кийин кайра толгоо тартып ооруканага барууга аргасыз болгон. Дарыгерлер аны текшерип көрүп, аялдын дагы бир жатыны бар экенин аныктап төрөт залына алып киришкен. Жыйынтыгында Арифа операция жолу менен дагы бир кыз, бир уул төрөгөн. Жаш эне “жолдошум айына 6 миң так (Бангладеш акчасы, 5000 сомдой) эле табат. Бул акчага кантип 3 баланы багабыз?” деп тынчсызданууда. Ал эми жолдошу “булар Аллахтын белеги. Балдарымдын бактылуу болушу үчүн бардык күчүмдү жумшайм” деп келинчегин жубатууда.


Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aliya-leyla
2019-04-08 10:35:01
Тооба тооба
0
Busi06
2019-04-12 01:29:47
Молодец эркек экен атасы
+1
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан