«ЖОЛ ЭРЕЖЕСИН БУЗДУМ ДЕП ЭСЕПТЕБЕЙМ. АЙЫП МЕНЕН МАКУЛ ЭМЕСМИН»

“Коопсуз шаар” долбоору иштеп баштаганы биздин редакцияга көптөгөн кайрылуулар келип жатат. Окурмандардан келген суроолорго Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев жооп берет.

–Мага жол эрежесин бузгандыгым боюнча кат келиптир. Тааныштым, бирок мен катта көрсөтүлгөн жол эрежесин буздум деп эсептебейм. Анткени экинчи тилкеден кайрылышыма жол боюнда токтоп турган унаалар себеп болгон. Чынында Бишкектин көчөлөрүндө унаа токтотуучу жай жетишсиз же жок. Жол жээгине токтотулган унаалардын айынан өз жолу менен бара жаткан машина экинчи тилкеден кайрылууга аргасыз болот. Мындай учурда видеокөзөмөл эреже бузууну каттайт. Өз укугумду коргоо үчүн кайда кайрылсам болот?

Бакыт, Бишкек шаары


– “Коопсуз шаар” долбоорунун негизинде орнотулган видеокөзөмөлдөр 7 жол эреже бузууну көзөмөлгө алат.

  • Жол чырактын кызыл белгиси күйүп турганда өтүп кетүү
  • Каршы тилке менен жүрүү
  • Тротуар, веложол, газон, жөө адамдар өтүүчү чийиндер менен жүрүү
  • Жол чырактын кызыл жарыгы күйгөндө "стоп" сызыгынан өтүп токтоо
  • Ылдамдыктан ашыра айдоо
  • Аялдама менен унаа токтотуучу жайларда эреже бузуу

Эгер сизде жол эрежесин бузуу боюнча каршы пикир жаралса, 15 күндүн ичинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) мониторинг борборуна арыз менен кайрылып, тактасаңыз болот.

Дареги: Бишкек шаары, М.Горкий көчөсү, 20. Байланыш номерлери: 0312 53 03 76, 0312 53 03 89, WhatsАpp: 0706 63 09 00

“МАШИНАМДЫ ИШЕНИМ КАТТЫН НЕГИЗИНДЕ САТКАМ”

– Машинамды ишеним каттын негизинде саткам. Менин дарегиме жол эрежесин бузгандыгым боюнча кат келди. Машинаны айдап жүргөн адамды табууга убактым жок. Катты алуудан да баш тарттым. Мен аны издеп табууга укуктуумунбу? Мыйзамда бул жагы кандай каралган?

Фатима, Бишкек шаары


– Кыргыз Республикасынын Эреже бузуулар жөнүндө кодексинин 306-беренесине ылайык, видеокөзөмөлдөргө түшкөн жол эрежесин бузууларга унаанын ээси, тактап айтканда, унаа кимге катталса, ошол адам жоопко тартылат. Унаанын мыйзамдуу ээси сиз экендигиңизди эстен чыгарбаңыз. Унаа ээси катты алгандан баш тартса да кат тапшырылган болуп эсептелинет. Унаа ээлери катты алуудан баш тарткан учурда почта кызматкерлери "айып катты алгандан баш тартты" деп маалым кат жазып, өзүнүн колун коюп, тийиштүү байланыш бөлүмүнүн мөөрүн басып, ЖКККББнын аймактык бөлүмдөрүнө тапшырат. Мындан соң унаага жана унаа ээсине мыйзам чегинде чара колдонулат. Андыктан кимге саттыңыз, ошол адамды таап, унааны ага каттап бериңиз. Унаа сиздин ээлигиңизден чыгарылып кеткендиги аныкталса гана жоопкерчиликтен бошотуласыз.

Сиз машинаңызды ишеним кат менен сатып, дарегиңизге жол эрежесин бузгандыгы тууралуу токтомдор келип жатса, Кыргыз Республикасынын эреже бузуулар жөнүндө кодексинин 332-беренесине ылайык, даттанууга укугуңуз бар. Ал үчүн айып пул тууралуу токтомдун көчүрмөсүн же катты алган күндөн тартып (10 күн ичинде) сот өкүлдөрүнө кайрылып, унааны айып аянтчасына токтотуу чечимин чыгартып, ЖКККББга кайрыласыз. Алар сизге унааны таап берүүгө көмөктөшөт.

“МАГА АЙЫП ПУЛ САЛЫНГАНДЫГЫН КАЙДАН БИЛСЕМ БОЛОТ?”

– Мен жол эрежесин буздумбу же жокпу, аны кайдан билсем болот? Ушул тууралуу толук маалымат алып берсеңиздер жакшы болмок. Мисалы, Бишкекке өлкөнүн ар кайсы аймактарынан айдоочулар келишет. Аларга деле толук маалымат жетпесе керек деп ойлойм.

Таалай, Кочкор району


– "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежесин бузуу боюнча сизге айып пул салынганын portal.srs.kg сайтынан билүүгө болот. Сайтка кирген соң “Айып салууларды текшерүү” бөлүмүн басасыз да, көрсөтүлгөн графаларга паспортуңузда көрсөтүлгөн 14 сандан турган персоналдык идентификациялык номерди (ПИН) жана унаанын мамлекеттик номерин жазасыз. Жол эрежесин бузгандыгыңыз үчүн айып пул салынса кат чыгат. Анда жол эрежесин кайсы жерде, кайсы күнү, кайсы убакта бузгандыгыңыз жазылып жана жол эрежесин бузуу учурунда тартылган сүрөттөр кошо тиркелет. Ошондой эле унааны өзүнө каттата элек жарандар айып пул салынгандыгы тууралуу ЖКККББнын мониторинг борборунан же 0706 63 09 00 WhatsАpp номерине жазып маалымат алууга болот.

“АЙЫП ПУЛДУ БӨЛҮП ТӨЛӨӨГӨ БОЛОБУ?”

– Жол эрежесин бузгандыгым боюнча дарегиме бир эмес, эки кат келди. Ар биринде 3000 сомдон айып пул жазылыптыр. Айып пулду каякка төлөйм? Төлөө жолдору тууралуу кенен маалымат берип койсоңуздар? Жалпысынан 6000 сом экен. Салынган айып пулду бөлүп төлөөгө болобу? Бул айда салынган айып пул кийинки айга калтырылса эмне болот?

Акыл, Бишкек шаары


– Бир эле унаа ээси тарабынан эки же андан ашык жол эрежесин бузуу орун алган учурда жаза чарасы ар бир эреже бузуу үчүн өзүнчө колдонулат. Төлөмдөр “Кыргыз Почтасы”, “РСК”, “Айыл Банк”, “Азия Банк”. “Оптима Банктардын” терминалдарынан, кассаларынан, КвикПэй, АсИсНур, ТеремПэй, Умай терминалдары, МегаПэй жана balance.kg мобилдик капчыктары аркылуу кабыл алынат. Эгер айып пул салуу токтому кабыл алынгандан тартып 15 календардык күндүн ичинде төлөнсө, көлөмү 50 пайызга азайтылат. Өз убагында төлөнбөгөн айып пулга ар бир күн үчүн 1 пайыз туум кошулат.

“АЙЫП ПУЛДУ ӨЗ УБАГЫНДА ТӨЛӨБӨСӨ УНАА КАМАККА АЛЫНАБЫ?

– Таанышымдан “Коопсуз шаар” долбоорунун негизинде салынган айып пулдарды өз убагында төлөбөсө, автоунаа же автоунаанын ээсинин банктагы эсеби камакка алынарын уктум. Мунун канчалык чындыгы бар?

Толгонай, Бишкек шаары


– Кыргыз Республикасынын Эреже бузуулар жөнүндө кодексинин 28-беренесине ылайык, унаа ээси өз убагында айып пулдарды төлөбөсө ага карата төлөөгө мажбурлоо үчүн төмөнкү чаралар колдонулат.

  • Туум кошуу
  • Мүлктү алып коюу. Бул маселе сот тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте чечилет.
  • Атайын унаа токтотуучу жайлардан транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо, дөңгөлөктөргө блокираторлорду же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу
  • Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана башка.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aizbek
2019-04-12 22:38:43
Негизи эртеби кечби ушундай тартип керек болчу бирок башка мамлекеттердегидей шарттарды тузуп анан ушундай кылса болмок,элге эле кыйын болуп атат,
+2
Asmat84
2021-05-09 09:22:32
Бул мыйзам элдин канын ичүү мейли коопсуз шаар долбоору иштесин мен каршы эмесмин... баардык шарттарды түзүп беришсин жолдордун акыбалын көрүп атасыңар мышык ыйлагыдай акыбалда... Анан дагы 3000 деп айып салышат берген айлыктары жеп ичкенге араң жетет,башка өлкөлөрдөй болуп 40-50 миңден айлык алсак макул эле. Бул жөн гана элдин канын ичүү.
0
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан