Самат Качкынов, "Апрель" телеканалынын башкы редактору: «КАНАЛДЫН КОЖОЮНУ МААЛЫМАТТЫК САЯСАТКА КИЙЛИГИШПЕЙТ»

2018-жылдын 2-апрель күнү Кыргыз өлкөсүнүн аймагында «Апрель» деген ат менен жаңы телеканал өз ишин баштаган. Маалыматты көрөрманга ыңгайлуу форматта, жеңил чымчып, сын-мазагы аралаш берүү менен канал аз убакыт аралыгында өлкөдөгү алдыңкылардын катарына чыга алды. Бул каналдын башкы редактору, журналист Самат Качкынов менен каналдын ийгилиги, максаттары тууралуу баарлаштык.

– Самат мырза, телеканалдын туулган күнү менен куттуктайбыз. Учурда биздин өлкөдө 50дөн ашык телеканал бар. 1 жыл ичинде 60 жылдык тарыхы бар канал менен тең тайлашып, алдыңкы ММКлардын катарын толуктай алдыңыздар. Бул ийгиликтин сыры эмнеде?

– Чоң рахмат. Аты чыгып калган каналдар менен тең тайлашып калдыңар деп айтып жатканыңыздарга кубанычтабыз. Ийгиликтин сыры – биз өзүбүздүн жумушубузду берилгендик менен так аткарып жаткандыгыбызда деп ойлойм. Башка каналдардан артык болуп кеттик дегенден алысмын. Өзүңүз белгилеп кеткендей 50дөн ашык канал болсо, биз алардын баары менен тең тайлашууга мажбурбуз. Экономикадабы, саясаттабы, бизнестеби, бардык эле жерде атаандаштык керек. Тең тайлашмайынча эч нерсе өнүкпөйт.

Биз теле жаатына башкача көз караш киргизгибиз келет. Мисалы, ошол эле жаңылыктарды алсак, репортаждарды өзгөчө кылууга аракет кылабыз. Долбоорлордо дагы мурда калыптанып калган шаблондордон чыгууга аракет жасайбыз. Ошондой эле алпаруучулар эфирде өздөрүн эркин сезишет.

Көптөр бизди оппозициялык маанайдагы каналсыңар, бир жакты эле шыбай бересиңер деп айтат. Жок, биз эч качан жалаа жаап, жалган айтпайбыз. Болгонун болгондой көргөзүп, эки тарапты тең чагылдырууга аракет кылабыз. Бирөөнүн эле камчысын чаба бергендерден эмеспиз.

– Телеканал өз ишин баштаганына 1 жыл болду. Бул кыска убакыт ичинде кандай жетишкендиктер болду?

– 1 жылда көп нерсеге жетиштик деп айтуу кыйын. Ошентсе дагы «Апрель» деп жер-жерлерде биздин телеканалды эл таанып калды. Бул биздин команда үчүн сыймык. Ошол эле учурда биз чоң жетишкендикке жеттик деп айтуудан алысмын. Образдуу алып караганда биздин канал
1 жаштагы кичинекей бала.

– Алдыга кандай пландарды, максаттарды коюп жатасыздар?

– Буюрса, келечекке пландар көп. Бийликке ыксыз каналсыңар деп жаап койбосо эле. Азыр биз чакан эле кичинекей каналбыз, келечекте телеканалды кеңейтели деген ойлорубуз бар. Мамлекеттик телеканалдардай миллиондогон бюджетибиз жок, миңдеген кызматкерлерибиз жок. Болгону 60-70 киши иштейбиз. Биринчиден, бийлик тараптан тоскоолдуктар болбосо. Экинчиден, телеканалдар жарнама аркылуу жан багат эмеспи, андыктан мамлекет теле жаатындагы жарнама саясатын жөнгө салып берсе, атаандашып өнүгүүгө даярбыз.

– Саясатчылардын ММКларды сотко беришин туура деп ойлойсузбу?

– Саясатчылардын биздин каналды сотко берүүсү бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Көптөр «ММК маалымат чыгардыбы, ага жооп бериш керек» деп ойлойт. Туура, жооп бериш керек. Бирок ошол эле учурда маалыматты айтып жаткан адамдарда да жоопкерчилик болушу керек. Көп учурда «бул канал минтип айтты, тигил гезит минтип жазды» деп коёт. Ал эми журналист жөндөн жөн ал маалыматты жаза бербейт, анын таянган маалымат булагы болот. Ошондуктан булактын да жоопкерчилиги каралса туура болмок.

– Саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев «Апрель» телеканалын сотко берип, ар бири 3 миллион сомдон талап кылып жатышат. Азыркы учурда сот процесси кандай жүрүп жатат?

– Бизди кызыктырган бир суроо бар. Ушул үч саясатчы кадыр-баркын эмнеге таянуу менен 3 миллион деп өлчөп, ушул сумманы бизден талап кылып жатат? Кайсы өлчөмдөр менен өлчөндү, бул чоң суроо. Жеке биздин канал тууралуу айтсак, биз интервьюну бердик, биз эч нерсени бурмалаган жокпуз, болгонун болгондой көрсөттүк. Мисалы, ошол эле Бекназаров биздин «Кеп көөрүк» деген программабызга келип конок болгон. Анда саясатчы өзүнүн саясий көз карашын айткан. Биздин эфирге көптөгөн саясатчылар келет. Алардын айткандарынын бардыгын эле чыгарып салдыңар деп соттой берсе, ал жагы кандай болуп калат, түшүнүксүз.

– Эгер сот саясатчылардын доо арызын туура деп эсептеп, телеканал алар талап кылган сумманы төлөш керек деп чечим чыгарса, төлөөгө каналдын кудурети жетеби. Же жабылып калуу коркунучу да барбы?

– Жабылып калабыз дегенден алысмын. Мыйзамды сыйлаган каналбыз, соттун өкүмү кандай болсо аны аткарууга даярбыз.

Ошол эле учурда айтылган сумманы мына деп төлөп бергенге мүмкүнчүлүгүбүз жок. Көптөр «Апрель» каналында миллиондогон акчалар бар деп ойлошот, кээде «Апрелге» камаздап акчалар келет экен» деген тамаша сөздөрдү да угуп калам. Андай эмес, биздин бюджет чектелүү. Аз да болсо өзүбүз акча тапканга аракет кылып жатабыз. Эми эмне болорун сот чечет.

– Апрель телеканалы күчтүү журналисттерди башка каналдардан тартып кетти деген кептер айтылып жүрөт. Сиздин да кулагыңыз чалды беле?

– Канал ачылар алдында биз көптөгөн журналисттер менен сүйлөшүп, өзүбүздүн катарга чакырганбыз. Кээ бирлер «журналисттерди акча менен сатып алды» деп айтышат. Бирок алар терең жаңылышат. Журналисттер акча үчүн эмес, эң негизгиси идеянын артынан келип, биздин командага кошулушкан. Ушул күнгө чейин бирөөнүн дагы «бул каналга келгениме өкүндүм» дегенин уга элекмин.

Ар бир ММКнын өзүнүн кожоюну бар, ошол эле мамлекеттик маалымат каражатынын дагы. Бул дагы бир кишиге таандык канал. Бирок эң жакшы жери, баса белгилеп кетейин, каналдын жетекчилиги маалыматтык саясатыбызга кийлигишпейт. Башкы редактор болуп иштегениме 1 жыл болду. Ушул убакытка чейин бизге «муну мындай кыласыңар» деген көрсөтмө болгон эмес. Албетте, бул сөздөргө көпчүлүк ишенбейт. Бирок бул чындык. Ошол эркиндиктен улам көпчүлүк журналисттер биздин каналда эмгектенип келишет.

– Иштериңиздерге ийгилик, чыгармачылык эргүү каалайбыз.

Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
mr.ulan89
2019-04-08 19:40:04
Ошондо бул канал Атамбаевдики эмеспи??
+2
Mister-X
2019-04-08 22:59:16
Апрель каналын Атамбаевдики болгону учун корбойм.
+1
FC-Abdish-ata
2019-04-11 00:19:47
Туура айтат
-2
Nurkyz1977
2019-04-14 09:45:23
Кожоюуну ким болсо ошого баш ийет. Корсотмо бербейт деп караандай калп суйлоп беттери бир булк этпейт. Ээси ким болсо ошонун арыгын чаап,созун суйлоп ак десе ак,кара десе кара дейт да. Анын созун суйлобосонор баарынарды жамбашка тээп айдайт. Кооз создорунор менен карапайым элди алдаганынарды токтоткулачы. Кара курсак акча учун бироонун созун суйлоп маскарапоз болбой.
+1
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан