СУУНУН КАСИЕТИ ЖЕ СУЮК КЕРЕМЕТ

Суу – жашоонун азыгы. Ал жуунганга, ичкенге, тамак-аш жасоого, кир жууганга, ал тургай унаа үчүн да керек. Суусуз өсүмдүктөр да өспөйт, адам да, жаныбарлар да жашабайт. Суунун биз билбеген дагы кандай касиеттери бар?

“СУУ МААЛЫМАТТАРДЫ ӨЗҮНДӨ ЖАЗЫП, САКТАЙТ”

Япониялык изилдөөчү Масару Эмото узак жылдар бою суунун касиеттерин изилдеген.

Масару суу – адамдардын ойлорун, эмоцияларын жана сырткы маалыматтарды (музыка, сыйынуу, сүйлөшүү, окуялар жана башка) сиңирип алып, аны сактап, аларды кайра чагылдырып берүүгө жөндөмдүү деп эсептеп жана муну көптөгөн эксперименттери менен далилдеп бергиси келген.

Масару эксперименттеринде лабораториялык идиштерге ар жактан алынып келинген суулардын 1 тамчысын –20 градустагы тоңдургучта 3 саат тоңдурган. Жыйынтыгында диаметри 1 миллиметрге жеткен муз кристаллы жаралган. Аларды 200-500 эсе чоңойтуп, ар башка суу ар түрдүү кристалл түрүндө тоңгонун көргөн. Кээ бирлеринин муз кристаллдары бүтүн, кээ бирлериники жарым, айрымдарында муз кристаллы жаралган эмес. Мисалы, суу түтүгүнөн алынган сууга хлор кошулгандыктан аны тоңдурганда муз кристаллы бүтүн болгон эмес. Булактан, жер алдынан, мөңгүдөн дарыядан алынган суу кристаллы бүтүн жана сулуу болуп тоңгон.

Идиштеги сууну столго коюп, музыка коюп көрүшкөн. Бетховендин музыкасынан, Моцарттын 40-симфониясынан кийин кооз кристаллдар жаралган. Кыскасы, классикалык музыкалардан кооз, туура формадагы, ал эми рок музыкасынан кийин суу сынык, формасы жок кристалл түрүндө тоңгон.

Масару өз сөзүндө “Биз баракка сөздөрдү жазып, ал баракты суу куюлган идиштердин сыртына чаптап көрдүк. Мисалы, “рахмат” деген сөздөн көркөм, “сен акмаксың” дегенден түрү суук, баш аламан, сынык кристаллдар түзүлдү. Көрсө, суу жазылгандарды “окуп”, маанисин түшүнүп, ошого жараша түзүлүшүн өзгөртөт экен. “Кел, муну жасайлы!” деген сөздөн жакшынакай, ал эми “муну жаса!” дегенден сынык, формасы жок кристаллдар жаралды. “Сүйүү” деген сөздөн суу кубанып жаткандай ачылган гүл сымал формада тоңду” дейт.

Эмото ошондой эле “Суунун молекулары класстерге чогулат. Класстер эс-тутумдун ячейкасы, башкача айтканда, “маалымат" панели. Бир панелде 440ка чейин молекула болот, анда суу маалыматтарды жазат жана узакка чейин сактайт (эгер сууга бир нерселер таасир этпесе эле). Жазылган маалыматтар кандай экендигин суу жогоруда айтылгандай муз кристаллдары аркылуу чагылдырат” деген оюн да айткан.

Муз кристаллдарынын сүрөттөрүн Эмото “Суунун каты” китебине киргизген. Ошондой эле идиштеги сууларга сүрөттөрдү жабыштырганда да алар ар түрдүүчө тоңгон.

Бирок Эмотону сындагандар да чыккан. Алар “Эмотонун илим жааттагы билими жок. Ал эл аралык мамилелер боюнча адис, докторлук даражаны альтернативдүү медицина боюнча алган. Илимий жалган маалыматтарды таратуу менен суу тууралуу жазган китептерин, суунун сүрөттөрүн, суу үчүн атайын чыгарган графин сатып акча кылууда” дешкен.

“ТИРҮҮ СУУ” ЖАНА “ӨЛҮК СУУ”

Кээ бир окумуштуулар тоо дарыясынын, булак, жер астындагы сууларды, мөңгү сууларын “тирүү суу” дешип, суу түтүктөрүнөн аккан сууларга хлор жана башка нерселер кошулгандыктан аларды “өлүк суу” деп аташат.

Алардын пикирлери боюнча:

– “Тирүү сууларды” кайнатпай ичсе болот. Анткени аларда зыяндуу кошулмалар жок. “Өлүк сууларды” бир нече саат тыныктырып (хлор учуп, оор металлдар түбүнө чөгөт), анан кайнатып ичүү зарыл. Бир кайнатылган сууну кайра кайнатып ичүүгө болбойт! Себеби организмде шлактар чогулат, оорулар жарала баштайт.

– Үй шартында муздан “тирүү суу” жасоого болот. Ал үчүн сууну желим идишке куюп, аны тоңдургучка салып, алгачкы тоңгон музду алып салабыз (зыяндуу кошулмалар дал ошол бөлүктө). Эми идиште калган суунун көп бөлүгү тоңгуча күтүңүз. Тоңгон музду эритип ичесиз да, тоңбогон жагын төгүп салыңыз.

Суу касиетин жоготпошу үчүн “тирүү сууларды” таза фарфор жана хрусталь идиште сактоо талап кылынат.

“КАРДЫН, МӨҢГҮНҮН СУУСУ АДАМДЫ ЖАШАРТАТ”

Орусиянын “Курчатов институту” илим-изилдөө борборунун башкы илимий кызматкери, техникалык илимдердин кандидаты В.Белянин илимий эмгектеринде мындайча жазат:

– Суунун молекулалары класстерге (эс-тутум ячейкасы же "маалымат" панели) биригишет. Класстердеги молекулалар бири-бири менен бирдиктүү аракетте болушат. Муз – химиялык жактан дайыма таза. Кыскасы, суу тоңуп, кристаллга айлана баштаганда чоочун заттарды четке түртүп чыгарып салат. Суу өзүн-өзү тазалайт. Суу универсалдуу эриткич. Адам организминде кандын курамынын 79 пайызын түзөт жана ал бардык ткандарга эриген заттарды ташыйт. Кардын, муздун, мөңгүнүн эриген суусунун молекулалары башка суулардын молекулаларына караганда кичинекей. Курамы өсүмдүктөрдүн жана тирүү организмдердин (анын ичинде адамдын) клеткаларындагы суюктукка өтө окшош. Ошондуктан андай суу оңой сиңет. Өзгөчө муздун, кардын, мөңгүнүн алгачкы эриген 50-70 граммынын касиети чоң. Мындай суу адам организминде зат жана кан алмашууну жакшыртып, холестериндин деңгээлин түшүрөт, шлактарды чыгарат, оорутууну басып, картаюуну кечеңдетет. Андыктан ооругандар ичсе бат айыгат. Аллергия, дерматит оорулары менен алышкандар дамамат ичсе айыгып кетүүлөрү мүмкүн.

Жашарам жана ашыкча салмактан арылам дегендер андай суудан күнүгө 1-2 стакан ичип жүрүүлөрү керек. Эригенден 30 мүнөттөн кечиктирбей ичүү зарыл. Андан кийин суунун түзүлүшү бузула баштайт. Сууну жылытканда да түзүлүшү өзгөрөт.

САЗДЫН СУУСУ ООРУ АЛЫП КЕЛЕБИ?

Суулар жаандын, мөңгүнүн, кардын, дарыянын, кудуктун, деңиздин, токойдун, саздын суусу болуп бөлүнө берет.

Кыргыз элинде “Жамгырдын суусу жумшак жана жеңил келип, оорулардан эртерээк айыгууга салымын кошот, суусунду жакшы кандырат. Мөндүрдү эритип, суусу менен көздү жууса курч болот. Мөңгүнүн жана кардын суусун ичсе ичтеги ысыкты кетирет. Тоодон шаркырап аккан сууну таң эртең ачкарын ичип жүрсө адам картайбайт. Саздын суусу шор болгондуктан ооруларды жаратат, аны кайнатып туруп гана ичүү керек. Эркектер муздак суу ичсе бел кубаты алсызданат. Муздак сууну кургак учук менен ооругандарга, суукчандарга ичүүгө болбойт. Булак суусу, мөңгү суусу бардык ооруларга даба, рактын алдын алат” деген ой-пикирлер бар.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
aliya-leyla
2019-04-08 10:32:22
Кичине кезибизде кыштын куну уйдун там башыларынан аккан тамчылар эрте менен шишкийген муз болуп тонуп калса, ошону алып жечу элек. Муздап болсо да. Азыркылар аны жесе дароо эле ангина болсо керек
+13
Shokoladka94
2019-04-08 11:26:08
Биздин ата-бабаларыбыз акылдуу, гений болушкан. Жаман тушту сууга айт, "суу сыйлаган зор болот" деген сыяктуу накыл создорду баарыбыз угуп чонойсок керек.Бул илимпоздун созу биз учун ачылыш болбой калды окшойт
+10
PROS
2019-04-10 17:56:09
Тээ бийикте Гималай, Памирде жашагандар таза суу ичишет (мөңгү, булак сууларын) бирок аябай бат картайышат го. Бул батыштын окумуштуулары ар кайсыны таңуулай беришет! (Дарвин сыяктуу, маймылдын небереси болуп чыга келгендей).
+3
XATSAN125
2019-04-11 06:44:26
PROS,туура айтасын
0
boris8907
2019-04-12 16:32:29
PROS,алар таза суу ичкен менен жегени жашоо климаты начарда
+1
XATSAN125
2019-04-11 06:45:38
монгунун суусу эмес монгунун акчасы н ичкендер картайбай журушот
+5
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан