АЗООСПЕРМИЯ – ЭРКЕКТИН БЕЛ СУУСУНДА УРУКТУН ЖОКТУГУ

Эркектердин тукумсуздугу – бүгүнкү күндө кулач жайган оорулардын бири. Ага эркектин жыныс мүчөлөрүнүн тубаса жетилбестиги, сезгенүү процесстери, эндокрин системинин бузулуулары, бел суусунда уруктардын таптакыр жоктугу себеп болот. Эркектин бел суусунда уруктардын таптакыр жоктугу азооспермия деп аталат. Бул оору тууралуу “Анкалайф” клиникасынын негиздөөчүсү, профессор Жихангир Чакыжы айтып берет.

АЗООСПЕРМИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?

– Азооспермия – репродуктивдик оору. Эркектин урук чыгаруучу түтүктөрүнүн өткөрбөөчүлүгү жана бел суюктугунда уруктун клеткаларынын жоктугу медицинада азооспермия деп аталат. Ал тубаса жана кийин ар кандай сырткы жана ички факторлордун таасиринен улам жаралышы мүмкүн.
Оорунун ачык белгилери байкалбайт. Жыныс мүчөнүн функциясы да бузулбайт. Кадимкидей эрекция болот, жыныстык катнаштан кийин бел суусу түшөт. Бирок мындай сапаттагы бел суусу балалуу болууга мүмкүнчүлүк бербейт. Оорунун эң негизги белгиси – балалуу боло албагандык.

АЗООСПЕРМИЯНЫН ТҮРЛӨРҮ

– Азооспермиянын 4 түрү бар. Эркек анын кайсы түрү менен жабыркап жатканы комплекстүү текшерүүдөн өткөндөн кийин гана билинет.

• Обструктивдүү азооспермия (экскретордук тукумсуздук). Мында бел сууда уруктар таптакыр жок болот же бел сууну иштеп чыгуучу герминогендик клеткалар толук өсүп жетилбейт. Анткен менен эн бездери, гормондордун деңгээли өз нормасында болот.

• Обструктивдүү эмес азооспермия. Оорунун бул түрүнө гормоналдык бузулуулар жана генетикалык оорулар таасир этет.

• Аралаш азооспермия. Ар кандай оорулардын таасиринен улам көптөр азооспермиянын бул түрүнө кабылышат.

• Функционалдык азооспермия, башкача айтканда, оорунун убактылуу кармоочу түрү. Буга чарчап-чаалыгуу, стресс, дары-дармектерди узакка пайдалануу таасир этиши мүмкүн.

ООРУНУН СЕБЕПТЕРИ

► Жыныс мүчөнүн тубаса жетилбестиги

► Тукум куучу оорулар, мисалы, муковисцидоз

► Жыныс органына, ич көңдөйүнө жасалган хирургиялык операциялар

► Ар кандай жаракаттар

Жыныс органынын, урук безинин сезгенүү оруулары

► Жыныстык жактан жугуучу оорулар

► Эндокрин системинин иштешинин бузулушу

► Узак убакыт дары-дармек ичүү, химиотерапия алуу

► Кант диабети

► Авитаминоз

► Стресс

► Чылым чегүү, ичимдик ичүү жана башкалар

ДИАГНОЗ КОЮУ

– Оорулуу урологдун текшерүүсүнөн өтүп, тиешелүү анализдерди тапшыргандан кийин гана так диагноз коюуга болот. Кандай текшерүүлөрдөн өтөт:

• Эркектин урук чыктагыч бези, табарсыгы, эн бездери УЗИге тартылат;

• Эн бездеринин көлөмү орхидометр менен ченелет;

• Спермограмма;

• Кандын анализи;

• Жыныстык жактан жугуучу ооруларга тиешелүү анализдер тапшырылат.

ДАРЫЛОО

– Оорунун себебине жараша уруктарды алууга, башкача айтканда, аспирациялоо болот. Анын бир нече жолу бар. Алгач уруксуз эркектерге TESA ыкмасы колдонулат. Мында ичке ийненин жардамы менен эн безинен урук клеткасы алынып, лабораторияда багып өстүрүлүп, тоңдурулат. Кийин ал киши балалуу болууну пландаганда тоңдурулган уруктар ЭКО жолу менен балалуу болууда пайдаланылат. Эгер бул ыкма натыйжасыз болсо, урук алуунун башка ыкмалары, тери аркылуу аспирациялоо (PESA), жумуртканын кошумчасынан уруктарды микрохирургиялык аспирациялоо (MESA) пайдаланылат. Андыктан балалуу болуу үмүтүңүздү өчүрбөй, биздин клиникага кайрылыңыз.

“ЭКО ЖАСООДО УРУКТАРГА ГЕНЕТИКАЛЫК ДИАГНОСТИКА ЖҮРГҮЗҮЛӨБҮ?”

– Аялым кош бойлуу болуп, 24 жума болгондо боюнан түшүп калган. Кийинки кош бойлуулугу да аябай оор өттү. Кыздуу болдук, бирок жүрөк кемтиги менен төрөлүп, бир жарым жашында чарчап калды. Дагы балалуу болсок оорулуу болуп калбайбы деп кооптонуп турабыз. Сурайын дегеним, ЭКО жасоодо уруктарга генетикалык диагностика жүргүзүлөбү?

Айтбек, 23 жашта, Жалал-Абад облусу

– Үй-бүлөдө мурда генетикалык же хромосомалык аномалиялар бар болсо, боюнан түшүү улам катталса, ЭКО жасоо улам ийгиликсиз болгон учурда уруктук клеткаларга же эмбрионго лабораторияда генетикалык диагностика, PGD жүргүзүлөт. Мындай диагностиканы колдонуу ЭКОнун ийгиликтүү жасалышына жана жакшы генотиптеги баланын жарыкка келүүсүнө мүмкүнчүлүктү жогорулатат.

“УРУК КЛЕТКАЛАРЫМДЫ ТОҢДУРСАМ БОЛОБУ?”

– Жоро-жолдоштор чогулуп отурганыбызда урук клеткаларын тоңдуруп сактап коюу тууралуу сөз болду. Бир досум “анын бетин ары кылсын, бирок эгер каза болуп калсаң ошону пайдаланып аялың балалуу боло алат” дейт. Мунун канчалык чындыгы бар?

Бакыт, 28 жашта, Кадамжай району

– Мурат, бул нерсе чындык, медицинанын жетишкендиги деп билсеңиз болот. Урук клеткаларын тоңдуруу медицинада криоконсервациялоо деп аталат. Мында эркектин бел суюктугунан активдүү, мыкты жумуртка клеткалары тандалып алынат да, –196 градуста, суюк азотто тоңдурулат. Аларды чектелбеген убакытка чейин сактоого болот. Эркектер гана эмес, аялдар да бул кызматты пайдаланышса болот.

Клиниканын дареги:

Бишкек шаары, Горький көчөсү, 21

Байланыш телефондору:

0312 59 39 99, 0770 220 157 (кабылдама)

0770 220 104 (Whatsapp)

www.ankalifebishkek.com

ankalife_bishkek

Аnkalifebishkek

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nur72
2019-04-08 12:26:35
Ыы
0
Baapova
2019-04-13 13:04:24
мм
0
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан