Жетиммин. Бул сөздү эч ким бетиме айта элек. Бирок ата-энеси жок балдарды ошентип аташат да, туурабы? Атам өтүп кеткени менен, апам тирүү. Болгону анын башка үй-бүлөсү, башка балдары бар.
Кичине кезимде атам менен апамдын урушуна көп күбө болдум. Атам арак ичет, апама кол көтөрөт. Апам мунун баарына чыдаганга аракет кылды. Апам экөөбүз таятамдыкына көп жолу кетип, кайра келчүбүз. Акыры апам жеңилди, атамды таштап, мени таятама таштап башка байкеге турмушка чыгып кетти. Апамдын турмушка чыкканын укканда атам мени талашып алып кетип калган. Алып кетип өзү баккан жок, албетте. Чоң атам менен чоң апама таштады. Арак ичет десем, атамды жаман көрүп калдыңар болуш керек. Мас кезинде атамдан жаман адам жок экенин танбайм. Бирок билесиңерби, мен жашоомдо эң көп мээримди ошол күндө сасып ар кайсы көчөдө жаткан, аялына гана эмес, бир туугандарына да кол көтөргөн жаман адамдан алдым. Ал мас болуп келсе да, баласын канатына калкалаган куш сыяктуу болчу. Мени бардык жамандыктан коргогусу келе берчү. Атам жанымда болгондо гана мен өзүмдү эркин сезет элем. Соо кезинде мени ээрчитип алып каалаганымды алып берип, мени менен ойногону эң жагымдуу учурлар экен, көрсө. Азыр эстесем, атам жанымда болгон кезде гана жылмайчу экенмин. Бир канча күн жоголуп кетип, арак сасып келген атамдын жытын сагынчумун. Башкалар үчүн атамдын арактын айынан өлөрү күтүлгөн окуя болгон деп ойлойм. Бирок мен качандыр бир кезде арактан улам үйдөгү ызы-чуудан, андан кийинки жытташуу, эркелешүүлөрдөн айрылып, өзүмдү коёрго жер таппай чабалактап каларымды ойлогон эмесмин. Арак атамды алып тынды. Аны менен кошо менин дарегиме кээде келип турган эң күчтүү мээримди алып кетти. Ата менен эненин мээрими бала үчүн эч бир баага алмашкыс сезим. Муну ал сезимге зар болгон адам гана туура түшүнүп, баасын билсе керек.
Чоң атамдын ашыкча камкордугу, сүйүүсү да атамдын мээримине тең келе алган жок. Атам каза болгондо апам мага келет, сооротот, боору ачып жанымда отурат деп күткөм. Эң чоң соккуну ушул үмүтүмдүн айынан алдым. Коңшу айылда жашаган апам мени издеп келген жок, бир ооз кайрат айткан жок. Апам бир ирет чоң апама “алма сабагынан алыс түшпөйт. Баласы деле атасына окшош болуп чоңоёт. Силердин тукумуңар, өзүңөр бага бергиле” деп айтыптыр. Муну чоң апам эжеме айтып жаткан кезде угуп калгам. Жүрөгүм тилинди. Апама менсиз жашоо кадимки көрүнүш болсо, мага андай болгон жок. Күтүп жашадым. Акыры эч кимге айтпай аны өзүм издеп бардым. Башка балдарын эркелетип отурган апамдын үйүнө күтүлбөгөн жерден кирип бардым. Сагыныптырмын, карап алып ыйладым. Апам да күйпөлөктөп ары-бери чуркап калды. Сүйлөштүк, жылуулукту да, аяганын да сездим. Мен ушул жылуулукка, ушул көздөрдүн мээримине зар болчумун, жан дүйнөмдү башкача сезимдер аралап өттү. Ушундан кийин мендеги бул сезимдер, ичимдеги кубаныч, ичимди тырмап өткөн башкача жылуулук мындан ары мени менен болот деп ишенгем. Бирок апам андан кийин деле мен жашаган үйгө басып келген жок, телефонума чалган жок. Биздин айылга келип калса да мени издеген жок. Ал адам эмнени ойлоп жатканын түшүнбөйм. Кичинемдеги эң мээримдүү адам кантип мынчалык кайдыгерге айланганын такыр түшүнө албайм. Апа, мен атам экөөңөрдүн сүйүүңөргө зармын.
Тилек