ТЫБЫТ ЭЧКИ БАКСАҢ УТУЛБАЙСЫҢ!

Кол карабай жайытта, тоо-ташта оттоп, жем-чөпкө үнөм кылган жандык – бул эчки. «Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт эгизден, эгиз тууйт сегизден» дегендей, эчки төлү менен гана кожоюнун байытпастан, ал мамык тыбыты менен да байыта алат.

«КЫРГЫЗСТАНДА ТЫБЫТ БАГЫТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ЭЧКИ ПОРОДАСЫ ЧЫГАРЫЛГАН
Кубат Назаркулов, Жайыт, мал жана балык чарба, жайыт илим-изилдөө департаментинин башкы адиси:
– Эчкилер эт, сүт, жүн жана тыбыт багытындагы болуп бөлүнөт. Өлкөдө жергиликтүү эчкилерди придон, ангор породалары менен аргындаштыруу аркылуу жүн, ошондой эле тыбыт багытындагы (өңү күрөң, көгүш боз, ак) кыргыз эчки породалары чыгарылган. СССР кезинде тыбыт багытындагы эчкилерди багып-көбөйтүү жана жайылтуу менен алектенген Жаңы-Жол (азыркы Аксы) районунда Кызыл-Туу асыл тукум эчки заводу, Баткен районунда Ак-Сай асыл тукум мал чарбасы бар болчу. Тыбыт багытындагы порода Кызыл-Тууда чыгарылган. Кийин Союз тарагандан кийин ал завод жок болду. Ал эми Ак-Сайдын базасында Тегирмен-Башы кооперациясы түзүлгөн. Азыр ошол жерде тыбыт багытындагы кыргыз эчки породасы багылат. Чоң текелерден 650-700 граммга, ургаачы эчкилерден 450-500 граммга чейин тыбыт алынат. Чоң, жакшы багылгандары 1 килограммга чейин тыбыт берет. Чоң текелердин салмагы 65-66 килограммга, ургаачыларыныкы 38-40 килограммга жетет. Тыбытынын узундугу 8-10 сантиметрди түзөт. 100 баш эчки жакшы карап-бакса 160-180 улак бере алат. Учурда элде тыбыт багытындагы кыргыз эчкилери менен башка эчки породаларынын аргындашып кеткен түрлөрү да кездешет. Эчкилерди Аксы, Баткен районунун эли көп багат.
Эчкинин тыбытынан кашемир алынып, андан кийимдер тигилет. Кашемир жибекке караганда жумшак, жүнгө салыштырмалуу жылуу. Жүндөй тоголоктошуп түлөбөйт, аллергия кылбайт. Салмагы абдан жеңил. Андыктан кашемир дүйнөлүк рынокто илгертен кымбат бааланат. Учурда Кыргызстандагы эчкилердин тыбыттарын жеке ишкерлер Кытайга өткөрүшүүдө.

«МУРУН ТЫБЫТЫН ТАРАГАНДЫ БИЛБЕЙ ЖҮНҮН КЫРКЫП ӨТКӨРЧҮБҮЗ»
Марапат Осмонова, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылынын жашоочусу:
– Корообузда тыбыт багытындагы породалуу 30 эчки бар. Быйыл айылда эчкилерде кара өпкө ылаңы жайылып, 15 эле улак алдым. Бизде күн суук болгондуктан эчкилер апрель, май айында түлөп, тыбытын ошондо тарайбыз. Былтыр 30 эчкиден 9 килограмм тыбыт алып өткөзүп, 14 800 сом акча таптым.
Мурун 60тай эчкибиз бар эле, алардын тыбытын тарап өткөзгөндү билбей жүнүн кыркып өткөрчүбүз. Тыбытын тарагандан бери жүнүн кыркпай калдык. Тараганда кенелери, жабышкан тикенектери кетип сергип калат. Жайында мал жайлоого кеткенде короого дары чачып, дезинфекция жүргүзөбүз.

«ЭЧКИНИН ТЫБЫТЫНАН 1 МИЛЛИОН 300 МИҢ СОМДОЙ ПАЙДА ТҮШКӨНҮ ТУРАТ»
Калыбай Амиракулов, Баткен облусунун Баткен районундагы Тегирмен-Башы кооперациясынын жетекчиси:
– Биздин кооперация мурунку Ак-Сай асыл тукум мал чарбасынын базасында 1996-жылы түзүлгөн. Учурда тыбыт багытындагы кыргыз эчки породасындагы 2077 баш эчки бар. Эчкилерди карап-багып 14 жумушчу жана 1 ветеринар иштейт. Кооперация жаңы түзүлгөндө эчкилердин саны 4200 баш болсо, кийин азайып кеткен. Тыбыттын баасы азыркыга караганда арзан болуп, 1 килограммы 950, 1000 сомдон ашчу эмес. 3 жылдан бери эчкинин башын көбөйттүк. Кудай буюрса, таралып алынган тыбыттарды өткөрсөк, карыздардан толук кутулуп, кирешеге да ээ болобуз деп турабыз.
Эчкилерди жазында, март айында мал түлөй баштаганда тарайбыз. Эчки канчалык семиз багылса, тыбыты да көп болот. Арык эчкилерден тыбыт алып жарыбайсың. Быйыл эчкилерден жалпы 518 килограмм тыбыт алдык, анын килограммын 2500-2550 сомдун тегерегинде өткөрүп жатабыз. Ошондо, 518 килограмм орточо эсеп менен 1 306 950 сом болот экен.
Өткөн жылы 471 килограмм тыбыт алып, килограммын 1250 сомдон өткөргөнбүз. Тыбытты бизден ортомчулар сатып алып, Кытайга өткөрүп жатышат. Эми өзүбүз чет элге түз сатуу жолдорун табууну пландап жатабыз.
Эчкилердин тирүүлөй салмагына келсек, текелер 45-50 килограмм, ургаачылары 30-35, улактары 10-14 килограмм чыгат. 100 эчкиден 140тай улак алабыз, өлгөндөн тышкары 120дайы калат. Жаздан баштап кеч күзгө чейин жайытта болот. Кышта деле күн жылууда жаябыз. Андыктан жем-чөпкө үнөм. Кооперациянын 38 гектар жери бар. Бирок жайытыбыз жок, жайыт комитетине акча төлөп бөлүнгөн жерге жаябыз. Эчкилердин чечек, чума, бруцеллёз ооруларына каршы 1 жылда бир жолу, ал эми ичегинин мите курттарына каршы 1 жылда 2 ирет дарылайбыз. Рацион боюнча 1 эчкиге күн сайын 200-300 грамм жүгөрү, буудай аралаш 1 килограмм жем, 2 килограмм чөп, 2 граммдан туз беребиз.

«ЭЧКИ БАКСАҢ ЭТИҢ ДАЯР, ТЫБЫТЫ АКЧА»
Нурбек Султаналиев, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар шаарчасынын тургуну, 40 жашта:
– Тыбыт багытындагы кыргыз породасындагы 50 эчки багам. Жер шартыбыз адырлуу, таштак, ошондуктан эчки баккандар абдан көп. Эчкини биз жактагылар Союз кезинен эле багып келе жатат. Жыл сайын короодогу 1 чоң текеден 700-800 грамм, ургаачы эчкиден 400-500 грамм, 1 жылдык улактардан 270-300 граммдан тыбыт тарап алам. Быйыл 18 килограмм тыбыт алып, килограммын 2500 сомдон өткөрүп жаткан кезим. Эчкилер 5 ай жайлоодо болуп, кеч күздөн апрелдин аягына чейин короодо кармалат. Жайлоого кеткичекти жана кыш түшкүчө көчөдөгүлөр эчкилерибизди кезектешип кайтарабыз. Эт сатып албай, четинен союп жейбиз, мисалы, 1 жылда сегиз же ондой эчки. Акча керек болгондо 3-4 жылдыктарын 7000 сомго, жаштарын 2500-3000 сомдун тегерегинде сатып акча кылып алабыз. Мисалы, өткөн жылы 4 эчки саттым.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
radostmoya
2019-04-20 13:00:15
Эсиң кетсе, эчки бак. Эчки тууйт эки улак.
+1
№ 858, 11-17-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан