СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Сен жөнүндө көп уккам, балам. Жай таанышууга убактым болбоду. Эми кантсе да сага Айдананы тапшырдым. Көз жашын төктүрбө. Эгерде жакшы көргөн жарды асырап бакса, ал сага түбөлүк тирек, ийиниңе таяныч болуп берет. Сенден башка адам жолукса да ушул сөзүмдү айтмакмын. Кызыма жакшы эне болсом да, жакшы келечек түзүп бере албадым. Кантейин, колумдан келбеди.
Ушуларды айтып, Рустамдан көзүн албай жатты. Башын ийкеп, көзүнө тике караганда гана ыраазы болгонсуп, эриндерин бүлк эттирип койду.
Абалы начарлагандан начарлай берип, ошондон эки күн өткөн соң Айдананын апасы көз жумду. Оор жоготууда Рустам жанында болду. Айдананын эми жалгыз гана жакын адамы Рустам болчу.

ххх

Паркты аралап бараткан Айнура курбусунун сөздөрүнө ичи тызылдап жатты. Тиги да ого бетер эрди-эрдине тийбей безелене берди.
– Рустамды ошол ырчы кызга тарттырып жиберип эле отуруп каласыңбы? Андай экен, мурун кайда жүрүптүр? Эмнеге сен мурдуңдун алдынан алдырып ийип отуруп каласың? Давай, бир нерсе кылалы.
– Рустам аны менен жөн эле дуэт ырдап жүрөт. Экөөнүн ортосунда эч нерсе жок,- деди оозу бош унчуккан Айнура.
– Андай эмес дейм. Экөөнүн өбүшүп турганын өз көзүм менен көрдүм го.
Куду өзүнүн жигитин бирөө тартып алып жаткансыган курбусу жан дили менен сүйлөп жатты.
– Жок, ал анте албайт. Рустам антпейт...- эриндери дирилдеген Айнура курбусунан тез-тез басып узап кеткенче шашты. Жолду карай Рустамдын элеси көз алдынан кетпей жатты. Сүйүүнүн азабын, кызганычтын жан кейиткен кыйноосун азыр түшүнүп баратты. Көзүнөн жаш агып жатканын да байкабаптыр. Колу менен аарчый берип, өзүнө-өзү таң калды. “Кызык, мен Рустамды ушунчалык сүйөт экенмин да. Эмнеге мурун аны сүйөрүмдү түшүнбөдүм?”
Ошол эле күнү Рустамдын үйүнө барды. Тепкич менен чыгып келе жаткан Рустам бүлбүл жарыкта эшигинин түбүндө бүрүшүп отурган Айнуранын көрдү.
– Эй, сен эмне!? Сен эмне бул жакта отурасың?
Тиги үндөбөдү. Рустамдын мүң­күрөп отурган Айнурага боору ооруй түштү.
– Айнура, кечир!
– Эч нерсе дебе!
– Баары бир айтышым керек.
Ордунан тура калган Айнура адатынча жарк эте күлүп, тамашага чалды.
– Эй, мен сени жөн эле коркутайын дегем. Караңгыда астыңан чыга калып “бөө-ө” деп коркуткум келген да.
Шаша-буша ылдый чуркаган Айнуранын аркасынан жете барган Рустам чыканактан кармап токтотту.
Айнура энтиге ыйлап жиберди. Жигиттин кең көкүрөгүнө жүзүн басып, эч нерсе айта албай буркурап жатты. Рустам бооруна кыса кучактап, жүзүндөгү мөлтүрөп турган жашты өөп токтотту. Ушуну эле күтүп тургансып Айнура жанталаша өпкүлөп, Рустамдын көйнөгүн чечип жиберди.
– Айнура, койчу азыр эмес. Мен...
– Сагындым сени!
Айнураны токтоткондон көрө алоолонгон өрттү өчүрүү оңоюраак болчу. Кагып сала албаган Рустам эрксизден анын каалоосуна көнүп берди.
Түн. Жылт эткен кумардын ээлери эми сулк жатышты. Ордунан турайын деген жигиттин моюнуна кыз ороло берди.
– Турба, кетпечи жанымдан...
– Чаңкап кеттим. Суу ичип келейин.
Ордунан ыкшоо турган Рустам суу ичип алып, айды тиктеди. Айдананы ойлогондо жүрөгү тыз дей түштү. “Мен бул ишти кылбашым керек эле. Туура эмес бул. Анан кантип? Болду, баарын ордуна коюп, чындыкты Айнурага айтышым керек!”
Ордуна келип күп эте жаткан Рустамдын моюнуна асыла берген Айнура жүрөгү бакытка толуп жатты.
– Мен сага бир нерсе айтышым керек, Айнура. Мурун эле айтышым керек болчу.
– Айтпа, кереги жок.
– Айнура, сен дүйнөдөгү эң жакшы адамсың. Сени менен өткөргөн күндөрүмдүн баары эсимде. Сендей шайыр, сендей татына кыздын түгөйү да татыктуу болушу керек. Мен сага татыктуу эмесмин.
Ал эки колу менен кулагын жаба салды. Кулагына курбусунун үнү жаңырып жатты. “Рустамды ошол ырчы кызга тарттырып жиберип эле отуруп каласыңбы? Андай экен, мурун кайда жүрүптүр? Эмнеге сен мурдуңдун алдынан алдырып ийип отуруп каласың?”
Көздөрү жалооруй Рустамга тигилди. Анын көздөрүн тиктеген жигиттин тили бурулбай токтоп калды.

ххх

Иман кабинетинде ойлуу отурду. Эшикти тыкылдатып кирип келген Алымды көрүп, кабагы бүркөлө түштү.
– Саламатсызбы, агай. Мен бул жактан өтүп бара жатып эле кире калдым. Ден соолугуңузду сурайын деп...
Жапылдап жаткан Алымды жактырбай бир тиктеди Иман. “Жуукур десе, сен эле болсоң жөндөн-жөн кирип кал. Бир нерсе керек болбосо коридордон таанымаксан болуп өтүп кетчүлөрдүн бири сен эмессиңби” Алым Имандын жактырбай жатканын билип турса да, билмексен боло жапылдай берди.
– Исскуство адамдары ушунчалык көңүлүбүз назик келет эмеспизби. Биз концерт берели деп филармонияны сурасак, бербейбиз дегендей кылып жатышат. Экинчи ирет кайрыла албай сизге келдик. Эми... Сиздин уулуңуз менин колумда болуп жаткандыктан, балким, кеңеш же жардам берерсиз деп эле...
– Алым, мен сага башында эле эскерткем. Эгерде Рустамдын бир тал чачына зыян келтирсең, сенин алдагы кылжыйган моюнуңдан башың тоголонуп кетет. Анан да анын атын сатып мага келбей эле кой. Деги эле Рустамдан алыс бол деп мен сага канча жолу айтам.
– Демек, менин түшүнүшүмчө, сиз жардам бере албайт экенсиз да...
Иман андан да ачуу сөз айтып жибергиси келип барып токтоду. “Азыр баары бир Рустамды мындан ажыратып кете албагандан кийин ачууга алдырбашым керек. Кийин...”
Ушул ойго токтолгон Иман акырын үн катты.
– Болуптур, жардам берем. Бирок, Алым, көзүңдү ач. Рустам азыр жаш. Аны пайдаланам деп ойлобой эле кой. Мен ага жол бербейм.
Жапылдап коштошуп чыгып кеткен Алым мыйыгынан күлүп бара жатты. “Эми атасы да, уулу да колумда. Андан да Айдананы колумдан чыгарбашым керек”.
Студиясына кирип келген Алым бакылдап баштады.
– Азаматтар! Мына бүгүнкү күндөн баштап, концертке даярдана башташыбыз керек. Баса, Айдана кайда? Дагы да кечигип жүрөбү? Мен бул кызды эмне кылышым керек экенин билбей калдым.
Ушул учурда кирип келген Айдананы көрүп, ого бетер урушуп кирди.
– Сен кандай жоопкерчилиги жок немесиң? Ар дайым кечигип келип...
Гитараны кылдыратып отурган Рустам менен Айдана тиктешип калышты. Көздөрү чагылышып турган экөө Алымдын сөздөрүн угушкан жок. Каректерде калкыган сагыныч, арзуу толкуп турду. Айдананын муңайым көздөрүн сагынып калган экен.
“Кыйналып калыпсың, жаным. Мын­дан ары ыйлатпайм. Эч качан жаныңдан чыкпайм. Кайгынын чаңын да сага жолотпойм” деп жатты Рустамдын көздөрү.
“Сагындым! Сен болбосоң бул кайгыны кантип көтөрөт элем билбейм. Бирок сен барсың. Сенсиз жашай албай бара жатам”.
– Эй, силерге эмне болгон?
Эми гана тигил экөө өздөрү менен өздөрү болуп турганын сезген Алым аларды алмак-салмак тиктеп калды.
– Силер эми көрүшкөнсүп эсиңерден танып атасыңар. Болгула, убакытты кетирбей даярданып баштайлы.
Рустам ага көңүл бурбагандай Айдананын жанына келди да бооруна кыса кучактап турду.
– Баары жайында, кичинекей... Баары артта калды,- деди күбүрөп
Рустам Айдананы “кичинекей” деп эркелетчү. Боюнун кичинелигиненби же баёолугунанбы, ушинтип айтар эле.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 403, 23-29-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан