106 СААТ ТЫНБАЙ ЫРДАГАН ЫРЧЫ

Доминикалык Карлос Сильвер дүйнөлүк рекорд көрсөткүчүнө ээ болуу үчүн 106 саат тынбай ырдап, тилекке каршы, анын аракети "Гиннесстин рекорддор китебинин" өкүлчүлүгүнүн купулуна толбой калды. Ага ырлардын ортосунда көпкө тыныгуу жасады дешкен. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, ырчы 29-марттан 3-апрелге чейин ырдаган. Бул аралыкта ал 5 миңден ашуун ыр аткарган. Аны үй-бүлөсү жана күйөрмандары колдоп турушкан. Акыркы ырын аткарып бүтөрү менен аны “Тез жардам” кызматы алып кеткен. Анткени ырчы 3 күн бою уктабай, тамактанбай ырдагандыктан эс-учун жогото баштаган эле. Белгилей кетсек, тынбай ырдоо боюнча дүйнөлүк рекорд индиялык ырчы Сунилу Вагмарга таандык. Ал Сильверден 1 саат аз ырдаган.


Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 858, 11-17-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан