АКЫРКЫ АДАМ-ЖАПАЙЫНЫН АРЗУУСУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Бир убакта кулак-мээни тундуруп асман жарылып кеткендей күркүрөп, алаамат доош чыкты. Эркегин күтүп турган ургаачы адам-жапайы кулаган таш сымал ыргып кетти. Бир кезде эсине келип, теңселип ордунан акырын козголду. Тирүү экен. Чагылган алды жагына, баягы караан келаткан жерге түшкөндөй. Анткени ал жактан катуу чыңырык, анан онтогон доош угулгансыды.
Адам-жапайы шагылдарды аралай бирде эки буттап, бирде төрт буттап ылдый чуркады. Ал баамында “эркегим чагылгандын огуна кабылды” деп күркүрөп, озондоп чуркап бара жатты. Анан ошол тейде тигини басып жыгыларда караса, анысынын жыты башка. Кандайдыр башкача онтоп, кыйкырып, жан айласы кылып, озондоп жатат. Ары жакта денеден үзүлгөн бут жаткансыйт. Бул жандуунун ким экенин билбегени менен, анын жардам сурап жатканын түшүнгөн адам-жапайынын энелик сезими ойгонду. Эки эмчеги зыркырап, көөдөнүн ысык бир нерсе тээп чыкты. Жанагы чагылган урган жандууну үңкүр-үйүн көздөй көтөрүп жөнөдү.
Бир буту үзү­лүп, кансыраган эки аяктууну колтукка кыса үңкүргө алып келип, парандалардын тыбыт жүнү төшөлгөн жайга кулатты. Таш коңулунда катылып турчу дары чөптөрдү жамгыр суусуна нымдап, кан таамп турган тамырларына басты. Бул эле эмес, жапайы жандыктардын майын сыйпап, жан алакетке түшө берди...

ххх

Тагдыр башка салса арга жок экен. Чагылгандуу ошол күнү адам-жапайынын эркеги тоонун башынан төмөнүрөөк түштү. Көп эле жол арбытты.
Бир жерден эки аяктуунун изин көзү чалды. Сонуркап из кууп басса, анын үч аттаганын бир эле аттап коюп жатты.
Былтыр да ушул учурда талааларды сары ыраң каптап, кыш ызгаары жакындап келатканда тоо башынан ылдыйлай түшкөн. Бир жерге келгенде алыстагы жер үйлөр көзүнө урунган. Айры бут жандарды калың өскөн долонолордун арасынан сонуркап карады. Алар жыт билбеген немелер белем, муну байкашкан жок. Анан ары басып, жаңгак токоюн аралады. Бул жерде да айры бут жаныбарлар. Алардын кетүүсүн күтүп, бир жаңгактын башына чыгып көпкө отурду. Курсагы курулдап ачкан соң не кыларын билбей, дарак башындагы тоголок нерселерди алып оозуна салды. Ошолор ага аябай жакты. Бир убакта кыйкырык, ызы-чуу чыкканда жаңгактан-жаңгакка аттап-буттап секирип качып жөнөй берди. Дарактардан жаңгактар дабырап күбүлүп, жер бети жаңгак болуп жатып калды. Кечинде кайрадан таш тамдуу жети үйдүн жанындагы долонолордун арасына келип жатты.
Ошондо эң биринчи отту көрдү. Эки аяктуулар болсо оттон аттап секирип өтүшүп, аны айлана отурушту. Отко этти куйкалашып, куйкум жыттантып, эттин даамын кетирип, оюна келгенин кылышты. Негедир адам-жапайыга ушул алматтардын айылы жакындай сезилип, ушул адамдар бир боорундай туюла берди. Ошондонбу, кийин да алматтардын тамдарынын өйдө жагындагы долонолуу жайга кирип жатса жайлуудай сезилип, ошол жерди имерчиктеп калган.
Эртеси кайра баягы жаңгак токоюна – адамдар тарапка баргысы келди. Акырын абайлай барса, кечээги эки аяктуунун бири да жок. Ар-ар жерде сороюп каптар турат, анын бирөөсүн түрттү эле, кечээги өзү жегендей даамдуу азыктар жер жайнап төгүлүп жатып калды.
Арыраактан аттын бышкырганы жана кишенегени угулганда адам-жапайы чоң каптагы жаңгактын төрт-бешин колтукка кыса качып жөнөй берген.
Андан бери жыл айлан­ды. Ошондо таап келген жаңгактары ургаачы адам-жапайыга аябай жаккан. Кийин кайра-кайра келип андагыдай каптарды, дарак башындагы жаңгактарды таппай канча убараланды. Көп узабай кыш келди. Кар оор түшүп, суук күчөдү. Ошентип, булар үңкүрдөн көп чыкпай калышты.
Эми минтип өткөн жылкы окуялар эске түшүп, айыл тарапка улам-улам карап, аң уулоого бара жатканы да ошондон…
Былтыркы жерге келди. Ана, өткөн жылы үстүнө чыккан аркайган беш миң жылдык карт жаңгак. Буту айрылар көрүнбөйт. Көзү төбөдө жылдыздардай жайнаган жаңгактарга байланат.
Акырын, абайлай аттап жаң­гак түбүнө жакындай берип, бир убакта эле “күп” этип кулап түштү. Денеси катуу нерсеге тийип жанчылып калгандай болду. Көзүнөн от чыккансыды. Ал адамдар казган орго түшүп кеткенин билген жок. Аңдан чыгуунун жолун издей жанталашып туш тарабын ургулай, тепкилей берди. Озондоп, кыйкырып-өкүрүп атты. Оо бир топто төбөдөн эки аяктуу жандар баштарын салаңдатып карап турганын көрүп, асманга – аларга карап чамынды. Жете албады. Жети күн, жети түн өткөндөн кийин гана ал зынданга түшкөнүн, эми бул жерден такыр чыга албасын билди. Төбөдөн эт, анан жаңгак ташташты. Суу беришти. Адегенде алардын баарын апчып кайра сыртка ыргытты. Суусун төктү. Бара-бара курсагы ачып, башы айлана баштаган соң жаңгактарды адамдардай чагып жегенди билбеген неме сырты менен эле апсыгып жеп алды… Анан этке, сууга өттү...

ххх

Ургаачы адам-жапайы өмүр менен өлүмдүн ортосунда калган адамдын жытына көнүп калды. Башка айла жок эле. Кишинин жараатына дары сыйпап, бозунач, кийик от дегендей чөптөрдү сууга чылап, анан аз-аздан оозуна салат. Анысы болсо эптеп күрмөп жутууга аракет кылат. Анан да дары болор тамырлардан таап келет. “Көзүн качан ачат, өзүнө келгенде эмне болор экенбиз, эркегим келсе эмне деп ойлойт?” деп сарсанаага чөмүлгөнү менен, ушул күнөөсүз жанды айыктырып ордунан тургузсам деп тилек кылды.
Күндөр өтө берди. Же эркегинен дайын жок же жанындагы эки аяктуу эс-учун жыйбайт…

ххх

Элдер орго түшкөн адам-жапайыны көргөнү күндө келет. Ошентип, билинбей адам-жапайы да, адамдар да бири-бирине үйүр ала башташты. Кишилер бир нерселерин көтөрүнүп келип, караңгы зынданга таштайт.
Бүт денесин түк баскан, шыргыйдай узун эки колу тизеден ылдый түшкөн, чулдурап бир нерсе дегендей болгону менен, оюн айта албаган макулук экен. Эки көзү кызарып, кишилерге бирде атып ийе тургандай, бирде чарчагандай кайдигер карайт. Таноолору дердейип, тумшугу коңкоюп, колу эпке келбей тартайып, чачтары апсаят. Энеден туума жылаңач денеси күрөң тартып бир башкача. Андыктан бул жаныбарды көрүү үчүн алыс жактагы адамдар келип, жапайы адамды жарданып тамаша кылышат. Тамаша кылып эле калбай, ар кими ар кандай сөздөрдү айтат:
– Адам сыяктуу го?..
– Жапайы адам окшойт!
– Киши кийик экен!
– Ургаачы бекен, эркек бекен?
– Эркек болсо тийип алайын дедиң беле?
– Тийсе тийип эле алам! Карасаң, карасаң сага караганда ушул адамга окшошот!
– Ой шүмшүк десе, жапайыны да жөн койбойсуң, ээ...
Адамдар ушинтип оюна келгенин сүйлөшсө, ор казган токой ээсинин кыялы башкада. Күчтүү бул жаныбарды эпке келтирип, күздө жаңгак күүдүрүп, кышта чийне менен чөп сүйрөтсөм, арык каздырып, суу чыкпаган какыр адырларга суу чыгарып, жер чегин дагы кеңейтсем дейт. Ошон үчүн бул жапайы неме адамдарга көнө берсин деп тим коёт. Чын эле адам-жапайы кишилерге, кишилер адам-жапайыга көнүп баратканда алматтардын эки аксакалы токой ээсинин үйүнө атайын бастырып келишти.

Тойчубай Анаркулов

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
cliff
2010-07-29 09:51:36
Мага жакты калганын окусам жакшы болот эле...
0
№ 403, 23-29-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан