ФРЕДДИ МЕРКУРИГЕ ЭКИНЧИ ӨМҮР ТАРТУУЛАГАН “БОГЕМДИК РАПСОДИЯ”

2018-жылы кино жана музыка сүйүүчүлөрүнүн ортосуна “Богемдик рапсодия” тасмасы көпүрө болду десек жаңылышпайбыз. Тасмада 1970-1985-жылдар камтылып, легендарлуу “Queen” тобунун чыгармачылыгы, ошондой эле топтун негизги солисти Фредди Меркуринин өмүр-таржымалы баяндалат. Бул тасма жарыкка чыгары менен көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп, жакшы пикирлер менен кошо сындар да жаады. Ал эми эң беделдүү “Оскар” сыйлыгында да аталган тасма триумф жаратып, 4 “алтын статуэтканы”, “Алтын глобус” сыйлыгында 2 негизги сыйлыкты илип кетти. Эмесе, тасма тууралуу кеп алдыда.

Жанры
– Драма, биография

Режиссёрлору – Брайан Сингер, Декстер Флетчер

Продюсерлери – Грэм Кинг, Жим Бич

Сценарийдин авторлору – Энтони Маккартен, Питер Морган

Оператору – Ньютон Томас Сигел

Композитору – Жон Оттман

Башкы ролдордо – Рами Малек, Люси Бойнтон, Гвилим Ли, Бен Харди, жана башкалар

Узактыгы – 134 мүнөт

Сарпталган каражаты – 52 миллион доллар

Сатыктан түшкөн каражат896 миллиондон ашуун

Тарткан өлкөлөр – Улуу Британия, АКШ

Чыккан жылы – 2018-жыл

ФАРРУХ БУЛСАРА КАНТИП ФРЕДДИ МЕРКУРИГЕ АЙЛАНДЫ?

1970-жыл. Лондон шаары. Студент, дизайнер жана аба майданында жүк ташыгыч болуп иштеген Фаррух Булсара түнкү клубдардын биринде жергиликтүү “Smile” тобунун чыгармачылык кечесине барат. Кече соңунда Фаррух топтун мүчөлөрү Брайан Мэй жана Роджер Тейлор менен таанышат. Алардан бир аз мурун топтун солисти топту таштап кеткенин угуп, өзүн анын ордуна сунуштайт. Башында алар орсоюп турган кашка тишинен улам Фаррухту жактырышпайт, бирок Фаррух аларга ырдап берип “силердин сунушуңарды ойлонуп көрөм” деп басып кетет. Көп узабай Фаррух топко солист катары кабыл алынып, өзүнө Фредди Меркури деген каймана ат коёт жана “Smile” тобун “Queen” (“Ханыша”) тобу деп өзгөртүүнү сунуштайт. Ошентип “Queen” тобу жаралат да, Улуу Британияда гастролдук чакан турларга чыга башташат. Топтун жигиттери кеңешип гастролго чыккан унаасын сатып, акчасына студиядан алгачкы альбомун жаздырышат. Ошол кезде Фредди менен «Biba» кийим дүкөнүнүн сатуучусу Мэри Остиндин сүйүү мамилеси башталат.

БАШ АЙЛАНТКАН ИЙГИЛИК, ӨӨН УЧУРАГАН СЕКСУАЛДЫК ОРИЕНТАЦИЯ...

1975-жыл. “Queen” тобу коммерциялык ийгилик жаратып, бир катар гастролдук турга чыгууга жетишет. Топтун 4-альбому “Операдагы түн” (“A Night at the Opera”) жазыларда бир катар музыкалык студиялар иштешүүдөн баш тартышат. Себеби альбомду жаңыча форматтагы, башкача добуштар менен коштолгон, музыканын бир нече жанры айкалышкан “Богемдик рапсодия” аталышындагы 6 мүнөттүк трек толуктамак. Музыканттар айылдагы студияга барып, талыкпай эмгектенип жогорудагы өзгөчө ырды жаздырып, радиолорго алып келишет. Бирок ал кезде өтө узак жана “түшүнүксүз” ырды радиолор обого чыгаруудан баш тартат. Топко алгачкылардан болуп ди-джей Кенни Эверетт жардам берип, “Богемдик рапсодияны” эфирден кетирет. Ыр аз убакыттын ичинде дүйнөлүк хитке айланып, топко дүйнөлүк атак-даңк алып келет. Ошентип “музыканын ханышаларында” аягы жок гастролдор башталат... Фредди бул жылдары деле Мэри менен жолугушуп жүрөт. Бирок өзүнүн жыныстык ориентациясы өзгөчө, тагыраагы, бисексуал экенин байкайт. Жыйынтыгында ал топтун менеджери Пол Прентер менен мамиле курууга өтөт, ал эми сүйүктүүсү Мэриден кол үзөт.

“САХНА ПАДЫШАСЫНЫН” ТАКТАН КУЛАШЫ

1980-жыл. Топтун мүчөлөрүнүн ортосунда өз ара пикир келишпестиктер орун ала баштайт. Фредди өзүнүн сексуалдык жашоосун башкара албай калат. Мисалы, 1981-жылы ал өз үйүндө өткөргөн отуруштан соң официант мырза менен көңүл ачат. Ал эми 1982-жылы 10-альбомунун бет ачарында журналисттер анын сексуалдык ориентациясына кызыгышып, жеке жашоосу тууралуу ар түркүн суроолор менен бурчка такайт. Жыйынтыгында пикир келишпестиктер күч алып, Фредди топтон кетүүнү чечет. Көп узабай жеке ырчы катары алгачкы альбому жарыкка чыгат. Фредди Пол Прентер менен мамилесин уланта берет. Анын “өөн“ көрүнгөн жоро-жолдоштору менен достошуп, ар күнү өз үйүндө отуруш уюштуруп, алкоголь ичимдиктерин ичип, шаан-шөкөттөн башы чыкпай калат. Топтогу кесиптештери менен көп баарлашпай, үйдөн чыкпай түнт кишиге айланат. Ошону менен катар ал ден соолугунда көйгөйлөр бар экенин байкайт. Жыйынтыгында ал дарыгерлерге кайрылып, ВИЧ жуктуруп алганын угат.

“QUEEN” ӨЛГӨН ЖОК!

1985-жыл. Адаттагыдай эле Фреддинин үйүндөгү шаан-шөкөт учурунда Мэри келип, Фреддиге жолугат. Мэри жакын арада Лондон шаарынын “Уэмбли” стадионунда “Live Aid” аталышындагы эл аралык кайрымдуулук концерти болорун, ошого чейин “Queen” тобун кайрадан чогултууну Фреддиге сунуштайт. Тасма соңунда Фредди “Queen” тобунун мүчөлөрүнөн кечирим сурайт.

1985-жылдын 13-июлунда Лондон шаарынын 82 миң адам батырган “Уэмбли” стадионунда эл жыкжыйма толуп, “Live Aid” кайрымдуулук концерти ийгиликтүү өтөт. Концерттин эң негизги кызыгы “Queen” тобунун катышуусу болот. Фредди бул концертте өзгөчө толкунданган. Сүймөнчүк топтун хитке айланган ар бир ырын эл кошо ырдап турган. Бул концерт 150 мамлекетке түз эфир аркылуу көрсөтүлүп, жалпы жонунан ага 1,9 миллиард адам күбө болгон.

ТАСМА ЖАНА ФРЕДДИ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТАР

• Тасманын режиссёрлорунун бири Брайан Сингер бисексуал экендигин жашырбайт.

• Тасмада “Уэмбли” стадионундагы кайрымдуулук концертин чагылдыруу үчүн тартуучу топ Лондонго жаңы стадион курушкан. Анткени 1985-жылдагы стадиондун үлгүсү эчак жок болгон.

• Тасмада Фредди жеке ырчы катары топтон кетип жатканда Роджер Тейлор ага: “Сен азыр эле “Queen” тобун өлтүрдүң!”- деп кайрылат. Ал эми чыныгы жашоодо топтун ар бир мүчөсү өз алдынча карьера жасоону каалашкан жана Фредди биринчилерден болуп өз алдынча ыр жаздырган эмес. Эң биринчи болуп Тейлор өзү жеке ырчы катары ыр жаздырган.

• Тасмада “Queen” тобунун музыканттары солисти топтон кеткен соң Фредди менен таанышканы сүрөттөлөт. Чыныгы жашоодо алар мурдатан эле тааныш болушкан.

• Фредди Меркури 1991-жылы 24-ноябрда СПИД дартынан улам каза болгон. Тасмада ал оорусу тууралуу жакындарына, коомчулукка жашырбай айтат. Ал эми чыныгы жашоодо ал оорусу тууралуу жашырган. Каза болоруна 1 күн калганда гана СПИДге чалдыкканын коомчулукка жарыялаган.

• Фредди каза болордо “Богемдик рапсодия” ырынын автордук укугун жана андан түшкөн кирешени СПИД менен күрөшүү фондуна берүүнү өтүнгөн жана жалпы коомчулукту бул тозоктуу ооруу менен жапа тырмак күрөшүүгө чакырган.

• Ырчы каза болгон соң мурастарынын, байлыктарынын көп бөлүгүн сүйүктүүсү Мэри Остинге, калганын ата-энесине, бир туугандарына жана кызматкерлерине калтырган. Андыктан “Богемдик рапсодия” тасмасынан түшкөн каражаттан 50 миллион доллар Мэри Остинге гонорар берилген деген маалыматтар бар.

Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
AKCAHAT
2019-04-17 19:12:26
Азыркынын далдыр тастандаган ырчылары ушул кинону корушсо. Чыныгы талант, чыныгы голос бар экенин,3млн адамды бир учурда топтоп жандуу ун мн ырдаса болорун билишмек. Фрединин энергиясына, талантына эч кайсы ырчы жетпесе керек. Кылымдын легендасы.ХХХХХХХХХХ
0
№ 858, 11-17-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан