31-марттан 6-апрелге чейин хоккей боюнча улуттук курама командабыз Бириккен Араб Эмираттарында Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарына катышты. Анда Кыргыз өлкөсү үй ээлери, Таиланд, Босния жана Герцогевина, Гонконг жана Кувейт менен кездешип, бардык оюндарын жеңип алды. Бирок үй ээлери болгон арабдар бул жолу да жөн утулушкан жок. Алар Кыргыз курама командасындагы оюнчу Александр Титовдун курамда ойноого укугу жок болчу деп, жыйынтыгында бизге 4 жеңилүү ыйгарып коюшту. Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов “Мелдеш алдында Титовго Эл аралык Хоккей федерациясы ойноого уруксат берген” деп айтып, бул окуя боюнча Эл аралык Хоккей федерациясына андан кийин Арбитраждык сотко кайрыларын билдирди.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg