Өткөн аптанын дем алыш күндөрү Кыргыз өлкөсүнүн клубдар арасындагы чемпиондугунун аты дагы, логотиби да өзгөрдү. Эми чемпиондук Премьер-Лига деп аталып, логотиби аары сымал жасалды. Адаттагыдай эле бул жолку чемпиондукка 8 команда ат салышат. Жаңы команда катары “Академия-Лидер” Ысык-Көл облусунан ат салышат. Биринчи турдук оюндарда дал ушул “Лидер” Бишкекте “Дордой” менен кезигип, 1:2 эсебинде жеңилди. Ошто “Алай” “Кара-Балтаны” 6:1 эсебинде, “Илбирс” Канттын “Абдыш-Атасын” 3:0 эсебинде жеңип алышты. Ал эми “Алга” Кочкор-Атанын “Нефтчисине” 0:1 эсебинде утулду.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg