ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКО МЕКЕНИНЕ КАЙТЫП КЕЛДИ

7-апрель күнү тарыхта биринчи жолу UFC уюмунун чемпиону Кыргыз жерин аттады. Өзү туулуп-өскөн мекенине 8 жылдан бери келе элек Валентина Шевченко убакыт таап, Бишкекке учуп келди. Күйөрмандар сары кызды кубануу менен тосуп алса, мушкер мекенине болгон сагынычын жазды.

ШЕВЧЕНКО ЖАНА КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ

– Кандай ойлойсуз, Кыргызстанда калсаңыз ушундай жетишкендиктерге жетмек белеңиз?

– Мен Кыргыз өлкөсүндө туулуп-өскөнүмө сыймыктанам. Кыргыз өлкөсү мага эң негизги спортчу катары түптөлүшүмдү түзүп берди. Бул жакта машыгып жүргөн убакыттарда Антонина экөөбүзгө атаандаш табуу кыйын болуп калган. Ошондо биздин машыктыруучубуз Павел Федотов өсүүбүз үчүн алдыга жылыш керектигин сезди. Ошентип Орусияга кеткенбиз. Бирок ал жактан да ушундай көйгөй жаралды. Кийин Перуга барып калдык. Ал жактан машыгып да, башкаларга мастер-класс да өткөрүп жүрдүк.

– Перудагы машыгуулар менен Кыргыз өлкөсүндөгү машыгуулардын айырмасы барбы?

– Эгерде менин машыгууларым жөнүндө сөз кылсак, эч кандай айырмасы жок. Машыктыруучум Павел Федотов мени менен Кыргызстанда дагы, Перуда дагы жүрөт. Кыргызстанда адам спорт залга келсе, аны дароо мелдештерге чыга турган спортчу катары көрүшөт. Ал эми Перуда көпчүлүк үчүн бул фитнес сыяктуу эле.

– Карьераңыздын аягына чейин эки желек астында чыгасызбы?

–Ооба, эки өлкөнүн атынан чыгам. Кыргызстан менин мекеним, Орусия, Перу булар – менин бир бөлүгүм десем болот. UFC уюмунда Кыргызстан жана Перунун желеги менен чыгам.

– Антонина Шевченко "Валя кичинекей кезинде “Ош базарында” сейилдегенди жакшы көрчү" деп айтканы бар. Бул жолу базар кыдырасызбы?

– Бишкектин эң көзгө уруна турган жери бул “Ош базары”. Мен үчүн ал жер маданиятыбыздын бир бөлүгү сыяктуу эле. Мен үчүн Кыргызстан дегенде – Ысык-Көл жана "Ош базары" көзгө тартылат. Убакыт болсо, албетте, базарды кыдырам. Бир нерсе сатып албасам дагы, жөн эле кыдыргым келет.

– Бишкекте машыгуу өткөрөсүзбү?

– Албетте, машыгууларды токтотпой улантам. Эки айдан кийин беттешке чыгам. Андыктан тыныгуу болбойт.

– Дагы качан мекениңизге келесиз?

– Жайында келип калышым мүмкүн.

ШЕВЧЕНКО ЖАНА ЖЕКЕ ЖАШОО

– Жеке жашооңузда кандай пландарыңыз бар?

– Көпчүлүктү ушул суроо кызыктырат. Азырынча мен үчүн профессионалдык карьера биринчи орунда турат. Дүйнө жүзүнүн мыктыларына кошулуу үчүн өзүңдү бүтүндөй спортко арнашың керек. Албетте, эки жакты тең бирдей алып кетсе болот, бирок анда бийиктикке жетишүү кыйынга турат.

– Режиссёрдук окууңузду аяктадыңызбы? Келечекте тартуу иштерине аралашасызбы?

– Окуумду аяктагам. Бир нерсени тартуу абдан көп убакытты талап кылат. Азырынча бир гана спорт менен алектенип жатам.

ШЕВЧЕНКО ЖАНА UFC

– UFC уюмунда дагы башка салмак категорияда чемпион болуу максатыңыз барбы?

– Чемпиондукту көп убакыт сактагым келет. Башка салмак категорияда да чемпион болгум келет.

– Башка уюмдардын атынан чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр болду беле?

– UFC менен болгон келишим боюнча, башка уюмдардын атынан чыгууга болбойт. Сен чемпион болуп турганда жоопкерчилик үч эсе көп болот.

– Сиз үчүн эң оор беттеш кайсы болгон?

– Мен көп жылдан бери эрежесиз урушта жүрөм. Андыктан бул же тигил кыйын болду деп айта албайм. Бирок UFC уюмундагы ар бир беттеш өтө чоң эмгекти талап кылат.

– Жайында Жессика Ай менен беттеште чемпиондукту коргойсуз. Атаандашыңыз боюнча эмне дейсиз?

– Жессика чемпиондук үчүн биринчи талапкер болууда. Андыктан чемпиондук үчүн беттешке татыктуу талапкер деп айта алам.

– Мушкерлерге сизге окшоп бийиктиктерди багынтуу үчүн кандай кеңеш бересиз?

– Эч качан орто жолдон колду шилтеп таштап салуу жарабайт. Утулдуңбу, тур! Жеңилдиңби, тур! Кандай күн же кандай акыбал туш келбесин улантуу керек! Бул спорт оңой болгондо элдин баары мушкер болуп, гонорарларын санап жатып калбайт беле. Күчтүүлөр гана бийиктикти багынтат.

Аэропорттон тосуп алууда толкунданып, чыдамсыздык менен күтүп жаткан чемпиондун апасы Елена Шевченко болду.
Шевченко менен катар толкунданган күйөрмандар чемпионго чепкен менен калпак кийгизип жиберишти.
"Сиздер ар дайым менин жүрөгүмдөсүңөр" дегенде Шевченконун миңдеген күйөрмандары кол чабууларын бир канча мүнөт токтотушкан жок.
Шевченкого "Даңк" ордени жана Эмгек сиңирген спорт чебери наамы ыйгарылды.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Валентина Шевченкого калпак кийгизилип, чепкен жабылды
8 жылдан бери алгачкы ирет Кыргыз өлкөсүнө келген Валентина Шевченко маалымат жыйын өткөрдү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Bars88
2019-04-15 09:38:19
Ар дайым Кыргызстандын атын чыгарып журо бер.Сен келгенде 2 кундо канчалаган элге тааныттын олкобузду
+2
Aikan1966
2019-04-15 14:04:18
Биздин да балдар,небере ,чеберелерден ушундай спорт чеберлери осо берсин,кыргызстанды элге таанытсын.
+3
№ 858, 11-17-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан