Индиянын Мизорама шаарынын 6 жаштагы тургуну Дерек Лалханхима үйдүн короосунда велосипед тээп жүрүп капысынан кошунанын жөжөсүн тебелеп алат. Коркуп кеткен балакай жөжөнү көтөрүп ооруканага барат да, аны сактап калуу үчүн чөнтөгүндөгү 10 рупий акчасын (болжол менен 10 сом) сунган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Окуянын күбөлөрү баланы сүрөткө тартып, Facebook`ка илишери менен 200 миңден ашуун колдонуучу жакты белгисин басып, бул постту бөлүшүшкөн. Маалыматта жөжө тебеленгенде эле мүрт кеткени жана окуя туурасында уккан мектеп жетекчилиги Деректи мээримдүүлүгү жана айкөлдүгү үчүн Ардак грамота менен сыйлагандыгы айтылат.
Дамира Арстанова
koom@super.kg