ИНСУЛЬТ АЛГАН АДАМДЫ ТАМАШАЛАЙМ ДЕП КАЗА ТАПТЫ

Британиялык 60 жаштагы куудул, стендап Ян Когнито инсульт тууралуу интермедия көрсөтүп жатып каза тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, окуя 11-апрелде Англиянын Бистер шаарындагы барлардын биринде болгон. Куудул элге инсульттан кийин ойгонору менен валлий тилинде сүйлөп каларын көрсөтүп жаткан. Көп өтпөй ал өзүн начар сезип, отургучка отура калган. Башында көрөрмандар аны тамашалап жатат деген ойдо болушкан. Окуя чындык экенин билишкен соң дароо “Тез жардам” кызматын чакырышкан. Тилекке каршы, “Тез жардам” келген учурда куудул каза болуп калган эле. Белгилей кетсек, куудул 1980-жылдары карьерасын баштап, 1999-жылы “Мыкты куудул” наамын алганга жетишкен.

 

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
vikidiki
2019-04-22 15:23:46
Каап! Жаман болуптур!
0
Respect.
2019-04-26 16:39:20
Инсульт менен дагы тамалалашабы анан...
0
№ 859, 18-24-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан