ЖАЙКЫ АЛЛЕРГИЯ. СЕБЕПТЕРИ ЭМНЕДЕ?

Аллергия – кырс мүнөздөгү оору. Жазда жана жайда сейил бакты аралатпаганы аз келгенсип, гүл жыттоого да тыюу салат. Аллергия үй жандыгынын жүнүнөн, күндөн, сууктан, жемиштерден жана башкалардан келип чыгат. Ал эми жайкы аллергиячы? Бул жаатында бизге Энени жана балдарды коргоо борборунун аллерголог дарыгери Мухтар Ашералиев түшүнүк берет.

АЛЛЕРГИЯ ТУУРАЛУУ ЖАЛПЫ ТҮШҮНҮК
Аллергиянын түрлөрү көп. Мисалы, сүткө аллергия, чаңда жашаган кенелерден аллергия, ит-мышык жүнүнөн жана курт-кумурскалардын чагып алуусунан аллергия, дары-дармектерден, жумурткадан, күндөн, суудан, химиялык заттардан, өсүмдүктөрдүн чаңчаларынан, жашылча-жемиштен аллергия ж.б.

ЖАЙКЫ АЛЛЕРГИЯНЫН БИР КҮНӨӨКӨРҮ – ЧАҢЧАЛАР
Жаз аллергия көбүрөөк кездешчү мезгил экендигине карабастан, жайда да аллергия менен ооругандар көп учурайт.
Жайкы аллергиянын башкы күнөөкөрлөрү – дарактардын, бадалдардын жана чөптөрдүн чаңчалары. Чаңчалар мурунга киргенде адамдын иммундук системасында реакция жүрөт. Башкача айтканда, иммундук система чаңчаларды чоочун зат катары кабыл алып, ага каршы антителаларды иштеп чыгарат. Антителалар бактерия, вирус сыяктуу оору козгогучтар менен да күрөшөт. Ошентип, антителалар аллергендерге сокку ура башташат. Анын айынан канда гистамин аттуу уулуу зат бөлүнүп чыгат. Гистамин болсо аллергиялык ринитти жаратат. Ринит бул – мурун бүтүү, көздөн жаш куюлуу, чүчкүрүү, көздүн жана кулактын кычышуусу, баштын ооруусу, жөтөл. Кээде денеде бүдүрчөлөрдү да пайда кылуусу мүмкүн. Башкача айтканда, риниттин белгилери сасык тумоонун белгилерине окшошуп кетет.
Шаарда унаалар көп. Автомобилдерден чыккан уулуу заттар чаңчаларга жабышып, аларды ого бетер уулуу кылышат. Бул аллергиктердин абалын оордотот.

КАЙСЫ ЧӨПТҮН ЧАҢЧАЛАРЫ КОЗГОЙТ?
Эрмен (полынь), амброзия (амброзия), кара куурай (конопля), ала бата (лебеда), кара кыяк (мятлик), шор күйрөк (солянка), буудайык (пырей) ж.б.

КУРТ-КУМУРСКАЛАРДЫН ЧАГУУСУНАН АЛЛЕРГИЯ
Курт-кумурскалардын ичинен жапайы аарынын чагуусу аллергияны жаратат. Аарынын ийнесиндеги уулуу затта аллерген бар. Чаккан кезде аллерген организмге кирип, киши анафилактикалык шокко кабылуусу мүмкүн. Бул – чаккан жердин шишип чыгуусу, дем алуунун кыйындашы, аба жетпей муунуу. Адам шал абалга кабылуусу да ыктымал.

АЗЫКТАРДАН ПАЙДА БОЛЧУ АЛЛЕРГИЯ
Мезгилге карабай аллергияны чакыруучу азыктар, жашылча-жемиштер бар. Алар: коон, кулпунай, дан куурай, бал, лимон, ананас, шоколад, жумуртка, апельсин, сыр, сүт, помидор, жаңгак, балык, болгар калемпири. Ал эми жай айы кулпунай, дан куурай, коон сыяктуулардын сезону экендиги маалым.
Жогоруда айтылгандар пайда кылган аллергиялык реакция түрүнө: Квинке шишиги, бөрү жатыш, Лайелла шишиги кирет. Квинке шишигинде көбүнчө көз, кулак-мурун, бут, тамак шишийт. Тамак шишигенде адам дем ала албай муунуп, өлүп калуусу да мүмкүн.
Бөрү жатыш боюнча мурун сөз кылганбыз. Ал эми Лайелла шишигинде дене табы көтөрүлөт, тери кычышат. Акыл-эсин жоготот, дем алуу кыйындайт. Организмге кирген аллергендер көбөйүп, адамдын абалын оордотот. Кечиктирбей дарылбаса, адам өмүрүнө коркунуч туулат.

ДИАГНОЗ
Оорунун белгилери билинсе, сөзсүз дарыгер аллергологго кайрылып, текшерилүү зарыл. Врач билектин терисине кичинеден бир топ тилик жүргүзүп, ал жерлерге аллергендердин аз өлчөмүн шприц аркылуу саят. Кайсы затка аллергия бар болсо, ошол тилинген жерде ыйлаакча пайда болот.
Дагы бир диагноз коюунун жолу бул – кандын анализи. Алынган канды пробиркаларга аздан бөлүп алып, үстүнө аллергендерди тамызышат. Кайсы пробиркада реакция күтүлсө, ошол аллерген ооруну козгойт деп аныкталат.

ДАРЫЛОО

  • Врач антигистаминдик дары-дармектер (кандагы гистаминдин өлчөмүн азайтуу үчүн) менен кошо диетаны сунуштайт.
  • Денедеги шишикти таратуучу, мурундан суу агууну токтотуучу каражаттар берилет.
  • Кальций глюконаты, гормоналдык дары-дармектер да берилет.

Аллергияга кабылган адам сөзсүз дарыланышы кажет. Болбосо, аллергия тереңдеп отуруп бронхитке, бронхиттен астмага өтүп кетет.

ВРАЧКА КЕЛГЕНГЕ ЧЕЙИН...
Эгер аллергиянын белгилери билинсе, анда адам абалын жеңилдетүү максатында врачка келгенге чейин төмөнкү дарылардын бирин кабыл алса болот:

  • супрастин (таблетка)
  • тавегил (таблетка же сироп түрүндөгүсүн)
  • дипразин (таблеткасын)
  • диазамин (таблетка)
  • терфенадин (таблеткасын же суспензиясын)

БӨЛМӨДӨ ЭМНЕЛЕР БОЛБОШУ КЕРЕК?
Аллергиядан азап чеккендердин бөлмөсүндө гүл, мышык, ит, компьютер, аквариум, ошондой эле жүн жаздык, жүн төшөктөр болбошу кажет. Булар ооруну күчөтүп жиберишет. Канаттуулардын жүнүнөн жасалган жаздык, төшөктөрдү пахтадан жасалгандарына же синтетикалык түрлөрүнө алмаштыруу керек. Ошондой эле жүндөн жасалган кийимдин ордуна пахтадан же синтетикадан тигилген кийим кийүү талапка ылайык. Бөлмөнү бат-баттан жууп, чаңын аарчуу зарыл.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
lira
2010-07-28 23:37:43
Mende allergianyn but belgilei bar eken...:(
0
talantbai
2010-07-29 21:31:29
мен да
0
Cholpon
2010-08-08 02:38:53
menin alergiyam genetikalyk :( jay kelgende denemde chirkey chakkanday jara payda bolup anan jara bolup ayigat. aga cheyin ayabay kychyshyp rahat berbeyt. oto nymduu jana ysyk abalarda denemdi kee bir jerlerinde payda bolot.
0
kirgizstan
2015-08-23 13:59:08
Аллергиядан биротоло айыгууга болобу
0
№ 403, 23-29-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан