«Бөрү зындан», «Ак илбирстин тукуму», «Аманат», «Махабат», «Чыңгызхан» сыяктуу 20дан ашуун тасмага тартылган, атактуу актёр Алексей Баталовдун окуучусу болгон мыкты актёр Сакыбек Карабаев менен маектештим. Маектешим батып бараткан күндү тиктегенден рахат алса, мен аны менен пикирлешкенден рахат алдым. Анда кеттик.
«КОКУСТУКТАН АКТЁР БОЛУП КАЛГАМ»
– Кесибим боюнча сүрөтчүмүн. Бишкектеги №5 гимназияда сүрөт жана чийүү сабагын берчүмүн. Бир күнү сүрөтчү Упай деген дос балам келип «сенин шыгың бар, актёрлукка тандоо жүрүп жатыптыр. Барып көрбөйсүңбү?» деп калды. Мен ызаланып «сен сүрөтчү бол, мен актёр болоюнбу?» деп уруша кеттик. Эртеси күнү кайра келип «сенде чын эле талант бар. Тапшырып көрбөйсүңбү?» деди. ВГИКке тандоо болуп жаткан экен, кирсем жашымды сурашты. 24 жашта элем, айтсам, «21 жаштагыларды эле алабыз» дешти. Чыгып бара жатсам, токтотуп роль аткартып көрүштү. Ошентип актёрлук бөлүмүнө өтүп, 5 жыл окуп келдим. Болот Шамшиев «Бөрү зындан» тасмасын тартып жатыптыр, башкы каарман Бабахандын жаш кезин ойнодум. Андан кийин Төлөмүш Океев тарткан «Ак илбирстин тукуму» тасмасында Биялынын ролун аткардым. Көп учурда СССРдин тасмаларына чакырылдым. Союз кулап, кино такыр тартылбай калды. Бала-бакыраны кандай жол менен болсо дагы багыш керек. Унаам бар эле, аялым «таксист болуп иштеп турбайсыңбы» деди. Күндүз чыккандан уялып түндө иштеп жүрдүм. Аялым бир күнү «экөөбүз кийим тиге турган цех ачалы» деди. Ишибиз жүрүшүп, мен башка тармакка кеттим.
«КӨШӨГӨ АРТЫНДА ТУРУП КЕСИБИМДИ ТАШТАГАНЫМА АЯБАЙ ӨКҮНЧҮМҮН»
– Кесибимден алыстаган учурда өкүнгөм. Спектакль болгондо театрга эл кирген жагынан эмес, арткы эшигинен кирип, көшөгө аркасында туруп ойногондорду көрүп жан дүйнөм тарып кетчү. Анткени беш манжадай билген нерсең, тигил актёрдун кандай ойноп жатканын көрүп турасың, «Москвадан бүтүп келип, кантип кесибимди таштап койдум, мен мындан жакшы ойномокмун» деп ойлоп кетчүмүн. Театрга да көп жолу чакырышкан, бирок киноактёрмун деп көңүлдөнбөй койгом.
20 жылдан кийин кайра кесибиме келдим. Оюмда жок болчу, Айбек Дайырбеков киного чакырып калды. 20 жылдан кийин «Аманат» деген тасмага тартылып калдым. «Камера, мотор» дегенде апкаарып токтоп калып жүрдүм. Баары бир сүйгөн кесибим да, тез эле суудагы балыктай камеранын алдында өзүмдү эркин сезип калдым. Шыр кетти эмнегедир, Таалай Кулмендиевдин, Геннадий Базаровдун, Шайыр Касымалиеванын тасмаларында башкы каармандарды ойнодум. Орто жерде «Чыңгызхан» тасмасы тартылып калды. Бул тасмада Чыңгызхандын жылкычысын ойномокмун. Бирок англис тилинде сүйлөш керек экен. Балалыгым Таластын Үрмарал айылында өткөн. Айылда бизди орус тилин да кыргызча, немис тилин да кыргызча өтчү, англис тилин билбейм да. Айылда жалгыз немис улутундагы бир киши бар эле ал дагы кыргызча сүйлөчү. Айла жок телефонума жаздырып алып, жылкычынын текстин англисче жаттадым. Узун текст болчу. Тилим да келбейт. Жарым айда жаттап, аткарып бердим. Дагы бир кызык бар, Шайыр Касымалиева №5 гимназияда окуган. 6-класс беле, чачын эки өргөн кичинекей кыз болчу. Кийин анын «Махабат» тасмасында Шайырды сүйүп калган каарманды ойноп жатпаймынбы (күлүп). Шайыр мыкты актриса, көп жыл кезикпей жүрүп бир күнү кезигип калды. «Байке, сценарий жазып жаткам, башкы каармандын ролунда сизди көрүп жатам, макул болсоңуз тандоосуз эле сизди өткөрүп салам»,- деди. Ошентип окуучум менен сүйүү сценаларын ойноп калдым.
«БИРИНЧИ АЯЛЫМ КОРЕЙ УЛУТУНДАГЫ КЫЗ ЭЛЕ»
– Менин биринчи келинчегим корей улутундагы кыз эле. Биринчи балабыз төрөлгөндөн кийин кайтыш болуп калды. Аны жакшы көрчүмүн, жыл сайын көрүстөнүнө барып гүл коюп турам. Баламды апасы каза болгондон кийин Москвага алып кетип өзүм бактым. Таштай турганга кишилер деле бар болчу, бирок таштагым келген жок. Баламды көтөрүп жүрүп окууну бүтүп келдим. Алексей Баталов баш болуп баламды көтөрүп жүрүп чоңойттук.
Кийинки келинчегим менен Москвадан таанышып, бул жакка келип үйлөндүк. Учурда ал тигүү цехинин иштери менен алек. Үч балам бар. Улуу балам келинчеги менен Түштүк Кореяда, ортоңку балам кытай тилин өздөштүргөн, кесиби менен алек. Кызым 5 тилди билет. Элчилик уюштурган Корей ашканасынын тамактарын жакшы жасоо боюнча сынактан жеңип Түштүк Кореяга барып келди. Университеттен Японияга кетмек, насип экен, Түштүк Кореяга кетип калды. Чыгармачылыкты балдарымдын бири да тандаган жок.
СЕЗИМДЕР ТУУРАЛУУ...
– Актёрго жеке турмушун жакшы алып кетүү оор. Айрыкча тасма тартылбай калган жылдары акча таба албай ичип кеткендер көп болду. Тартуу учурунда үйүндө көп болбойт, анан кызганычтар чыгат. «Махабат» тасмасына тартылгандан кийин журналист мага «ушул жерде чоң сүйүүнү ойноптурсуз, келинчегиңиз кандай карайт?» деп суроо берип жатпайбы. «Үйгө барайын, анан билем да» деп күлдүм. Келинчегим жөнү жок кызгана бербейт, кесибимди жакшы түшүнөт. «Мунабия» тасмасында Жанузакты ойнодум. Кээ бири «картайганда кайдагы сүйүү?» деп айтышат. Бирок жүрөк картайганга карабайт. Мен азыр 65 жаштамын. Кээде жактыруу сезими болот, бирок айтпайсың. Мен бул сезимдер үчүн бактылуумун. Менин оюмча, бирөөнү сүйө билген адам – эң кызыктуу адам. Кээ бир адамдар бул сезим менен кезикпей эле эртең менен күн чыкса, кечинде түн кирсе болду деп көнүмүш адатта жашай беришет. Менимче, анык трагедия ушул.
РАХАТ ТАРТУУЛАГАН КҮН
– Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинде актёрлук чеберчилик боюнча сабак берем. «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей көп нерсени үйрөнгөнгө аракет кылам. Тамак жасаганды жакшы көрөм, ширетүү иштерин жакшы билем, кийимдин лекалосун чием, үлүш жерим бар дыйканчылык кылам. Жерим дөңсөө жерде, айыл ылдыйыраак жакта. Күн кылкылдап батып бара жатканын карап отуруу өзүнчө эле ырахат. «Кел, тамак ич» деп тамакка чакырса да, баргым келбейт. Ошол жерден карап отургандан артык ырахат жок.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg