ОМУРТКА. БАРДЫК ООРУЛАР ОМУРТКАДАН БАШТАЛАТ

“Чыгыш акылмандары адамдын ден соолугу жана жаштыгы омуртканын саламаттыгына жараша болот деп бекер айтышкан эмес. Медицина илими да ички органдардын жана кол, буттун оорусу омурткага байланыштуу болорун далилдейт” дейт Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунун директорунун орун басары, профессор, ортопед-вертебролог Жаныш Сулайманов.

“ОМУРТКАЛАР ӨЗДӨРҮНӨ ТИЙИШТҮҮ ОРГАНДЫ БАШКАРАТ"

– Омуртка – организмдин каркасы, тирөөчү. Ага кабыргалар менен булчуңдар бекип корпусту түзөт, корпуста ички органдар жайгашкан. Адамда 33-34 омуртка (7 моюн, 12 көкүрөк, 5 бел, 5 куймулчак, 4-5 чычаң) бар.

Омурткалар бири-бири менен кемирчек (диск), байламталар аркылуу байланышып турат. Омуртканын ортосунда узунунан кеткен жүлүн жайгашкан. Жүлүндөн 31 жуп нерв (8 жуп моюн, 12 жуп көкүрөк, 5 жуп бел, 5 жуп куймулчак, 1 жуп чычаң) омурткадагы тешикчелерден чыгып, ар кимиси өзүнө тиешелүү органды башкарат, иштетет. Бүт ички органдар, бут, колдун иштеши мына ошол 31 жуп нервдин абалынан көз каранды. Омуртка оорубаса жүлүн нервдери калыптагыдай иштейт. Эгер омурткага доо кетсе, мисалы, кыйшайса, жылып кетсе, остеохондроз, грыжадан жабыркаса, анда нервдер кысылып калат. Кысылган нервдин кан жана азык-заттар менен жабдылышы бузулат. Мындай нерв өзүнө тиешелүү органды калыптагыдай иштете албай калат. Натыйжада нерви кысылган омуртка ооруп, ал нерв башкарган органда да оору жаралат.

Кыскача айтканда, органдардын саламаттыгы омурткадан көз каранды. Эгер ички органдын оорусу омуртканын кысылган нервине байланыштуу болсо, анда омуртканы айыктырмайын ички органдын оорусун толук дарылоо мүмкүн эмес.

ОМУРТКАНЫ БУЗУП, НЕРВДИН КЫСЫЛУУСУНА ЖЕТКИРГЕН СЕБЕПТЕР

  • Ашыкча салмак
  • Омурткадагы жаракат
  • Оор нерселерди көтөрүү
  • Омуртканын тубаса оорусу
  • Рак
  • Остеоартрит (муундардын сезгениши)
  • Кифоз (далынын бүкүрөйүп калуусу же омуртканын артка жылып кетиши), лордоз (омуртканын алдыга жылып кетиши), сколиоз (омуртканын кыйшыктыгы) оорулары
  • Остеохондроз, грыжа, куяң
  • Бүкүрөйүп жүрүү адаты
  • Кант диабети
  • Отуруп иштөө, улгаюу (сөөктөгү кан айлануу начарлайт)

ДИАГНОЗ

  • Рентген
  • Компьютердик-резонанстык томография
  • Ортопеддин, неврологдун, терапевттин текшерүүсү

ДАРЫЛОО

  • Кысылган нервдерди бошотуу, сезгенген жерлерди айыктыруу жана омурткадагы ооруну жок кылууга багытталган дарылоо сунушталат.
  • Оорутууну басуучу дары-дармектер
  • Физиотерапия (электрофорез, парафин, баткак жана башка)
  • Дарылык массаж жана көнүгүүлөр
  • Мануалдык терапия
  • Сууда сүзүү
  • Тракция (омуртканы чоюу)
  • Витаминдер, микроэлементтер топтому
  • Оор учурда операция сунушталат

ОМУРТКА ООРУЛАРЫНЫН АЛДЫН АЛУУ

  • Оор нерселерди көтөрбөө
  • Ашыкча салмактан арылуу
  • Суукка урунуудан жана жаракатка кабылуудан сактануу
  • Улгайгандар, дайыма отуруп иштегендер убак-убагы менен көнүгүүлөрдү жасап, жөө басыш керек.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Sprite
2019-04-22 18:48:59
Супер инфо сураныч кийинки сандарда куян тууралуу жазгылачы.
0
admin_portal
2019-04-24 17:04:40
Sprite, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
-2
Samar90
2019-04-23 21:42:16
Менде грыжа бар сакайта албай жатам кененирек малымат бергилечи
+2
kanykeim
2019-04-23 23:53:23
Мендеда грыжа бар,ушул тууралуу кененирээк маалымат берип коюнуздарчы,сураныч...
0
kalbek87
2019-04-24 11:19:17
Урматту супер инфо! омуртканын грыжасы тууралуу кенири маалымат бергилечи сураныч.
+1
pero5184
2019-04-25 17:59:52
Ооба грыжа жөнүндө жазгыла
0
admin_portal
2019-04-24 17:03:50
kalbek87, kanykeim, Samar90, саламатсыздарбы! Бул жактан окусаңыздар болот: https://www.super.kg/article/show/33703
0
№ 859, 18-24-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан