ИШЕНИҢИЗ, БИРОК СӨЗСҮЗ ТЕКШЕРИҢИЗ. БАТИР САТЫП АЛУУДА ЭМНЕЛЕРДИ ЭСКЕ АЛУУ КЕРЕК?

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 100дөн ашык курулуш компаниялары көп кабаттуу үйлөрдү салып жатышат. Алардын арасында мыйзамсыз курулуп жаткандары да арбын. Жаңы курулуп жаткан үйлөрдөн батир алууда эмнелерди эске алуу керек? Сизге юрист Памир Суранбаев кеңеш берет. Адистин кеңештери сиздин убактыңызды гана эмес, акчаңызды, нервиңизди да үнөмдөйт.

КУРУЛУШ КОМПАНИЯСЫН ТАНДОО, МААЛЫМАТ ЧОГУЛТУУ

  • Интернеттеги форумдарга кирип, колдонуучулардын сиз кызыккан курулуш компаниясы боюнча жазган сын-пикирлерин окуңуз.
  • Курулуш компанияларынын жарнамаларын көрүңүз, окуңуз.
  • Кыймылсыз мүлк агенттиктеринен кеңеш алыңыз.
  • Тандаган курулуш компаниясынын буга чейин курган турак жайларын көрүп, анда жашаган тургундар менен пикир алышыңыз.

БААЛАРЫН САЛЫШТЫРУУ

Батирдин чарчы метринин баасын, эгер аны ипотекага ала турган болсоңуз пайыздык көрсөткүчтөрүн салыштырыңыз.




ИНФРАСТРУКТУРА

Курулуп жаткан үйдүн жайгашкан жерин, долбоордун инфраструктурасын, тактап айтканда, жакын жерде бала бакча, мектеп, соода борборлору, ресторан, фитнес клуб жана башка сизге керектүү объекттер барбы, транспорт каттамдары кандай, баарын эске алыңыз.


ДОКУМЕНТТЕРДИН ТУУРАЛЫГЫН ТЕКШЕРҮҮ

  • Кардар курулуш фирмасынын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү боюнча күбөлүгүн, лицензиясын (кайсы убакытка чейин жарамдуу, категориясы), Юстиция министрлигинин базасына катталганын, курулуш салынып жаткан жер тилкесинин кызыл китебин (жерге ээ болуу укугун тастыктоочу мамлекеттик акты) сурап, көрсөтүүнү талап кыла алат.
  • Көп кабаттуу үйдүн техникалык паспорту. Бул документ турак жайдын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн айгинелейт. Анын негизинде батирлерге техникалык паспорт берилет.
  • Курулуш компаниясы кайсы банктар менен кызматташып жаткандыгын эске алыңыз. Анткени ири банктар компаниянын документтерине дыкат көз салышат.
  • Компания жер салыгын төлөдүбү, буга чейин канча салык төлөдү, аны да билип коюу ашыкча болбойт. Бул курулуш компаниясынын көп турак жай салгандыгын, тажрыйбасы мол экендигинен кабар берет.

КЕЛИШИМ ТҮЗҮҮ

Тандаган компанияңыздын бардык документтери жайында экенине көзүңүз жеткен соң гана келишим түзүңүз. Келишим эки нускада түзүлүп, компаниянын мөөрү басылып, бири сизге берилиши шарт. Мындан кийин гана сиз салынып жаткан турак жайдын үлүшүнө ээ болуу (дольщик) укугун аласыз. Мындай укук алган жаран үй салынып бүткөн соң гана үлүшүнө ээ боло алат. Эгер компания сатып алуунун мындан башка жолдорун сунуштаса баш тартыңыз. Алданып калуу коркунучу жогору.

КАРАЖАТ ТӨЛӨӨ

Батир үчүн төлөмдү сатуучунун колуна эмес, касса аркылуу жүргүзүңүз да, дүмүрчөк жана чек талап кылып, аларды сактап коюңуз. Түшүнүк кат жаздырып алуу жана төлөөнүн башка жолдору бул учурда жарабайт.


КУРУЛУШТУН САПАТЫН ТЕКШЕРҮҮ

Объектке барып көз сала жүрүңүз. Эгер курулуш иштери токтоп калса, кошумча келишимдерге кол коюуну сунуштагандар чыгышы мүмкүн. Кол койбоңуз. Муну компаниянын келишимдеги шарттарды так аткарбагандыгы үчүн төлөнүүчү айып пулдардан качкандыгы деп билиңиз.



БАТИРДИ ӨТКӨРҮП АЛУУ

  • Турак-жай оңдоп-түзөө иштерине берилгенде сөзсүз батирдин аянтын ченеңиз. Айрым учурларда документте көрсөтүлгөн аянттан көлөмү кичине болушу мүмкүн. Мындай учурда сотко кайрылып, жетпеген чарчы метрдин акчасын кайтарып ала аласыз.
  • Курулуштун сапатына, келишимде эмнелер көрсөтүлгөн (сырткы эшикти, терезени коюу, үйгө жылытуу системин киргизүү, балдар аянтчасын куруу жана башкалар), алар толук аткарылдыбы, баарын эске алыңыз. Катачылыктар болсо сөзсүз кабыл алуу актысына белгилеп, талап кылыңыз.
  • Компания ар бир батирге өз наамына техникалык паспорт жасатып, мындан соң кардар менен мамлекеттик каттоо кызматында алып-сатуу келишимин түзүп, батирди сиздин жеке менчигиңизге өткөрүп берет.

 

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
deva
2019-04-22 10:10:11
Жакшы кенештер экен эске алчу. Бизге да да батир алуу насип этсин, оомийин
+10
Mavlyuda
2019-04-22 11:09:58
deva,Омийн
+2
Samieva8890
2019-04-22 21:25:59
Жакшы экен. Жакында бизда алабыз. Керек болот
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-04-23 18:11:39
Жакшы кеңеш.Акчам жок болсо деле пайдасы тийет деп окуп койдум.Баарыбызга насип этсин.
+3
ona
2019-04-26 15:37:03
5 кадамга созсуз кошуп коюу зарыл, тузулгон келишим Мамлекеттик каттоо (Госрегистр) кызматында каттоодон отуусу керек.Ошондо гана юридикалык кучуно кирет.
+1
№ 859, 18-24-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан