300 СПАРТАЛЫК

Акыркы жылдары Голливуддун өнөрпоздору тарыхый фильмдерге көбүрөөк көңүл буруп, кандуу, каар-мандарга бай кино тартууга көнүп алышты. Бүгүнкү сөз болуучу тасма да алардын санына кирет. “300 спарталык” тасмасынын бет ачары көптөгөн өлкөлөрдө 2007-жылдын 9-мартында болуп өттү. Ошол күнү жөнөкөй эле клипмейкер болуп жан баккан Зак Снайдер улуу режиссёр деген атка конду. Анткени, анын колунан жаралган фильм киносүйүүчү­лөрдүн жүрө­гүнөн татыктуу ордун таап, киносынчылардын “+5” деген баасына ээ болууга жетишти. Фильм жөнүндө бир аз маалымат алгандан кийин сиздердин берген бааңыздар кандай болоор экен?..

Режиссёру – Зак Снайдер
Сценарийин жазгандар – Зак Снайдер, Майкл Гордон
Продюсерлери – Стив Барнетт, Марк Кэнтон
Ролдордо: Жерард Батлер, Лена Хеди, Дейвид Уэнам, Винсен Реган, Родриго Санторо, Доминик Вест

Мазмуну – тарых

Коркунучтуу. Ырайымсыз. Табышмактуу. Дүйнөлүк тарыхта байыркы Спарта эли чынында эле сырдуу калк катары белгилүү. Алар кичинесинен эч качан жеңилбөөнү, багынбоону үйрөнүшкөн. Согуш спарталыктардын канына сиңип калгандай. Алар өз өмүрүн мекенин коргоого багыштаган жоокерлер болушкандыктан, жалаң гана өлтүрүү, уруп-согуу, ээлөө үчүн жаралгандай сезим калтырат. Тарыхчылардын айтуусунда, намыс мыйзамы менен гана жашаган чыныгы спарталык аскерлерден өткөн аскер топтору тарыхта болгон эмес.
Биздин заманга чейинки 480-жыл. Каардуу жана барктуу Леонид (Жерард Батлер) – Спартанын башчысы. Акылдуу жана сулуу жубайы Горго (Лена Хеди) менен мамлекетин башкарат. Бирок, кооз жана бай мамлекет душмандардын көзүн кызыктырбай койбойт. Күндөрдүн биринде хандын алдына “шаарыңа кол салуу үчүн перстердин миңдеген аскер катарлары келатышат” деген кабар менен чабарман келет. Келаткан – Персиянын аёо билбеген зөөкүр ханы Ксеркс (Родриго Санторо). Ал башка элдерди басып алгандай эле Спартаны да багындырууну самап келет. Леонид чабармандын “сүйүнчүсүн” берет – аны дароо өлтүрүп, мунусу менен согушка даяр экендигин билдирет. Перстерге каршылык көрсөтө алаарына көзү жеткен Леонид Ксеркске эч качан моюн сунбашын айтат. Бирок, Спартанын куу саясатчылары да, көзү ачык аксакалдар кеңеши да согушка каршы чыгышат. Эмне айла табаарын билбеген Леонид жубайынан кеңеш сурайт. Горгонун “душманыңдын алдына тизелегенден көрө анын бетине тик кара!” деген күчтүү сөздөрү Леонид үчүн ураандай угулат. Бирок, анын чечимин бүт өлкө колдобой, башчы болгону 300 гана аскер чогултууга жетишет. Мына ошол 300 спарталык жоокер менен Ксеркс баштаган сансыз армиянын ортосундагы Фермопил деген тик аскалуу жерде өткөн кандуу согушту баяндайт бул тасма.

Фильмди тартуу

Фильмдин өзөгүн “300” аттуу графикалык роман (комикс) түзөт. Анын автору белгилүү прозаик, карикатурист Фрэнк Миллер – Канада менен АКШдагы көптөгөн күйөрмандардын сүйүктүү жазуучусу. Анын күйөрмандарынын катарында Зак Снайдер да бар эле. Тарыхый роман режиссёрго күчтүү таасир эткен го, аны дароо эле сценарийлештирип, фильмге айландырууну чечкен экен.
Тасманы чындыкка окшотуп тартуу үчүн фильмдин продюсерлери менен режиссёр колдорунан келгенинин баарын аткарышкан көрүнөт. Негизги актёрлук топ фильмге тартылуу үчүн чоң даярдык көрүшүп, ар бири колуна китеп алып, байыркы Спартанын тарыхын окуп чыгышкан. Жогорку окуу жайларынан тарых мугалимдери жалданып келинип, суроолорго жооп берип, кадимкидей сабак өтүп турушкан.
Ал эми актёрлорду физикалык жактан машыктыруу үчүн профессионалдуу альпинист Марк Твайт менен каскадёр Деймон Каро жардамга чакырылышкан. Булар актёрлук топту күн сайын машыгуучу залда күтүшчү. Тасма тартылууга 8 жума калганда бардык актёрлор даяр эле. Оор көнүгүүлөрдү аткаргандары аз келгенсип, катуу диетага да отурушкан актёрлордун кандай келбеттүү болуп чыга келгенин тасмадан байкоого болот.
Съёмкалар аскалуу тоолордо, жарлардын арасында өткөн соң тез жардам жана коопсуздук кызматы дайыма жакын жерде болуп турган.
“Спарталык жоокерлер перстерден айырмаланып туруусу үчүн аларга коңур түстөгү калың кийимдерди кийгиздик. Ал эми перстерге ачык жашыл, көгүш өңдөр жарашты” дейт фильмдин костюмери Майкл Уилкинсон. Бул таланттуу тигүүчүнүн колунан жаралган эң татаал костюм – Ксеркстин темирден жасалган зоот кийими.
Тасманын жаралышында албетте, гримёрлордун да эмгеги зор. Алардын жардамы менен Ксеркстин, анын өздөрү атагандай Өлбөс жансакчыларынын, бүкүр чыккынчы Эфиальттын жана башка романда болбогон жаңы каармандардын образдары мыкты жаралды.

Кызыктуу...

  • Бюджети 65 миллион доллар болгон тасманын эсте калаарлык өзгөчөлүктөрү көп. Мисалы, анын жалаң күңүрт боз түстө тартылышы. Фильмде жаркыраган күн дээрлик жок, асман дайым бүркөк.
  • Каармандардын чоң план менен тартылышы. Көздөр, эриндер жана колдун манжалары өзүнчө бөлүнүп көрсөтүлгөн.
  • Күчтүү сценарий фильмдин ийгиликке жетишине чоң салмак кошту. Андагы кооз фразалар көрүүчүнүн эсинде көпкө чейин кала турчудай.
  • Жагымдуу музыка фильмдин дээрлик башынан аягына чейин тынбай ойноп турса да эч тоскоол болбойт. Композитор Тайлер Бейтс жазган обон тескерисинче, кандайдыр бир түбөлүк сырдуулукту жаратып турат. Айта кетчү нерсе, фильмдин саундтрек ырларынан турган “300” деп аталган альбом жакын арада жарыкка өзүнчө диск болуп чыкмакчы.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 231, 6-12-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан