ОҢДОЛБОГОН ОРДОЛОР. СТАДИОН, ИППОДРОМ, СПОРТ САРАЙ...

Борбор калаадагы маданий-спорттук имараттар көп жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөй, учурда кейиштүү абалда. Биздин имараттарды көргөн ар бир чет өлкөлүк ырчы же спортчулар ар дайым уяткарып кетет. Канча жана кандай сөз айтылбасын, баягы абал баягы бойдон калып келүүдө.|

МЫШЫК ЫЙЛАГАН АБАЛ

Бишкек шаарынын архитектуралык өзгөчөлүгү, маданий-спорттук иш-чараларды өткөргөн имараттардын бири болгон Кожомкул атындагы Спорт ордосу 1974-жылы курулган. Имарат спорттук мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталып, 3 миң көрүүчү батат. Мындан тышкары бул ордодо 1980-жылы 50 метрлик ачык бассейн да иштеп баштаган. Бул Союз учуру. Ордо ошондон бери ушул убакытка чейин бир дагы орчундуу түрдө оңдоп-түзөөдөн өтө элек. 2000-жылы имараттын сырт жагына мрамор төшөлүп, Кожомкул баатырдын эстелиги орнотулган. 2015-жылы да реконструкция болуп, анда фойе менен ички кире бериши оңдолгон. Ал эми бассейн 2006-жылдан бери иштебейт, каралбай калган. Ошондой эле имараттын ичиндеги шыптан аккан суулар, чирип-тешилип бүткөн полдор, сынып эскирген отургучтар, кышында жылыбаганы... Айтор, мышык ыйлаган абалда.

Спорт ордосу аты аталгандай спорттук гана иш-чараларды өткөрүүгө ылайык. Акыркы жолу ири мелдеш 2018-жылы күрөш боюнча Азия чемпиондугу өткөрүлгөн. Учурда таанымалы да, таанылбаган ырчы-чоорчулар да ушул жакта концерт коюп келишет. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдин Султамбаевдин айтымында, Спорт ордосуна концерт, жарманкелердин ижара акысынан жылына 17 миллион сом акча түшөт. Бирок чыгаша 24 миллион сомго чейин жетет. “Ордо мамлекеттик мекеме болгондон кийин киреше табуу эмес, кызмат кылуу багытын көздөйт. Оңдоодон өткөрүү боюнча маселе биз тараптан көп убакыттан бери көтөрүлүп келет. Бирок ал үчүн ири көлөмдөгү каражат керек болууда”,- дейт ал.

ОҢДОГОНДОН КӨРӨ САТКАН ОҢОЙБУ?

Спорт ордосу азыркыга чейин качан оңолот деген суроо ачык бойдон. Мамлекет оңдогондон көрө сатканга маш. Быйылкы жылдын февраль айында парламентте ушундай сөздөр чыккан. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Нурматов аталган жайды сатуу тууралуу сунуш киргизген. Мындай учурда айла жок Сагынбек Момбековдун айтылуу ыры эске түшөт эмеспи...

Спорт ордосунун жетекчиси Канат Шабданбаевдин айтымында, спорт жана дене тарбиялык мекемелер сатылып же менчиктештирилип кетсе спортту өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизет.

Ансыз деле спорттук бир катар имараттар жеке менчикке өтүп кетип, азыркы абалы кандай экенин эстесек болот. “Инструментальщик” стадионунун ордунда учурда “Азия Молл” соода борбору турат, 2000-жылы менчикке өтүп кеткен “Сельмашевец” стадиону эбак каралбай калган. “Эмгек резерви” стадиону да унутулуп баратат...

Нурдин Султамбаевдин айтымында, учурда Спорт ордосун оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча кызыкдар тараптардан каттар келип жатат. "Концерттик залдын отургучтарын, полун жана шыбын оңдоо үчүн 25 миллион сом, сахнаны заман талабына ылайык жасалгалоо үчүн 18 миллион сом, андан сырткары фойе, машыгуу залына да ири каражат керек. Учурда демөөрчүлөрдү издеп жатабыз. Учурда бизге кызыкдар тараптардан каттар келип жатат. Эгерде эки тараптын шарттары туура келип калса, сунушту өкмөткө киргизебиз",- дейт ал.

СТАДИОН СЫМАЛ СТАДИОН

Бишкектеги эл аралык талапка жооп берген Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун "курагы" (мурунку “Спартак”) 70 жылдан ашып калды. Стадиондун кичи аренасы учурда каралбай, бузулуп калган. Кезинде бул жерде спорттук мелдештер өтүп турган. Жалгыз стадионду да бир жагын оңдосо, бир жагы калат. Андан көрө жаңы стадион куруу туура. Мындай маселе 2000-жылдан бери айтылып келе жатканы менен, сөз бойдон калууда. Бирок быйылкы жылы кыргыз футболчулары Азия чөлкөмүндө ийгилик жаратканда өлкөнүн премьер-министри жаңы стадион курулат деп айтканы бар. Азырынча долбоор боюнча сунуштар түшүп жатканы жана Бишкек шаарынан ылайыктуу жер каралып жатканы тууралуу маалыматтар чыккан.

Бул арада стадион эл аралык талапка жооп бербей калып, футбол боюнча улуттук курама команда өз үйүндө эл аралык оюндарды кабыл албай калышы да мүмкүн. Апрелдин башындагы “Дордой” – “Алтын Асыр” оюну аталган стадион стадионго деле окшобой бара жаткандыгын көрсөттү. Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин мындай стадиондо эл аралык оюндарды кабыл алуу өлкө үчүн уят деп билдирди.

АТЫНА ЗАТЫ ЖАРАШПАГАН “АККУЛА”

Өлкөдө көк бөрү оюну акыркы убакта көп кызыгуу жараткандыктан ипподромдун абалы да көзгө урунат. Аталган жай 20 жыл бою жеке ишкананын менчигинде болду. 49,5 гектар жер! 2017-жылдын декабрь айында гана Бишкек мэриясы соттон “Аккула” ипподрому мыйзамсыз сатылып кеткенин далилдеп, мамлекеттин карамагына өткөрдү. Андан бери эч кандай оңдоо-түзөөдөн өтө элек. Бирок шаардын карамагына өткөндөн кийин ипподром оңдолуп, 3 миң көрүүчүлүк орундары 5,5 миңге көбөйтүлөрү, буга 650 миллион сом коротулары айтылган. Ии, баса, 2017-жылы Ноорузга арналган мелдеште көрүүчүлөр металл аркага чейин чыгып кеткени талкуу жаратканы бар. Ал кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков “Аккуланы” оңдоп-түзөө керектигин айткан. Учурда Жээнбеков президент, ал эми ипподром ошол бойдон...

Быйылкы жылкы Ноорузга арналган мелдеш көрсөткөндөй, көк бөрү сүйүүчүлөрү үчүн дагы деле эч кандай ыңгайлуу шарттар түзүлө элек. Атүгүл, жеңүүчү команданы куттуктаганы чыккан Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков сөз сүйлөөрдө көрүүчүлөр “ипподром, ипподром” деп кыйкырып туруп алышты. Дал ушундай учур футболчуларды “Ала-Тоо” аянтында тосуп алып жатканда да болгон. Анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди эл сүйлөтпөй “стадион, стиадион” деп кыйкырышкан... Азырынча “Аккуланын” аты затына жараша элек.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 859, 18-24-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан