Бир нече жылдык бюджет: “КУМТӨРДҮН” 25 ЖЫЛДАГЫ ИШ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

2018-жылы “Кумтөрдүн” иштеши менен мамлекеттин экономикасына 301,9 миллион доллардан ашык каражат түштү. Бул цифралар “Кумтөр Голд Компани” алтын кен ишканасынын жылдык отчётунда айтылды. Бул Кыргызстандын өткөн жылкы түшкөн кирешесинин алтыдан бир бөлүгүн түзөт.

“Кумтөрдүн” 1994-жылдан 2018-жылга чейинки ишмердүүлүгүндө Кыргыз мамлекетинин аймагындагы төлөмдөрдүн көлөмү 3 миллиард 774 миллион доллардан ашкан. Салыштыруу иретинде, биздин мамлекеттин былтыркы жылдагы бюджети 2 миллиард доллардан (ошол убактагы бекемделген бюджет Улуттук банктын бекиткен курсу боюнча 2 миллиард 32 миллион доллар) ашуун сумманы түзгөн. Ал эми 2011-жылы бул көрсөткүч 1,4 миллиард доллардан ашуун гана сумманы түзчү. Башкача айтканда, эгемендүүлүк алгандан кийинки бир нече жылда Кыргызстан “Кумтөрдөн” түшкөн киреше менен күн көргөн деп айтсак болот.

Белгилүү болгондой, кен өндүрүүчүнүн өлкөгө негизги салымын салык төлөмдөрү түзөт – 1 миллиард 192,9 миллион доллар. “Кумтөр” көп жылдар бою өлкөнүн эң ири салык төлөөчүсү жана дагы да болуп келет. Ири суммадагы салык төлөгөн топ-10 компаниянын ичине “Кумтөрдөн” сырткары уюлдук операторлор, нефтетрейдерлер жана тамеки импортёр-фирмалары – өзүнүн товарына жана кызмат көрсөтүүсүнө туруктуу суроо-талапка ээ тармактардан салыштырмалуу аз акча төгүшөт.

Бул Социалдык фондго дагы тиешелүү – 25 жыл аралыгында “Кумтөр” 209,1 миллион доллар которуп, эң ири төлөм төккөн компания. Республикада орточо пенсия 4800 сом десек, бул 3 миллиондон ашык пенсияга тете. Милдеттүү төлөмдөрдөн сырткары, “Кумтөр” 1994-жылдан бери “Кыргызалтын” ААКсынын пайдасына 13,7 миллион доллар, алтындын аффинажына 60 миллион доллардан ашуун, дивиденддерге 93 миллион доллар төлөгөн. Бул кирешелердин баары Кыргыз Республикасынын пайдасына. Экологиялык төлөмдөрдү да баса белгилей кетүү керек – алар 1994-жылдан бери 5,6 миллион долларды түзгөн.

“Кумтөрдүн” Кыргыз мамлекетиндеги дагы бир ири төлөмү – кызматкерлеринин эмгек акысы: 769,3 миллион доллар жана сатып алуулар – 908,6 миллион доллар. Андан сырткары компания азык-түлүк, товар, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алат: Кыргызстандагы 600дөй ишкана кенге
11 000ден ашык түрдөгү продукциясын алып келишет. Алардын ичинде айыл чарба өндүрүмү: жашылча-жемиш, эт, сүт жана башка. Кенде 3,5 миңден ашык адам эмгектенет. Албетте, алардын эмгек акысы үй-бүлөсүнүн бакубат жашоосун камсыздайт. Алардын акчасы дагы республиканын экономикасында калып, анын өсүүсүнө көмөк көрсөтөт.

Компания электр энергиясы үчүн төлөм жүргүзөт (24 жылда 192 миллион доллар!), кенден сырткаркы жолдорду оңдоп-түзөөгө каражат бөлөт
(46,6 миллион доллар), Тамга-Кумтөр электр өткөрүү линияларын (ЛЭП) тургузду (41,6 миллион доллар), жана да жаштарды, ишкерлерди колдогон көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келет.

Андан сырткары ишкананын кыйыр, бирок маанилүү таасири – Ысык-Көл облусунун өнүгүүсүнө орчундуу салымы. Бул жылдар аралыгында компаниянын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна кошкон салымы
70 миллион
долларды чапчыйт. Бул болжолдуу түрдө Ысык-Көл облусунун 4-5 жылдык бюджети.

Жалпылап айтканда, социалдык багыттарга: билим берүүнү өнүктүрүү, стипендиялар, туруктуу өнүктүрүү долбоорлору, социалдык долбоорлорду ишке ашырууда өкмөттү колдоого кеткен каражат 24 жыл аралыгында –
81 миллион
доллардан ашкан. Фермерлерге жардам – бул микрокредит, сугат системаларын калыбына келтирүү, тамчылатып сугарууну жайылтуу, күнөскана куруу жана башка көптөгөн долбоорлор. Жаштар үчүн – стипендиялар, жаш ишкерлерди колдоо. Чын-чынына келгенде, “Кумтөр” Ысык-Көл облусундагы коомдук жашоонун бардык тармактарына өз салымын кошот – спорттук турнирлерде демөөрчү болуп, жашылдандыруу иштерине активдүү катышып, ишембиликтерди өткөрүп жана социалдык ишканаларга туруктуу жардамын берип келет.

Жогорудагы маалыматтар “Кумтөр” ошончо жылдан бери мамлекеттин экономикасына түздөн-түз таасир этерин айгинелейт. “Кумтөр” жөн гана ишкана эмес, акыр аягында ар бир кыргызстандыкка таасир берүүчү көп багытты камтыган тармак.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 859, 18-24-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан