БИЗГЕ 25 ЖЫЛ! ПЛАСТИКАЛЫК ХИРУРГИЯ ЖАНА ЭСТЕТИКАЛЫК КОСМЕТОЛОГИЯ “УМАЙ КОСМЕТИК” БОРБОРУ

Эмне үчүн айымдар жана мырзалар “Умай косметик” борборун тандайт? Эмне үчүн сиз келбетиңизди жакшы жакка өзгөртүүгө жана сулуулугуңузду арттыруу үчүн “Умай косметик” борборуна барууңуз кажет? Муну биз айтып беребиз.

БОРБОРДУН БААЛУУЛУКТАРЫ:

Жоопкерчилик. Териге жүргүзүлүүчү инъекциялык, лазердик жана башка ыкмалар тандалма мыкты врач-косметологдор тарабынан жүргүзүлөт.

Стандарттарга төп келет. Клиникада жүргүзүлүүчү бардык процедуралар сапаттын стандартына туура келет.

Көрсөтүлүүчү кызматтын коопсуздугу жана сапаты. Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен технологиялар боюнча сертификациясы бар продукциялар колдонулат. Процедураларда сапаттуу косметика жана инъекциялык материалдар, жогорку технологиядагы косметикалык аппараттар пайдаланылат.

Кызматтын сапатын көзөмөлдөө. Клиниканын жетекчилиги тарабынан дамамат көзөмөлдөнөт.

МЫКТЫ СЕРВИС

“Умай косметик” борбору төмөнкү кызматтарды сунуштайт:

1. Терапиялык косметология

• Бетти тазалоонун бардык түрү

• Бетти ультра үн аппараты менен тазалоо

• Пилингдин түрлөрү

2. Аппараттык косметология

• Ультра үндүү SMASH

• Микроток терапиясы

• Миостимуляция

3. Инъекциялык косметология

• Биоревитализация

• Ботулинотерапия

• Плазмотерапия

• Контурдук пластика

• Териге жана бетке мезотерапия

4. Лазердик косметология

• Лазердик шлифовка жана жашартуу

• Лазердик эпиляция

• Тырыктарды, тактарды, безеткилерди лазер менен кетирүү

• Кан тамырларды, татуаждарды лазер менен кетирүү

5. Денеге контурдук пластика

• Операциядан кийинки калыпка келтирүү

• Микроток терапиясы

• Миостимуляция

• Плазмолифтинг

• УЗТ терапия

• Тырыктын түрлөрүн кетирүү, пигменттик тактарды, невус (мең, кал), папиллома, сөөл, келоид, кератоздорду алып салуу

6. Массаж

7. Эпиляция

8. Чачты дарылоо


Мекен Абдалиев: “ПЛАСТИКАЛЫК ХИРУРГИЯ ДЕНЕДЕГИ КЕМЧИЛИКТЕРДИ ЖААП, КЕЛБЕТТИ ОҢДОО ҮЧҮН КЕРЕК”

АНКЕТАСЫ:

Адистиги – пластикалык хирург, микрохирург.

Билими – Кыргызстандагы медициналык академиянын педиатрия факультетин аяктап, 2 жыл ординатурада пластикалык хирург болуп иштеген.

Иш тажрыйбасы – Алгач микрохируг катары 15 жыл иштеп, 5000ден ашык операция жасаса, кийинки 12 жылдан бери пластикалык хирург болуп иштеп, 3000ден ашык пластикалык операция жасаган.

Билимин жогорулатуу үчүн Орусия, Казакстан, Түркия, Түштүк Кореяга барып окуп, операцияларды да жасап, пластикалык хирургдардын конференцияларына катышып келет. 25тен ашык сертификатка ээ.

Мекен Абдалиев пластикалык операциялардын төмөндөгүдөй түрлөрү боюнча кызмат көрсөтөт:

• Блефаропластика (көзгө сурма чыгаруу, мурда туура эмес жасалган блефаропластиканы оңдоо)

• Липосакция (экинчи ээктен арылуу, кежигедеги май дөмпөкчөсүн алуу)

• Отопластика (делдейген кулакты кичирейтүү, кулактын жырылган көнчөгүн бүтөө)

• Димплэктомия (бетке уяча жасоо)

• Ринопластика (кыйшык мурунду түздөө, мурун кайкысы жок болсо чыгаруу, бүкүрү бар мурунду калыпка келтирүү, кең мурунга пластика, узун мурунду кыскартуу, мурун таноолорун коррекциялоо)

• Маммопластика (эмчекти чоңойтуу, кичирейтүү)

• Фронтопластика (чекени тартуу)

• Глютеопластика (жамбашты чоңойтуу)

• Липофилинг (бырыштарды жамбаш, курсактагы май менен толтуруу)

• Абдоминопластика (курсактагы майдан арылуу)

• Француздарча жаак пластикасы (салаңдап калган ууртту ооз ичинен тартуу, сырткы териде тырык болбойт)

• Бетке контурдук пластика (удаление комочков Биша), бетти кичирейтүү, беттин асимметриясын коррекциялоо)

• Фейслифтинг (бетти тарттыруу)

• Хейлопластика (эринди чоңойтуу)

• Круропластика (жыныс кынын кичирейтүү)

• Травма жана шишиктен кийинки үстүнкү жана астыңкы жаакты реконструкциялоо

• Көз, мурун, кулак пластикасы

• Беттеги бырыштарды кетирүү

• Бетке контурдук (хирургиялык) пластика

• SMASH бетти тегерете тартуу

• MARS 35 жашка чейин бетти тартуу

• Бетке үчилтик лифтинг (чеке, каш, кашты коррекциялоо)

• Фронтопластика (чекени тартуу)

• Булхорн (үстүнкү эринге пластика)

КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?

Кант диабети, тери, көз, онкологиялык, жүрөк-кан тамыр оорулары барларга жана психикалык жактан жабыркагандарга, кош бойлууларга жасатканга болбойт. Өнөкөт оорулар козголуп жаткан кезде да жасалбайт.

Бишкек, Манас көчөсү, 30 (Токтогул көчөсү менен кесилишет)

+996312312873, +996779800786, +996551694949. Иштөө убактысы: Дүйшөмбү-ишемби – 8:30-19:00

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
vikidiki
2019-04-24 10:01:48
Ушунча болду бааларын да жаза кетсенер болмок.
+2
№ 859, 18-24-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан