ХАБИБГЕ АТААНДАШ ТАБЫЛДЫ

14-апрелде UFC 236 беттешинин негизги беттешинде жеңил салмак категориясында Дастин Порье менен Макс Холлоуэй беттешти. Таамай соккуларды узатуу менен 1-раундду ийгиликтүү баштаган Дастин 5 раунд бою Макска болгон үстөмдүктөн тайбай жеңишке жетишти. Бул жеңиш менен убактылуу чемпиондук курду тагынган Дастин Порье эми учурдагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовго чакырык таштады. Хабиб Дастинди жеңиши менен куттуктап “сентябрда көрүшкөнчө” деди. Эки мушкердин беттеши сентябрь айында болору күтүлүүдө.

sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
salimbek87.kg
2019-04-22 17:38:44
Хабибке ийгилик
+2
№ 859, 18-24-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан