ХАКАС ЭЛИ ТИЛИ, САЛТЫ ЖАГЫНАН КЫРГЫЗГА ОКШОШ

Хакастар – борбору Абакан шаары, калкы 536 167 адам болгон Хакасия Республикасынын (хакастарча Хакас Республиказы, Орусия Федерациясынын курамында) түпкү калкы. Тыва өлкөсүндө жана Орусиянын Красноярск аймагында да жашашат. Түрк тобундагы хакас тилинде сүйлөшөт.

ЭНЕ-САЙЛЫК КЫРГЫЗДАРДАН ТҮПТӨЛГӨН

Хакастар тили, тамак-ашы, салт-санаасы, кийген кийимдери жагынан да кыргыздарга окшош. Алардын этностук курамы 17-18-кылымдарда эне-сайлык кыргыздар менен байыркы түрк, самодий жана кет урууларынын аралашуусунун негизинде калыптанган. 17-18-кылымдарда хакастардын жери Кыргыз жери же Хонгарай деп аталган. Хакастардын элдик оозеки чыгармаларында хоорай же кыргыс-хоорай деген аталыштар көп кездешет. 1703-жылы Хакасияда жашаган кыргыздардын негизги бөлүгү Жунгарияга (Жунгар хандыгы, кийин жок болуп кеткен) көчүрүлгөндөн кийин кыргыздар тууралуу жазма булактарда сейрек кездеше баштаган.

Тан дооруна тиешелүү Кытай жылнаамаларында хакастардын аталышы хягастар деп жазылган. 18-кылымда Орусиянын курамына кошулган. Азырга чейин Кыргыз деген аталыштагы уруу сакталып калган.

СӨЗДӨРҮ КЫРГЫЗДЫКЫНА ОКШОШ

Хакастардын сөздөрү кыргызчага окшош. Биздеги "б" тыбышын алар "п" кылып сүйлөшөт. Мисалы, боорду паар, баланы пала, булутту пулут, боткону потха, этти ит, мээни миис, канды хан, жүрөктү чурек, ичегини ичеге, майрамды пайрам, токочту талкан, кыштоону хыстаг, сыйынууну тайых, очокту очых дешет.

КУЙМУЛЧАК ЭРКЕК КОНОККО ТАРТЫЛАТ

Хакастардын эт тартуу, устукан бөлүштүрүү салтынан сөз кылалы. Койдун башы аксакалга, кулагы сөз угуп жүрсүн деп балдарга, тили кыз келиндерге берилет. Бирок берип жатып “тилди жегин да, бирок өзүңдүкүн тарта жүр” дешет. Жамбаш устуканын аялдарга бербейт. Төрөгөндө жамбашы ачылбай, кыйналып калат деп. Жүрөктү эркектер жешпейт, себеби жүрөгү жок, коркок болуп калат деген ырым сакталган. Мээни акылдуу болуп өссүн деп неберелерге, жамбашты эркекке, ал эми куймулчакты эркек конокко тартышат.

ДИНИ

Хакастардын канча бир бөлүгү христиан динин тутунушат. Бирок шаманизм да сакталып калган. Бул диндегилер тоо-ташка, Умай энеге, жаныбарлардын пирлерине, өздөрү ыйык деп санашкан ак кайыңга сыйынышат. Учурда Хакасияда курмандык чалып, сыйына турган 200дөй жер бар.

Илгери хакастар чоң адамдарды жерге көмүшсө, ымыркайларды дарактардын коңулдарына коюшкан, ал эми шамандарды токойдогу бийик даракка жыгачка таңып асып коюшкан. Учурда маркумду акыркы сапарга узатуу, жерге берүү орустардын жөрөлгөсү сыяктуу.

Шамандар адамдарды чөп-чарлар менен айыктырып, ыйык жерлерге сыйынууга алып барышат.

Аска-таш беттеринде тартылган сүрөттөрдүн (петроглиф) саны 120 миңдин тегерегинде.

МАЙРАМДАРЫ, МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАРЫ

Майрамдарга абдан бай.

Тунпайрам мал төлдөп, айран уютула баштаган кезге туура келет. Муну “Биринчи айран майрамы” деп да аташат. Андан тышкары үрөн себүү башталарда Урен хурты (Үрөн курту) белгиленет. “Сепкен үрөндөрүбүздү Үрөн курту жок кылбасын, түшүмүбүз көп болсун” дешет.

Уртун тойы (түшүм тою) түшүм жыйналып бүткөндө майрамдалат. Бул күнү жетим-жесирлерге жардам берилет.

Музыкалык аспаптарына чатхан (узун жыгач бетине кыл тагылган аспап. Тизеге коюп ойнолот), пыргы (сурнайга окшош), хомус (ооз комуз) жана башкалар кирет. Хомус айрым учурда варган деп да аталып жүрөт.

УЛУТТУК ТАМАКТАРЫ

Хыйма (бизче чучук). Жылкынын чийки этине ич майын, пияз, калемпир-мурч кошуп аралаштырып, ичегиге салып, сүрсүтүп жешет.


Потха (ботко, буламык).
Казанга каймакты же сары майды салып, үстүнө унду кууруйт. Анан ысык суу куюп, даяр болгондо чыгарышат. Ундун ордуна талканды колдонсо да болот.

ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАРЫ

Ырым-жырымдары көп. Айрымдарынан мисал келтирсек.

• Бирөөгө кийимдерин берип жатып, топчусун алып калышат. Болбосо бакыт кошо кетип калат дешет.

• Кыздар ээгин таянып отурбайт. Бактысыз болуп калат деген ырым.

•Ыйык жерлердеги тал-теректерге ырымдап чүпүрөк байлоо салты сакталып келет.

•Кийимдин жакасында адамдын жаны уялайт дешип, жаканын айрылып калышына мүмкүн болушунча жол беришпейт.

КИЙИМДЕРИ

Аялдары ачык түстөгү матадан көйнөк (көгенек) тигип кийишет. Эркектеринин көйнөгү ир көгенек деп аталат. Ички ыштан (трусы) ыстан, ал эми шымды чанмар дешет. Эркектери хур (кур) курчанат. Жаныбарлардын терисинен жасалган бөрк (пөрик) кийишет.

ҮЙҮ

Илгери көчмөн убакта кырлары чыккан боз үйлөрдө (тирмелиг иб) жашашкан. Тирме бизче канат дегенди билдирет. Мисалы, 5 тирме үй – 5 канаттуу үй.

19-кылымдан тарта боз үйлөрдүн ордун жыгач боз үйлөр (агас иб) ээлей баштаган. Булардын сөөгү жыгач, кырлары чыгып турат.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aliya-leyla
2019-04-22 10:11:26
Суйлошо келсен тилдери биздикине абдан окшош. Бизде 5-6 хакас Кыз окуган. Бирок экоо эле суйлой алат эле калганы Бут орусча
+2
Shahrizaada
2019-04-22 12:08:47
Абакан шаары деле кыргыздын баатырынын атына коюлган. Жоокерчилик заманда ошол жакта каза болгону учун Хакасиялык кыргыздар Абакан аймагы деп атап калышкан. Акман, Абакан, Дашман деген уч бир тууган баатырлардын биринин ысымын алып журот. Эми эле орусташып, булар кыргыздан чыккан улут экенин унутуп, бизди мигрант катары кабыл алып калышты .И фамилияларында да кыргыс, кырк кыз денен ысымдар коп кездешет.
+5
Paprikafm
2019-04-22 16:16:56
Чыныгы кудай турса, эмнеге ак кайыңга,ташка, уйга сыйынышат тооба
+5
№ 859, 18-24-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан